Бөйрөк ишинин начарлашыбөйрөктүн функцияларынын өтө катуу бузулушу. Мында бөйрөктө кан айлануу бузулуп, сийдикти бөлүп чыгаруу начарлайт да организмде уулуу заттар көбөйүп, кислота-жегич, суу-электролит балансы өзгөрөт.

Бөйрөк

Бөйрөк оорунун түрү түзөтүү

Катуу кармаган жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармоочу түрү көбүнчө 20—40 жаш куракта көп жолугат. Бөйрөк ишинин начарлашына канды көп жоготуп, кан басымынын кескин төмөндөшү, шок, бөйрөк же аорта кан тамырларында кан уюп калуу, узак убакытка ич өтүп же тынымсыз кусуу, дененин катуу күйүшү, заара айдама дарыларды узакка ичүү алып келет. Ошондой эле ар түрдүү уу заттар менен уулануудан (бөйрөк ткандары өтө сезгич келип, чөйчөк сымал капсулалары, заара каналчалары сезгенип, шишип, жараланып, чирий баштайт), бөйрөктүн ириңдүү сезгенүү ооруларынан, бөйрөк түтүгүн таш тосуп же заара жолдорун шишик басып кокусунан бөйрөк түтүгүнүн бүтөлүп калышынан болот. Катуу кармаган түрү өтүшү боюнча төрт стадияга бөлүнөт:

  • оорунун башталышы,
  • зааранын азайышы же бөлүнүп чыкпай калышы (анурия),
  • зааранын кайрадан (бир суткада 1,5—2,0 л) калыбына келиши,
  • оорулуунун айыгуусу.

Анын белгилери оорунун себебине жараша болот. Мисалы, криминалдык аборт, бөйрөктүн ириңдүү оорусу, жылан, кара курт жана башка уусу менен жапа чеккенде дененин ысышы, чыйрыгуу, кубаруу, тырмактын учтары, ээк көгөрүп, арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин деле саргайып, кандын басымы төмөндөйт; оорулуу эс-учун жоготушу да ыктымал. Оорулуунун абалы оңоло баштаганда зааранын бөлүнүп чыгуусу акырындык менен көбөйө баштайт (бир күндө 500—600 мл), 2—3 күн өткөндөн кийин 1800—2000 лден ашык заара бөлүп чыгат.

Оорунун себептери түзөтүү

Бөйрөк ишинин начарлашынын өнөкөт түрүн бөйрөктүн узакка созулган (3—10 жылга чейинки) оорулары (гломерулонефрит, пиелонефрит, бөйрөктүн таш жана кургак учук оорулары, гидронефроз жана башка) дуушар кылат. Өнөкөт оорулар акырындык менен бөйрөктүн иштешин бузат. Эки бөйрөктүн тең ишинин начарлашы өнөкөт оорудан кийин акырындык менен канда уу заттар көбөйүп уремияга алып келет. Бардык органдарда: нерв, угуу, көрүү системасында, өпкө-жүрөк, ичеги-карын, боордо өтө оор өзгөрүүлөр пайда болот.

Өз учурунда диспансердик учётко алынып, дарыланып жүргөн оорулууларда бир нече жылга чейин бөйрөк иши начарласа да, ал 3—4 стадияга өтүп кетпейт. Бирок оор жумуш жасоо, диетаны сактабоо, ичкилик ичүү, ар түрдүү жугуштуу оорулар бөйрөккө күч келтирип, уремияны чакырышы мүмкүн. Оорулуу алсырап, бат чарчайт, ишке жөндөмдүүлүк жоголот, баш ооруйт, окшуп, кусат, тамак ичүү начарлайт, арыктайт, бет, көздүн алды агыш тартып тери кургап, түлөйт. Колу-буттун күчү кетип, кол калтырап, сөөк, муун сыздап ооруйт. Кан менен зааранын составы өзгөрөт. Канда шлактар — уу заттар (азот, мочевина, креатинин) 2—3 эсе көбөйүшү мүмкүн.

Дарылоо түзөтүү

Дарылоо оорунун түрүнө, стадиясына жараша жүргүзүлөт: диетаны сактоо, калориялуу, витаминдүү тамак сунуш кылынат. Катуу кармоочу түрүн дарылоодо, эгерде заара жолдорун таш тосуп калса жана башка учурда тезинен операция жасап, зааранын чыгышын калыбына келтирүү керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8