Каскад тоолору: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
(Айырма жок)

12 август 2015, саат 03:42 учурдагы нуска

Каскад тоолору – Түндүк Америка Кордильерасынын батыш тилкеси, АКШнын батышында, бир аз бөлүгү Канадада. Узундугу 1000 кмдей. Негизинен кристаллдык тоо тектерден турат. Кырын өчкөн жана аракеттеги жанар тоо конустары (Рейнир, бийиктиги 4392 м); Шаста 4317 м; Лассен-Пик (3187 м) түзөт. Капталдарын ийне жалбырактуу токой, субальп жана альп шалбаасы ээлейт. Мөңгүлүү. Улуттук парктар (КрейтерЛейк, Маунт-Рейнир, Лассен-Волканик) бар. Аты андан башталган Колумбия, Фрейзер дарыясында тепкичтүү шаркыратмалардын (каскад) көптүгүнөн ушундай аталган.

Колдонулган адабияттар