Мухтар Магауин – Казакстандын эл жазуучусу, орто кылымдардагы казак фольклордук мурасынын жана тарыхынын изилдөөчүсү, публицист.

Казакстандын эл жазуучусу, орто кылымдардагы казак фольклордук мурасынын жана тарыхынын изилдөөчүсү, публицист Мухтар Магауин. Прага шаары, Чехия. 2008-жылдын 31-августу.

Кыскача өмүрбаян маалыматы түзөтүү

1940-жылы 2-февралда Казакстандын Семей облусуна караштуу Чубар-Тоо ооданында туулган.

1962-жылы Алматыдагы Казак мамлекеттик университетин (азыркы Фараби атындагы Казак улуттук университетин), 1965-жылы аспирантураны аяктаган.

“Казак адабияты” («Қазақ әдебиеті») гезитинин сын бөлүмүн жетектеп турган.

Бир катар повесттерин жарыялаган соң, 1971-жылы туңгуч романы "Көк мунар" жарыкка чыккан.

Совет доорунда жаңыдан таанылып келе жаткан окумуштуу жана жазуучунун орто кылымдардагы казак поэзиясынын орошон мурасы тууралуу иликтөөлөрү 1973-жылы белгилүү советолог (совет таануучу) Эдуард Олворс (Edward Allworth) мырзанын редактордугу астында чыккан "Советтик Борбордук Азиядагы улут маселеси" аттуу жыйнакта өзгөчө сөзгө алынган, бирок бул китептин калыс баасы советтик цензорлор тарабынан Магауинге "улутчул" жардыгын тагууга өбөлгө болгон.

Жазуучу, ошентип, ачыкка чыкпаган "кара тизмеде" калган, анын сырын аткаминерлер Казакстан эгемендик алган соң гана ачыкташкан.

1990-1991-жылдары "Сары казак" романын, көп өтпөй "Казак тарыхынын алиппеси" тарыхый баянын (1993), "Кыпчак аруусу" (2004), "Кешик баш - тирүү тулуп икаясы" (2005) сыяктуу романдарын жазды.

2002-жылы анын чыгармалар жыйнагы он үч томдук болуп жарыкка чыккан.

Ушул тапта анын көп томдуу чыгармалар жыйнагынын жаңы чыгарылышы басмага даярдалды.

Жазуучу басмаканада, илимдер академиясында эмгектенип, 20 жылдай "Жылдыз" деген журналдын башкы редактору болуп турду.

1997-жылы Магауин Түрк жазуучуларынын жана маданий ишмерлеринин эл аралык сыйлыгына татыган.

Түрк элдеринин алдында сиңирген эмгеги үчүн сыйлыкты ага Түркиянын ошол кездеги президенти Сулейман Демирел тапшырган.

Жазуучулуктан тышкары ал котормочулук менен алектенип, Конфуцийди, Сомерсет Моэмдин аңгемелерин, Генри Райдер Хаггарддын “Соломон падышасынын кендери” романын казакчага которгон.

Кесиптештеринин баасы түзөтүү

Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов Мухтар Магауин Борбор Азия элдеринин адабиятында өз аты бар сүрөткер дейт:

- Бул киши 18-кылымдагы, 17-кылымдагы кыргыз-казак тарыхындагы эң оор, мүшкүл кезеңдерден, калмак, ойрот, жоңгор хандыгы менен чабыш мезгилдеринен бир топ кызыктуу чыгармалардан берди. Мухтар ага “Казак тарыхынын алиппеси” деген китеп жазып, казак хандыгынын адепки чыңгызийлерден башталган учурларынан бүгүнкү күнгө чейинки, учурга чейинки тарыхты ирээттөөгө аракет көрдү. Мен "Ала-Тоо" журналында иштеп жүргөн кезимде Мухтар ага "Жылдыз" журналын бир топ жетектеди. Бишкекке келип, "Ала-Тоонун" кызматкерлери менен жолугуп, айрым бир юбилейлерге катышып жүргөнү эсимде.


Мухтар Магауин казак адабиятында, казак гана эмес Орто Азия калктарынын адабиятында, балким, түркий калктардын адабиятында өз аты, өз ысымы бар чоң сүрөткер.

Магауиндин чыгармалары казактар менен катар түркмөндөр үчүн да баалуу дейт, түркмөн жазуучусу Худайберди Халлыев:

- Мухтар агай кең талаада жашаган элдин турумушун, кулк-мүнөзүн сүрөттөп, элибиздин тарыхын чагылдырып жүрөт. Тарыхыбыздын айрым барактарынан көпкө чейин дээрлик беймаалым болуп келдик. Мисалы, 30-жылдардагы ачарчылык жөнүндө көп айтылчу эмес. Совет өкмөтү элдин мал жандыктарын тартып алуу жарянын баштап, көптөгөн казактар, түркмөндөр кырылган. Биз ошол ачарчылык жөнүндө Мухтар Магауиндин китептеринен билдик. Ага чейин антип жазышчу эмес.

Ушу тапта Магауин Чехиянын борбору Прага шаары менен Карловы Вары шаарында жашайт.

Жакында жарык көргөн “Жармак” (“Жарты”) романында да автор калк тагдыры жана тарыхы, эгемен Казак мамлекетинин келечеги жөнүндө ой жүгүртөт.

Ал эми калемгердин "Чыңгыз-хан" ("Шыңғыс хан және оның заманы. Деректі тарихи хикая. 1-том. Туған жұрт") романында Ички жана Борбордук Азиянын түрк-монгол калктарынын тарыхынын барактары талданат. 2011-жылы төрт томдук романдын алгачкы тому жарык көрдү.

Чыгармалары жана жыйнактары түзөтүү

  • Мағауин, Мұхтар. Шыңғыс хан және оның заманы. Деректі тарихи хикая. 1-том. Тұған жұрт. - Алматы: ЖШС РПБК "Дәуір", 2011. - 608 б. - ISBN 978-601-217-246-1.
  • «Жармак (Жарты)»
  • «Казак тарыхынын алиппеси»
  • «Кобыз күүлөрү»,
  • «Кобыз жана найза»
  • «Кыпчак аруусу»
  • «Шахан-Шер»
  • «Казак ордосу» тарыхый китеби.

Сыйлыктары түзөтүү

  • Түрк жазуучуларынын жана маданий ишмерлеринин эл аралык сыйлыгынын ээси (1997)
  • Казакстандын Абай атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреты.

Ал тууралуу адабият түзөтүү

  • Халлы, Худайберди; Чоротегин, Тынчтыкбек. Өмүр – аккан суу: Нургүл Эсенкул кызы Дыйканалиеванын элесине арналат: Эссе, макалалар, эскерүүлөр, термелер / Жооптуу редактор, баш сөз жазган, эскерүүлөр топтомун, тиркемени, сүрөттөрдү даярдаган жана түркмөнчө тексттен кыргызчага которгон Тынчтыкбек Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Университет» басмаканасы, 2013. - 204, XII б., сүрөттөр. - ISBN 978-9967-02-932-3.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү