Жүлүн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м The file Image:Центральная_нервная_система-Central_nervous_system.jpg has been removed, as it has been deleted by commons:User:Ymblanter: ''[[commons:Commons:Deletion requests/File:Центральная нервна...
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Жүлүн''' (medulla spinalis) — борбордук нерв системасынын бир бөлүгү. Ал диаметри 1 смге жакын цилиндр формасындагы узун жипче. Жүлүн омуртка түркүгүнүн ичиндеги жүлүн каналында жайгашкан. Жүлүн сыртынан мээ кабыгы менен капталган. Жүлүндүн жогорку жагы сүйрү мээге биригет, ал эми төмөнкү учу I—II бел омурткасынын тушунда ичкерип, андан ылдый акыркы жипчелерге айланат. Ал жипчелер II чычаң омурткасынын ички бетине бекийт. Жүлүндүн моюн жана бел көчүк бөлүгү бир кыйла жоонурак келип, андан кол жана бутту нервдештирүүчү жүлүн нервдери башталат. Ошондуктан жүлүндүн бул бөлүктөрүндө анын башка бөлүктөрүнө караганда нерв клеткалары жана нерв талчалары көп болот. Жүлүндүн ортосу боз, ал эми сырты ак заттан турат. Боз заты арткы, алдыңкы, каптал өсүндүлөрдөн жана аралык заттан турат. Бул өсүндүлөрдө көп сандаган нейрон денелери жайгашкан. Бул нейрондор сезүү жана кыймылдатуу ишин аткарат, ошондой эле ички органдар менен тыгыз байланышып, алардан тынымсыз кабар алат жана ишин жөнгө салат. Жүлүндүн боз затынын ортосунан аны узунунан бойлоп узун ичке жүлүн каналы өтөт. Ал жүлүн суюктугу менен толгон. Сырткы катмары (ак заты) сезгич жана кыймылдаткыч талчалардын тобунан турат. Ак заттын нерв талчалары борбордон четтөөчү жана борборго умтулуучу импульстарды өткөрүүчү жал деп аталат. Нормада кишинин жүлүнү 31 сегменттен (бөлүктөн) турат. Жүлүн сегменттеринин саны андан чыгуучу 31 жуп жүлүн нервинин санына барабар. Жүлүн сегменттери: 8 моюн, 12 көкүрөк, 5 бел, 5 куймулчак, 1 чычаң сегменттеринен турат. Жүлүндүн ар бир сегменти дененин белгилүү гана бөлүктөрүн нервдештирет.

[[Категория:Медицина]]
I. [[Моюн нервдери]].

[[Категория:Ден соолук]]
II. [[Көкүрөк нервдери]].

==Колдонулган адабияттар==
III. [[Бел нервдери]].

* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
IV. [[Куймулчак нервдери]].

V. [[Чычаң нервдери]].

1. [[Баш мээ]].

2. [[Аралык мээ]].

3. [[Ортоңку мээ]].

4. [[Варолиев көпүрөчөсү]].

5. [[Мээче]].

6. [[Сүйрү мээ]].

7. [[Каракуш мээ]].

8. [[Моюн жону]].

9. [[Бел жону]].

10. [[Куймулчак (жон мээ)]].]]

'''Жүлүн''' – [[Борбордук нерв системасы]]нын бир бөлүгү.
== Адамдын жүлүнүнүн анатомиясы ==
[[File:Medula.jpg|thumb|Адамдын жүлүнү]]
Диаметри 1 смге жакын цилиндр формасындагы узун жипче. Жүлүн [[омуртка]] түртүгүнүн ичиндеги жүлүн каналында жайгашкан. Жүлүндү ар кандай урунуудан сактайт. Жүлүн сыртынан үч [[Баш мээ|мээ]] кабыгы менен капталган. Жүлүндүн [[узундук|узундугу]] 41-43 см, [[салмак|салмагы]] 34-38 г. болуп, мээнин салмагынын 2% түзөт.
Жүлүндүн жогорку жагы ооз омурткасынын тушунда сүйрү мээге биригет, ал эми төмөнкү учу I – II бел омурткасынын тушунда ичкерип бүтүп, андан ылдый акыркы жипчелерге айланат. Ал жипчелердин узундугу 14-15 см болуп, II чычаң омурткасынын ички бетине бекийт. Жүлүндүн моюн жана бел көчүк бөлүгү бир кыйла жоонураак келип, андан колду жана бутту нервдештирүүчү жүлүн нервдери башталат. Ошондуктан жүлүндүн бул бөлүктөрүндө анын башка бөлүктөрүнө караганда нерв клеткалары жана [[нерв]] талчалары көп болот. Жүлүндүн алдыңкы жана арткы беттеринде узунунан кеткен эки терең жарака бар. Алар жүлүндү симметриялуу оң жана сол бөлүккө бөлөт. Бул алдыңкы жана арткы эки жараканын сырт жагына анчейин терең эмес дагы экиден жарака болуп, алар жүлүндүн алдыңкы жана арткыкаптал жылгалары деп аталат. Бул жылгалардан жүлүн нервдеринин алдыңкы жана арткы тамырлары чыгат.
Жүлүндүн ортосу боз, ал эми сырты ак заттан турат. Боз заты арткы, алдыңкы, каптал өсүндүлөрдөн жана аралык заттан турат. Бул өсүндүлөрдө көп сандаган нейрон денелери жайгашкан. Бул нейрондор сезүү жана кыймылдатуу кызматын аткарат, ошондой эле ички органдар менен тыгыз байланышып, алардан тынымсыз кабар алат жана алардын ишин жөнгө салат. Жүлүндүн боз затынын ортосунан узунунан бойлоп ичке жүлүн каналы өтөт. Бул канал жүлүн суюктугу менен толгон.
Жүлүндүн сырткы катмары сезгич жана кыймылдаткыч [[нейрон]]дун талчаларынын жыш тобунан турат. Бул талчалардын бир тобу жүлүн ичинде өйдө – төмөн өтүшүп, жүлүндүн бир нече сегменттерин бириктирет. Экинчи бир тобу ар кандай сезүүлөрдү жүлүндөн мээдеги сезгич нейрондорго, ал эми мээден жүлүндөгү кыймылдаткыч нейрондорго ташуусу чабарман нейрондорду түзөт. Ал эми нерв талчаларынын үчүнчү бир тобу жүлүндөн чыгуучу жүлүн нервдеринин алдыңкы жана арткы тамырларын пайда кылат. Алдыңкы жана арткы жүлүн тамырлары чыгуучу денгээлде туура келген боз заттын белгилүү бөлүгү жүлүн сегменти деп аталат. Жүлүн сегменттеринин саны андан чыгуучу 31 жуп жүлүн нервдеринин санына барабар. Жүлүн сегменттери 8 [[моюн]] ''(pars cervicalis)'', 12 [[көкүрөк]] ''(pars thoracica)'', 5 [[бел]] ''(pars lumbalis)'', 5 [[куймулчак]] ''(pars sacralis)'' жана 1 [[чычаң]] ''(pars coccygea)'' сегменттеринен турат. Жүлүндүн ар бир сегменти дененин белгилүү гана бөлүктөрүн нервдештирет.

== Жүлүн нервдери ==
Алдыңкы жана арткы жүлүн бутактарынан биригип, кошулушунан түзүлөт. Жүлүндүн 31 сегментинин ар биринде бирден жуп жүлүн нервдери, башкача айтканда 8 жуп моюн, 12 жуп көкүрөк, 5 жуп бел, 5 жуп куймулчак жана 1 жуп чычаң нервдери болот. Жүлүн нервдери негизинен терини, булчуңдарды, муун баштыктарын нервдештирет. Алар сезгич жана кыймылдаткыч нерв талчаларынан турган аралашма нервдер. Ар бир жүлүн нервдери омуртка тешиктеринен сыртка чыккандан кийин алдыңкы, арткы кабык жана байланыштыруучу бутактарга ажырайт.
Жүлүн нервдеринин алдыңкы бутактарынын курамында сезгич, кыймылдаткыч жана вегетатив нерв жипчелери бар. Бул жипчелер моюндун, көкүрөктүн, курсактын жана кол-буттун булчуң менен терисин нервдештирет. Жүлүн нервдеринин алдыңкы ьутактарыкалган бутактарынан айырмаланып моюн, ийин, бел жана куймулчак чатыштарын түзөт. Аталган чатыштарды түзүүгө жүлүн нервдеринин алдыңкы бутактарынын жогорку төртөө моюн чатыштарын, ылдыйкы төртөө жана биринчи көкүрөк бутагы ийин чатыштарын түзөт. Ал эми жүлүн нервдеринин алдыңкы бутактарынын бир нечеси бел жана куймулчак чатыштарын түзөт. Булчуңдарга жана териге ушул чатыштардан чыккан гана нерв талчалары жетет. Ар бир чатыш денеде анын белгилүү гана бөлүктөрүн нервдештирет. Мисалы, моюн чатышы бүткүл моюн булчуңдарын, моюндун терисин жана боор этти нервдештирет.
Жүлүн нервдеринин арткы бутактары тулку бойдун арт жагындагы кежигеден чычаңга чейинки көп булчуңдарды жана терини нервдештирет. Жүлундүн алдыңкы жана арткы бутактарындагы көп сандаган сезгич жана кыймылдаткыч нерв талчалары муундарда, булчуңдарда жана териде болгон ар түрдүү өзгөрүлөрдү тезинен жүлүндөгү борборлорго жеткирип, кайрадан эооп кайтарат.
Жүлүн нервдеринин кабык бутакчалары болсо омуртка тешиктери аркылуу кайрадан омуртка каналына өтүп, каналдын ички бетин, жүлундун катуу кабыгын жана анын бетиндеги майда кан тамырларын нервдештирет. Жүлун нервдеринин байланыштыруучу бутактары алдыңкы бутактардын башталышынан бөлүнүп чыгып, өз жагына жайгашкан омурка жанындагы симпат нерв түйүндөрунө барып кошулат. Андан ары симпат нерв бутактарынын курамында ички органдарга жетет да, ал органдардан борборду карай сезүү импульстарын жеткирет.

== Жүлүн суюктугу ==
[[File:Medulla spinalis - Substantia grisea - German.svg|thumb]]

Мээ карынчаларын жана мээ менен жүлүндү сыртынан каптап туруучу тор сымал кабыктын алдын толтуруучу түссүз тунук зат. Жүлүн суюктугун мээ карынчаларын ичинен каптап туруучу кан тамыр чатышмаларынын өзгөчө бездери пайда кылат. Адамда 120-200 мл жүлүн суюктугу болот. Бирок жүлун суюктугунун өлчөмү адамдын дашына жараша өзгөрүп турат. Жүлүн суюктугу химиялык курамы боюнча канга окшош, бирок андагы элементтердин саны канга караганда кыйла аз. Ал коргонуу кызматын аткарып, мээ менен жүлүндүн зат алмашуусуна катышат; баш сөөктун ички басымын туруктуу кармап турат. Анын курамы адам ооруганда тез өзгөрөт; эгер адам менингит менен ооруса жүлүн суюктугу бозорот; мээге же анын кабыктарына кан куюлса мээ суюктугу – кызгылт, шишик болсо саргыч тартат.

== Патология ==
{{commonscat|Spinal cord}}

* Жүлүндүндүн жабыркашы миелопатиея деп аталат жана ал жон мээнин сезгенишине алып келип [[параплегия]] же [[квадриплегия]] ооруларын козгойт.
* Эгерде өнөкөткө айланып ооруса [[Бехтеревдин оорусу]]на алып келет.

== Шилтемелер ==
[http://video.mail.ru/mail/ropedancer/anatomy/288.html Анатомиялык театрда жайгашкан формалинге салынган жүлүн тууралуу тасма]

{{bio-stub}}

[[Category:Табият илимдери|*]]
[[Category:Биология]]
[[Category:Анатомия]]
[[Category:Неврология]]
[[Category:Нейробиология]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жүлүн" булагынан алынды