Мухтар Магауин: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
36-сап:
== Кесиптештеринин баасы ==
 
Кыргыз эл акыны [[Рыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)|Акбар Рыскулов]] Мухтар Магауин Борбор Азия элдеринин адабиятында өз аты бар сүрөткер дейт:
 
- ''Бул киши 18-кылымдагы, 17-кылымдагы кыргыз-казак тарыхындагы эң оор, мүшкүл кезеңдерден, калмак, ойрот, жоңгор хандыгы менен чабыш мезгилдеринен бир топ кызыктуу чыгармалардан берди. Мухтар ага “Казак тарыхынын алиппеси” деген китеп жазып, казак хандыгынын адепки чыңгызийлерден башталган учурларынан бүгүнкү күнгө чейинки, учурга чейинки тарыхты ирээттөөгө аракет көрдү. Мен "Ала-Тоо" журналында иштеп жүргөн кезимде Мухтар ага "Жылдыз" журналын бир топ жетектеди. Бишкекке келип, "Ала-Тоонун" кызматкерлери менен жолугуп, айрым бир юбилейлерге катышып жүргөнү эсимде''.
43-сап:
Мухтар Магауин казак адабиятында, казак гана эмес Орто Азия калктарынын адабиятында, балким, түркий калктардын адабиятында өз аты, өз ысымы бар чоң сүрөткер.
 
Магауиндин чыгармалары казактар менен катар түркмөндөр үчүн да баалуу дейт, түркмөн жазуучусу Худайберди [[Халлы, Худайберди|Худайберди Халлыев]]:
 
- ''Мухтар агай кең талаада жашаган элдин турумушун, кулк-мүнөзүн сүрөттөп, элибиздин тарыхын чагылдырып жүрөт. Тарыхыбыздын айрым барактарынан көпкө чейин дээрлик беймаалым болуп келдик. Мисалы, 30-жылдардагы ачарчылык жөнүндө көп айтылчу эмес. Совет өкмөтү элдин мал жандыктарын тартып алуу жарянын баштап, көптөгөн казактар, түркмөндөр кырылган. Биз ошол ачарчылык жөнүндө Мухтар Магауиндин китептеринен билдик. Ага чейин антип жазышчу эмес''.
 
Ушу тапта Магауин [[Чехия]]нын борбору [[Прага шаары]]нда менен Карловы Вары шаарында жашайт.
 
Жакында жарык көргөн “Жармак” (“Жарты”) романында да автор калк тагдыры жана тарыхы, эгемен Казак мамлекетинин келечеги жөнүндө ой жүгүртөт.