Динара тайпак тоосу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Динара тайпак тоосу''' - Балкан жарым аралында. Узундугу 650 кмдей, туурасы 230 кмге чейин. Орто бийик тоолор басымдуу, эң бийик жери 2692 м (Түндүк Албания Альп тоосундагы Езерца чокусу). Негизги кырка тоолору жана массивдери (Велебит, Динара, Дурмитор, Копаоник жана башка) Түндүк-батыштан Түштүк-чыгышка карай Адрия деңизин жээктей созулуп жатат. Түндүк-батыш бөлүгү [[акиташ]] тоотегинен түзүлүп, карст кубулушу өтө өөрчүгөн, чыгышындагы тоолор негизинен сланец жана акиташ тоо тектеринен турат. Жер ортолук деңиз бадалы, эмен-бук жана ийне жалбырактуу токой, тоолуу талаа өсүмдүктөрү жана дайыма жашыл бадалдар өсөт. Боксит, күрөң көмүр, темир, жез, калай жана башка кендери бар.
==Колдонулган адабияттар==
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:География]]