Жоон-Арык капчыгайы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Жоон-арык капчыгайы''' – Ички Теңир-Тоодогу антецеденттик капчыгай. Үкөк жана БабаАтаБаба Ата тоолорун кесип, меридиан багытында 45 кмге созулуп жатат. [[Кочкор району|Кочкор районунун]] аймагында. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1900–2100 м, туурасы 200–300 м. Капталдары бийик (300–800 м), тик (45–65°). Капчыгай аркылуу Чүй дарыясынын башы – Жоон-Арык суусу агат. Капчыгай палеозойдун сланецтери менен кумдуктарынан түзүлгөн. Түндүгү кууш, зоокалуу, гранит теги жер бетине чыгып жатат, түштүгү кенен, таманы кашаттуу. Кээ бир жери – кууш шаңшаар. Капчыгайга бетеге, шыбактуу жарым чөл жана кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүн Нарын облусу менен байланыштыруучу автомобиль жолу өтөт. Ошол эле жолдун тарамдары Кочкор өрөөнүн Кара-Кужур, Төлөк өрөөндөрү менен байланыштырат.
==Колдонулган адабияттар==
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
 
[[Категория:География]]
[[Категория:Кыргызстан]]