Патрис Лумумба: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Лумумба Патрис Эмери''' (2. 7. 1925, Касан провинциясы, Оналуа – 17. 1. 1961, Катанга провинциясы) – конголук саясий жана коомдук ишмер. [[Конго Республикасы|Конго Республикасынын]] улуттук баатыры (1966). Лумумба акын катары да белгилүү. Католик миссионерлер мектебин, Антверпен университетинин юридикалык факультетин бүткөн. 1950-жылдан саясатка катыша баштаган. Көз карандысыздык үчүн күрөшкөн Конго улуттук кыймылы партиясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси (1958). Бельгиялык Конгого көз карандысыздык берүүнү чечкен Брюсселдеги (1960, янв.– февр.) «Тегерек стол» конференциясына катышкан. 1960-ж. июндан Конго Демократиялык Республиканын 1-премьер-министри болуп иштеген. Нечен ирет куугунтукка алынган. 1960-ж. сентябрда Конго кризисинин жүрүшүндө камакка алынып, Катангада (азыркы Шааба) мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. 2002-ж. акталып, өкмөт Лумумбанын өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнөн жана конго элинен расмий түрдө кечирим сураган. 1961–92-ж. Москвадагы Эл достугу университети Лумумбанын ысымы менен аталган.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
[[Категория:География]]
[[Категория:Кыргызстан]]