Борбаштар: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Борбаштар''' (Laniidae) сайроочу таранчы сымалдар түркүмүнүн тукуму. Башы чоң, тумшугунун үстүңкү учу алгыр куштардыкындай төмөн ийилип, быдырлуу, куйрук чалгындары узун. Уясын көбүнчө бадалдарга жана даракка салып, 4-6 чаар жумуртка тууйт. Борбаштардын туруктуу жашоочу жана келгин түрлөрү бар. Жер шарында 72 түрү таралган. Жашаган жерлерине карай алардын түсү ар кандай: тропиктеги борбаштар кызыл, жашыл, сары; мелүүн алкакта кара, күрөң. КМШ өлкөлөрүндө 9, Кыргызстанда 4 түрү жашайт. Борбаштар токой жана айыл чарба зыянкечтерин кырып, пайда келтирет.
==Колдонулган адабияттар==
*«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
{{Bio-stub}}
[[Категория:Биология]]
|