Difference between revisions of "Бруней"

no edit summary
(Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***)
'''Бруней''', Бруней Даруссалам мамлекети – Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Калимантан (Борнео) аралынын түндүгүндө жайгашкан. Түндүгүн Түндүк-Кытай деңизи чулгайт. Калган жактары өлкөнү экиге бөлүп турган Саравак штаты (Малайзия) менен чектешет. Аянты 5,8 миң км<sup>2</sup>. Калкы 401 миң (2011). Борбору Бандар-Сери-Бегаван шаары Мамлекеттик тили малайя тили. Акча бирдиги бруней доллары. Администрациялык-аймактык жактан 4 дистрикке бөлүнөт. Бруней унитардык мамлекет. Шериктештиктин курамында.<br />
 
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2011):
 
{| class="prettytable"
|-
|
Дистрикт
 
|
Аянты,
 
км2
 
|
Калкы,
 
миң
 
|
Администрациялык борбору
 
|-
|
Белайт
 
|
2724
 
|
77,5
 
|
Куала-Белайт
 
|-
|
Бруней-Муара
 
|
571
 
|
253,9
 
|
Бандар-Сери-Бегаван
 
|-
|
Тембуронг
 
|
1304
 
|
10,9
 
|
Бангар
 
|-
|
Тутонг
 
|
1166
 
|
41,4
 
|
Тутонг
 
|}
 
Конституциясы 29-сентябрда 1959-ж. күчүнө кирген. Башкаруу формасы абсолюттук монархия (султандык). Мамлекет башчысы – султан. Мыйзам чыгаруу бийлиги султандын декреттеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Саясий партиялары: Бруней элинин көз каранды эместик фронту жана Бруней улуттук биримдик партиясы.
==Табияты==