Гепатит: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

23 июль 2015, саат 09:02 учурдагы нуска

Гепатит (грек тилинде hepаr боор) – боордун түрдүү этиологиядан пайда болуп, катуу кармаган жана өнөкөт сезгенүү ооруларынын жалпы аты; боордун түрдүүчө дарылоону талап кылуучу сезгениши. Ал пайда кылган себебине жараша впрустук Гепатит биринчилик (вирустуу гепатит) жана экинчилик болуп айырмаланат. Анын катуу кармаган (вирустуу гепатит) жана өнөкөт түрү бар. Боор катуу сезгенгенде алгач адамдын тамак ичкиси келбей, эти ысып, алы кетип, муундары, оң кабыргаларынын асты салмактанып ооруйт. Кийинчерээк оорунун негизги белгиси сарык пайда болот. Боордун өнөкөт оорусу көбүнчө катуу сезгенүү уларып, өнөкөткө айлануудан жана жугуштуу (бруцеллёз, кургак учук ж. б.), мите (эхинококк, описторхоз ж. б.) ооруларынан, уулануудан, кээ бир дарыларды туура эмес ичүүдөн пайда болот. Сезгенүү процесси көпкө созулганда, боор клеткалары өлүп, бириктиргич ткандар өсүп, циррозго алып келет. Боор ишинин бузулушуна жараша оорулуу адамдын боору, көкбоору чоңоёт, эти ысып, териси саргая баштайт. Гепатит жылдап созулат. Мындай оорулууну ооруканада дарылайт, каттоого алынат. Анын алдын алуу үчүн жугуштуу ооруларды туура дарылоо, уулануудан сактануу жана туура тамактануу чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар