Ампир: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
 
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
 
1-сап:
'''Ампир''' (французча empire – империя) – 19-кылымдын 1-чейрегиндеги архитектура жана жасалга өнөрүндөгү колдонмо стиль, классицизмдин акыры. Императорлук Римдин, грек архаикасынын, Байыркы Египеттин көркөм мурасына таянган келишимдүү монументтик бөтөнчө формалар жана жасалгалар (аскер эмблемалары, оймо-чийме) мамлекеттик күч-кубаттуулукту жана аскердик күчтү көрсөтүү максатында кызмат кылган. Ампер стили Наполеон 1нин империясынын мезгилинде Францияда пайда болуп, мемориал архитектурасы жана сарай интерьерлеринин шаңдуулугу менен айырмаланган (архитекторлор Ш. Персье, П. Фонтен). Бир катар өлкөлөрдө ал наполеондук согушка каршы күрөштө жеңип алган мамлекеттик көз карандысыздыктын идеясын билдирген. Шаар куруунун, коомдук курулмалардын, шаардык жана чарбак үйлөрдүн (архитекторлор. А. Д. Захаров, А. Н. Воронихин, К. И. Росси, В. П. Стасов), монумент скульптуранын (И. П. Мартос, Ф. Ф. Щедрин) классикалык үлгүлөрүн берген орус Ампер да улуттун энчиси болуп калды.
'''Ампир '''(французча  empire – империя) – Европа өлкөлөрүндөгү архитектура, жасалга-колдонмо жана көркөм сүрөт  искусствосундагы  стиль, классицизм эволюциясынын жыйынтыктоочу фазасы. А-дин чыгармачыл ой жүгүртүүсү менен эргүүсүнүн негизги булактары – бул Байыркы Греция архаикасынын көркөм искусствосу менен императордук Римдин көркөм искусствосу, ошондой эле Байыркы Египет маданияты. Байыркы антик дүйнөсүнөн А. бир жагынан монументалдуулук менен лаконизмди, экинчи жагынан көптөгөн атрибут жана символдор аркылуу империялык шаңдуулукту бекемдеген идеяларды алган. А. архитектурасында көлөм геометризми менен дубалдын жылмакайлыгын билдирген, дорида жана тоскан ордерлеринин массивдүү (көлөмдүү) портиктери кеңири тараган, ал эми имараттардын жасалгасы (декору) көп учурда келип чыгышы менен негизинен Римге таандык аскердик атрибутикага (геральдикалык бүркүттөр, венок, соот-шайман, ликтордук тизмектер ж. б.) жык толгон. Байыркы Египет көркөм искусствосунун пластикалык өзгөчөлүктөрү А. усталарына пилон менен колонналардын көлөмдүүлүгүн, имараттардын бүтүн көлөмдүү геометриялык тууралыгын, дубалдардын майда бөлүкчөлөргө бөлүнбөгөн, чоң үстүңкү беттерин пайдаланууга түрткү берген. А. усталары ошондой эле сфинксти сүрөттөөгө негизги орун берилген байыркы Египеттик жана орнамент менен символдорго кайрылышкан. Ошону менен бирге А-дик форма түзүү структурасында кээ бир жаңылыктар байкалат. Буга имараттардын (фасадынын) бет маңдайынын шаарга ылайык ролун күчөтүү, дубалды чоң көлөмдүн кырлары катары гана эмес, ошондой эле ансамблдин гармониялуулугу менен симметриялуулугун камсыз кылган жалпак тосмо катары да пайдалануу кирет (мис., Санкт-Петербургдагы Башкы штабдын имаратынын аркасы жана анын Мойка көчөсүндөгү бурчу. 1819–1829, архитектор К. И. Росси). А. архитектурада XVIII–XIX к-дар чегинде, Францияда, улуу француз рев-ясынын доорундагы чебер усталар менен Клод-Никола Ледунун долбоорлорунда калыптанган. Андан сырткары А. Байыркы Рим жана Египет жасалгаларына окшош, кара-күрөң жыгач менен алтын жалатылган коло жасалганын айкалышып, эмерек жасоодо (Францияда Франсуа Жакобдун буюмдары, Россияда К. И. Росси, А. Н. Воронихиндин долбоорлору б-ча жасалган эмеректе) көрүнөт.
[[Категория: Архитектура]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Кыргыз“Кыргызстан” сүрөтулуттук искусствосуэнциклопедиясы]]: Энциклопедиялык1-том. окууБашкы ред. Асанов Ү. А., Б.: куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору., 2006.:, 2004ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Кыргыз сүрөт исскуствосу]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ампир" булагынан алынды