АКШдагы жарандык согуш: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей |
No edit summary |
||
1-сап:
'''АКШдагы граждандык согушу (1861-65)''', - Америка революциясы - [[АКШ|АКШнын]] түндүк жана түштүк штаттарынын ортосунда болгон согуш. Өлкөнүн ичиндеги түзүлгөн эки карама-каршылыктуу коомдук системадан улам келип чыккан. АКШнын түштүгүндө кулчулукка негизделген айыл чарба тармагы күчтүү өнүксө, түндүгүндө өнөржайлары алдыга озуп кеткен. Түштүк штаттардын плантаторлору кулчулукту сактап калууну жана келечекте АКШны бирдиктүү кул ээлөөчү державага айландырууну көздөшкөн жана алар АКШнын курамынан өз алдынча мамлекет катары бөлүнүп чыгууга умтулушкан. Ал эми Түндүк штаттарда 19-кылымдын орто ченинде кулчулукту жоюуга багытталган кыймыл башталат (к. Аболиционизм). Республикалык партиянын көрүнүктүү лидери А. Линкольндун 1860-жылдардагы президенттик шайлоодо жеңишке жетиши кул ээлөөчүлөрдүн бийликтен ажырашына алып келген. 1861-ж. февралда түштүктө Конфедерация түзүлүп (буга 34 штаттын 11 штаты бириккен), жарандык согушка даярдык көрүлөт. 13-апрелде Түштүктүн кул ээлөөчүлөрү козголоң чыгарып, Чарлстон булуңундагы Самтер фортун басып алышы менен АКШда 4 жылга созулган граждандык согуш башталган. Түндүктө өнөржай потенциалынын жана калктын санынын арбындыгына (22 млн, ал эми Түштүктө 9 млн, анын ичинде 4 млн негр кулдар болгон) карабастан, Түштүктө тажрыйбалуу офицерлер курамы, куралдардын запасы болуп, согушка даярдыгы бир кыйла күчтүү болгон. Согуштун 1-этабында (1861-62) Түндүк жеңилип, согуш создугуп кетет. 1862-ж. өлкөнүн конгресси согушту революциячыл жол менен жүргүзүү чараларын көрө баштайт. Бул максатта кабыл алынган Гомстедакт жөнүндөгү мыйзам боюнча АКШнын 21 жашка толгон жана Түндүккө каршы согушка катышпаган ар бир жараны 10 доллар төлөп, коомдук фондудан 160 акр (65 га) жер алуу укугу белгиленген. Аны иштеткен, ошол жерде жашаган адамга 5 жылдан кийин ал жер акысыз берилген. 1863-ж. 1-январда кулдардын азаттыгы тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин плантаторлор менен янкилердин (түндүктөгүлөр) согушунун максаты кулдарга
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Тарых]]
|