Бөйрөк ишинин начарлашы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
→‎Оорудун себептери: ката жазылып калган эекен
14-сап:
Анын белгилери оорунун себебине жараша болот. Мисалы, криминалдык аборт, бөйрөктүн ириңдүү оорусу, жылан, кара курт жана башка уусу менен жапа чеккенде дененин ысышы, чыйрыгуу, кубаруу, тырмактын учтары, ээк көгөрүп, арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин деле саргайып, кандын басымы төмөндөйт; оорулуу эс-учун жоготушу да ыктымал. Оорулуунун абалы оңоло баштаганда зааранын бөлүнүп чыгуусу акырындык менен көбөйө баштайт (бир күндө 500—600 мл), 2—3 күн өткөндөн кийин 1800—2000 лден ашык заара бөлүп чыгат.
 
== ОорудунОорунун себептери ==
 
Бөйрөк ишинин начарлашынын өнөкөт түрүн бөйрөктүн узакка созулган (3—10 жылга чейинки) оорулары (гломерулонефрит, пиелонефрит, бөйрөктүн таш жана кургак учук оорулары, гидронефроз жана башка) дуушар кылат. Өнөкөт оорулар акырындык менен бөйрөктүн иштешин бузат. Эки бөйрөктүн тең ишинин начарлашы өнөкөт оорудан кийин акырындык менен канда уу заттар көбөйүп уремияга алып келет. Бардык органдарда: нерв, угуу, көрүү системасында, өпкө-жүрөк, ичеги-карын, боордо өтө оор өзгөрүүлөр пайда болот.