Балтика деңизи: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Балтика деңизи''' - (байыркы славянча Варяг деңизи) [[Атлантика океаны|Атлантика океанындагы]] материкке кирип жаткан [[деңиз]], Түндук жана Ортоңку Европанын жээктерииде. Россия Федерациясы, Латвия, Польша, Германия, Дания, Швеция жана Финляндия өлкөлөрү менен чектешет. Аянты 419 миң км<sup>2</sup>. Дания кысыктары аркылуу Түн. деңиз менен туташат. Көлөмү 21,5 миң км<sup>3</sup>.''' Материктик тайыздыкта жайгашкан, басымдуу терендиги 40100 м, эң терең жери 470 м. ТүндукТүндүк жээги аскалуу, негизинен шхер жана фьорд тибинде, түштүгү жана түштук-чыгышы ойдуңдуу, кумдуу, лагуна тибинде. Жээги булуң-буйткалуу, эң терең булуңдары: Ботния, Финн, Рига, Курш, Щецин, Гдань. Аралдары: Аланд, Моонзуид, Борнхольм, Готланд, Эланд, Сааремаа, Хийумаа, Рюген. Балтика деңизине Нева, Батыш Двина (Даугава), Неман, Висла, Одра ж. б. дарыялар куят. Орточо температурасы кышында 1-3°С, жээгинде 0°Сден төмөн, жайында 18-20°С. Туздуулугу батышында 11%о, борбор бөлүгүндө 6-8%о. Булуңдарында жана жээктеринде муз 16-45 күндөн (Дания кысыктары) 210 күнгө чейин (Түндүк Ботния булуңу) жатат. Шамалдын жана өзгөрүлмөлүү аба басымынын таасиринен деңиз деңгээлинен 1,5-3 м ге көтөрүлүп, булуңдарда суу ташкындайт (мисалы, Нева колтугунда). Суткасына эки жана бир жолу ташкындайт (0,04 м ден 0,1 м ге чейин). Балык (негизинен килька, салака, балтика трескасы) кармалат. Волга Балтика суу жолу аркылуу Волга, Ак деңиз Балтика каналы аркылуу Ак деңиз менен туташат. Антропогендик таасирден экология абалы начарлап кеткен. Негизги порттору: Санкт-Петербург, Таллин, Рига, Лиепая, Калининград, Клайпеда, Гданьск, Гдыня, Щецин, Росток, Любек, Киль, Копенгаген, Мальмё, Стокгольм, Лулео, Турку, Хельсинки, Котка. Жээгинде Сопот, Юрмала, Лиепая, Колобжег, Устка, Херингсдорф ж. б. белгилүү курорттор жайгашкаи.'''Б. Мудаева.'''
==Колдонулган адабияттар==
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
[[Категория:География]]
[[Категория:Деңиздер]]