Аэростат: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Аэростат''' (аэро... жана грекче statos - кыймылсыз) - газ өткөрбөс кабыкка (ар кандай формадагы) тыгыздыгы абадан аз газдарды ([[суутек]], гелий, ысытылган аба) толтурганда пайда болгон аэростатикалык көтөрүү күчүнүн жардам менен учуучу жеңил аппарат. Аэростаттын башкарылуучу (дирижаблъ), эркин (стратостат) жана байланма түрлөрү бар.
==Эркин аэростат==
Атмосфераны, астрономиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, аппаратуралар менен жабдууларды сыноодо, ошондой эле спортто, көрнөк-жарнакта, чалгындоо иштеринде жана башкаларда колдонулат. Арналышына жараша экипаждуу жана экипажсыз, алыс же кыска аралыкка учуучу болуп айырмаланат. Эркин аэростат демейде шар формасындагы жумшак кабыктан турат, ага тор же стропа аркылуу гондола бекитилет. 7-12 кмге көтөрүлүүчү ачык гондолалуу аэростат субстратостат, стратосферага көтөрүлүүчү, башкарылуучу, жылчыксыз гондолалуу жана автоматтык аэростат стратостат деп аталат. Башкарылуучу эркин аэростат асты жагынан ачык, башкарылбоочусу ачык да, жабык да жасалат. Ачык кабыктуу аэростатта көтөрүүчү газдын ашыгы тешик аркылуу чыгып, анын массасын азайтат. Шар-зонд резина кабыкта жана радиозонддо көтөрүүчү газдын басымы резина кабыкты чоюп, аэростаттын көлөмү 60300 эсе чоңоет, ал 45-48 км бийиктикке көтөрүлүүгө мүмкүндүк берет. Анын кабы полимер пленкадан жана кездемепленкадан жасалып, бир гана жолу пайдаланылат. Көлөмү 15-100 миң м<sup>3</sup>. Жылуу аба толтурулуучу спорттук аэростаттын кабы бышык, ысыкка чыдамдуу материалдан жасалат. Ал көп жолу пайдаланылат.
6-сап:
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
 
[[Категория:Аэростаттар]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Аэростат" булагынан алынды