Араб өлкөлөрүнүн лигасы: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей |
(Айырма жок)
|
3 июль 2015, саат 03:17 учурдагы нуска
Араб өлкөлөрүнүн лигасы, жамиат ад-дууалаль-арабия - араб мамлекеттеринин өз ара карым-катнашын чыңдоо, саясий аракеттерин координациялоо, көз каранды эместигин, суверенитетин жана жалпы эле араб өлкөлөрүнүн таламдарын коргоо максатында түзүлгөн уюм (22. 3. 1945, Капр). Анын мүчөлөрү: Египет, Ирак, Сирия, Ливан, Иордания, Сауд Аравиясы, Кувейт, Катар, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Йемен, Лвия, Судан, Алжир, Тунис, Марокко, Мавритания, Сомали, Жибути жана Палестина автономиясы. Уюмдун жогорку органы - Лиганын Кеңеши (ага уюмга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылары, премьер-министрлери же ыйгарымдуу өкүлдөрү кирет), аткаруу органы - Генералдык секретариат. Штаб-квартирасы - Каир шаарында жайгашкан. Расмий тили - араб тили.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы”: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1