Композиция: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
 
1-сап:
'''Композиция''' (латынча сompositiо – түзүү, ойлоп табуу дегенден) – 1) көркөм чыгарманын курулушу; көркөм форманын маанилүү компоненти. Ал чыгарманын мазмунуна, мүнөзүнө жана аткарган милдетине ылайык түзүлөт. Композиция искусствонун түрүнө, чыгарманын идеясына, материалына жараша ар кыл мүнөздө, ар кандай ченемде берилет. Композиция адабиятта чыгарманын көркөм формасынын бөлүктөрүн максатка ылайык жайгаштырып, өз ара байланыштырат. Композициянын компоненттерине автордук баяндоо, лирикалык чегинүү, портрет, пейзаж, интерьер ж. б. кирет. Ал эми драмада сцена – Композициянын өз алдынча өтө ири компоненти. Лирикада Композиция өзүнчө өзгөчөлүккө ээ. Анда чен, ыргак, уйкаштык, интонация, ойдун ырааттуу өнүктүрүлүшү маанилүү роль ойнойт. 20-кылымдын аягында Композициянын маанисинин күчөшүнө монтаждын пайда болушу (адегенде кинодо, кийин театрда жана адабиятта) зор таасир тийгизди. Композиция пластика өнөрүндө көркөм формаларды түзүүчү айрым учурларды (симметрия, асимметрия, масштаб, ритм, нюанс, контраст ж. б.) бириктирет; архитектурада көркөм идеялык принциптердин негизинде түзүлүп, айрым имараттардын, курулуштардын, бүткүл шаар курулушунун пландалышын жана көрүнүшүн аныктайт; сүрөт өнөрүндө чыгарманын идея, сюжет жана тематикасынын конкреттүү иштелишин туюндурат. Музыкада да Композиция болот. Шахматтагы Композиция – шахмат этюддарынын жана маселелеринин түзүлүшү; 2) музыка, живопись, скульптура же графика чыгармалары, б. а. композитордун, сүрөтчүнүн чыгармачылык эмгегинин натыйжасы; 3) искусствонун ар кандай түрлөрүн камтыган татаал көркөм чыгарма; окуу жайларда (консерватория ж. б.) өзгөчө окуу предмети катары өтүлөт. Композиция гармония, полифония, музыкалык чыгармаларды талдоо сыяктуу музыкалык теориялык предметтер менен тыгыз байланышта окулат.
'''Композиция''' ([[Латын тили|лат]]. compositio – түзүү, бириктирүү) – көркөм чыгарманын курулушу, бардык бөлүктөрүнүн, образдарынын өз ара байланышы, бир бүтүндүккө биригиши. Композиция чыгарманын айрым бөлүктөрүнүн анчейин гана өз ара биригиши эмес, анда биринчи кезекте көркөм чыгарманын идеялык-көркөмдүк бирдиги берилет. Ушул жагынан композиция сюжетке өтө жакындап кетет.
[[Категория:Терминдер жана түшүнүктөр]]
 
Композиция көркөм чыгарманын маанилүү компоненти катары адабий чыгарманын көркөм калыпын бөлүктөрүн максатка ылайык жайгаштырып, аларды бир бүтүндүккө бириктирет. Композициянын бөлүктөрүнө автордук баяндоо, маек, монолог, лирикалык чегинүү, портрет, пейзаж, каармандардын каттары, түштөрү ж. б. кирет.
 
Композиция көркөм чыгарманын бардык жанрларына, бардык тегине тиешелүү жана жанр менен текке карата өзгөчөлүккө ээ болот. Лирикада композиция түзүүдө метр, ритмика, уйкаш, кыраат негизги ролду ойнойт. Ал эми драмалык чыгармалардын композициясы өзгөчө курулат, башкача айтканда анда номпозиция каармандардын кагылыштары, күрөшү, аракеттери, диалог, монологдору аркылуу түзүлөт. Демек композицияда көркөм чыгарманын бөлүктөрү өз ара биригип келип, табигый байланышты түзүп, эстетикалык таасири күчтүү идеялык мазмундун берилишине негизги көңүлдү бурат.
 
 
==Колдонулган адабияттар==
Кыргыз* адабияты[[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: энциклопедиялык4-том. окууБашкы куралыредактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, -2012. Б832 бет, илл.: 2004ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Category: Көркөм өнөр]]
[[Category: Адабият таануу]]
[[Category: Музыка таануу]]
 
 
 
 
 
 
[[bg:Композиция]]
[[ca:Composició]]
[[cs:Kompozice]]
[[de:Komposition]]
[[en:Composition]]
[[es:Composición]]
[[et:Kompositsioon]]
[[fi:Kompositio]]
[[fr:Composition]]
[[hr:Kompozicija]]
[[hy:Կոմպոզիցիա]]
[[it:Composizione]]
[[ka:კომპოზიცია]]
[[nl:Compositie]]
[[pl:Kompozycja]]
[[pt:Composição]]
[[ru:Композиция]]
[[sh:Kompozicija]]
[[simple:Composition]]
[[sk:Kompozícia]]
[[sr:Композиција]]
[[uk:Композиція]]
[[yi:קאמפאזיציע]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Композиция" булагынан алынды