Aуpaнгaбад: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
 
1-сап:
'''Aуpaнгaбад''' - [[Индия|Индиянын]] борбордук бөлүгүндөгү шаар. Махараштра штатында. Калкы 1,1 млн (2005). Декан бөксө тоосунун түндүк-батышында жайгашкан. Алгач Кхирхи (санскритче - «терезе») аталып, 1610-жылы негизделген. Азыркыча Улуу Моголдордун акыркы императору Аурангзебдин урматына аталган. 17-кылымдын архитектуралык эстеликтери (анын ичинен Биби-ка-Макбара мавзолейи, Шах-Ганж мечити) сакталган. Шаарга жакын Аурангзебдин күмбөзү жайгашкан. Кебез жана жибек кездемени кол менен токуучу өндүрүшү бар. Туристтик борбор. Ажанте жана Эллор храмдарына маршруттар Aуpaнгaбаддан башталат.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Индия]]
[[Категория:Туристтик борборлор]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Aуpaнгaбад" булагынан алынды