Коргошун: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
1-сап:
'''Коргошун''' (латынча Plumbum), РЬ — элементтердин мезгилдик системасынын IV тобунан орун алган химиялык элемент, атомдук номери 82, атомдук массасы 207,19. Табиятта туруктуу 4 изотобу бар: <sup>204</sup>Pb, <sup>206</sup>Pb, <sup>207</sup>Pb, <sup>208</sup>Pb. Акыркы 3 изотобу радиоактивдүү элементтердин ажырашынан пайда болот. Жер кыртышында массасы 1,6—10<sup>30</sup>/<sub>0</sub>ти түзөт. Коргошун таза түрүндө да учурайт. Маанилүү минералы — галенит. PbS (коргошун жалтырагы) бардык сульфиддик кендерде кездешет. Коргошун —жумшак, иштетүүгө жана чоюлууга ийкем, боз түстөгү металл; тыгыздыгы 11,34 г/см<sup>3</sup> (20°), б. эрүү t 327,4°С; кайноо t 1745°C. Ал оңой кесилет жана жукарат. Кадимки шартта атмосферанын таасирине жана бир топ химиялык реагенттерге (суу, аммиак, сода, күкүрт, туз кислоталарынын суюлтулган эритмелери ж. б.) туруктуу. Суюлтулган кислоталарда эрибейт. Азот, уксус кислоталарында, щелочтун эритмесинде жакшы эрийт. Туз, күкүрт кислоталарында эрибейт. Кадимки шартта абада үстүнкү бети гана окистенет да, андан аркы кычкылдануудан коргоочу жука катмар PbO пайда болот. Ысытканда галогендер, күкүрт, селен, теллур менен түздөн түз аракеттенет. Химиялык бирикмелеринде II валенттүү (IV валенттүүлүк да мүнөздүү). Эки валенттүү Коргошун сууда эрий турган нитраттарды, хлораттарды, ацетаттарды, начар эрий турган хлориддерди, фториддерди жана эрибей турган хроматтарды, фосфаттарды, карбонаттарды, молибдаттарды, сульфиддерди пайда кылат. Коргошунду тазалоодо электролит катары кремний фториди пайдаланылат. Коргошундун (IV) бирикмелери анча туруктуу эмес. Коргошунду алуунун негизги сырьёсу болуп Коргошун жаркырагы PbS эсептелет. Маанилүү бирикмелери — Коргошун оксиддери PbO, PbO2, Pb204 сульфиди PbS, нитраты Pb(NO3)2, хроматы PbCrO, тетратил коргошун Hb(C2H5)4 ж. б. Коргошун көбүнчө сульфид рудаларынан алынат. Коргошун техникалык кабелдерди, аккумулятор пластинкаларын даярдоодо, күкүрт кислотасын өндүрүүчү заводдо аппаратуралардын негизги бөлүктөрүн даярдоодо, куймаларды алууда (басмакана куймаларын ж. б.), гамма жана рентген нурларын жакшы сиңиргендиктен, радиоактивдүү заттар менен иштөөдө алардан сактанууда, тетраэтил Коргошунду өндүрүүдө колдонулат. Коргошундун бардык эрүүчү бирикмелери — уу. Дем алуу жолдору, ичеги, карын аркылуу организмге кирип, булчуңдарга, бөйрөккө, сөөккө чогулат. Уулануу болгондо, ич ооруп, кан басымы жогорулап, аз кандуулук, полиневрит байкалат, шал болуу да мүмкүндүк
[[File:Calcite-Galena-elm56c.jpg|thumb|200px]]
[[Категория: Химия]]
 
'''Коргошун''' (лат. Plumbum),– Д.И.Менделеев мезгилдик системасы IVА группа элементи, к.н. 82, ат. м. 207,19. Жаратылышта туруктуу 4 изотобу бар: ''204Pb, 206Pb, 207Pb, 208Pb. ''Акыркы 3 изотобу радиоактивдүү элементтер ажырашынан (уран, актиний, торий) пайда болот. Жер кыртышында (м. б-ча) 1,6×10-3% түзөт. К. таза түрүндө да учурайт. Маанилүү минералы – галенит PbS (коргошун жалтырагы) бардык сульфиддик кендерде кездешет. Сейрек учуроочу минералдары – клаусталит PbSе; алтаит - PbTe ж.б. К. бардык өндүрүшү сульфиддик минералды алуу менен байланышкан:
 
2PbS + 3O2 = 2PBO + 2SO2
 
К. – жумшак, иштетүүгө жана чоюлууга ийкем, боз металл. Ат. радиусу 1,74, иондук радиусу Pb2 - 1,26. Катуу К. тыгызд. 11,34 ''г''/''см3'' (20о), балкып эрүү темп-расы 327,4оС; кайноо темп-расы 1745oC. К. электрохим. чыналуу катарында суутекке чейин турат. Суюлтулган к-таларда эрибейт. HNO3, CH3COOH к-таларында, щелочь эритмесинде жакшы эрийт. Туз, күкүрт к-таларында эрибейт. Кадимки шартта абада К. үстүнкү бети гана окистенет да, андан аркы окистенүүдөн коргоочу жука катмар пайда болот. Ысытканда галогендер, күкүрт, селен, теллур менен түздөн түз аракеттенет. Хим. бирикмелеринде К., II валенттүү (IV валенттүүлүк да мүнөздүү). Эки валенттүү К. сууда эрий турган нитраттар, хлораттар, ацетаттар, начар эрий турган хлориддер, фториддер жана эрибей турган хроматтар, фосфаттар, карбонаттар, молибдаттар, сульфиддер пайда кылат. К. тазалоодо электролит катары кремний фториди пайдаланылат. К. (IV) валенттүү бирикмелери анча туруктуу эмес. К. техникалык кабелдерди, аккумулятор пластинкаларын даярдоодо, күкүрт к-тасын өндүрүүчү заводдо аппаратуралар негизги бөлүктөрүн даярдоо, куймаларды алуу (типографиялык куймалар ж.б.), гамма жана рентген нурларын жакшы сиңиргендиктен радиоактивдүү заттар менен иштөөдө алардан сактануу, тетраэтил К. өндүрүүдө колдонулат. К. бардык эрүүчү бирикмелери уулуу.
 
Коргошун (II) оксиди – PbO -кристаллдык зат, эки модификацияга ээ: саргыч-кызыл (глет) жана сары (массикот). Сууда аз санда эрийт. К-талар жана щелочтор менен реакцияга кирет. Айнек жана эмальдын атайын түрлөрүн өндүрүүдө колдонулат.
 
Коргошун (II),(IV) оксиди Pb3O4 PbO+pb2O3 (сурик) – кызыл түстөгү кристаллдар, сууда эрибейт. Суюлтулган минералдык к-талар жана щелочтор менен өз ара аракеттенишет. PbO абада 400-500оС ысытуудан алынат. Металлдар үчүн коррозияга каршы боёкторду өндүрүүдө, коргошун аккумуляторун жасоодо пайдаланылат.
 
Коргошун (IV) оксиди, PbO2 – кара-күрөң түстөгү кристаллдар. Сууда жана этанолдо эрибейт. Туз к-тасы HCl, концент. H2SO4 менен реакцияга тез, ал эми CH3COOH менен жай кирет. Коргошун аккумуляторунда окистендиргич катарында пайдаланылат.
 
Коргошун куймалары '''-''' коргошунга калай, сурьма, жез жана башка элементтер кошуу менен алынган куймалар. К.к. анча катуу эмес, темп-ралары төмөн, тыгызд. чоң, жакшы технологиялык жана сүрүлүүгө, коррозияга каршы касиеттерге ээ болушу менен мүнөздөлөт. К.к. подшипник жасоодо, типографиялык жана жеңил балкып эрүүчү куймалар алууда, бытыра өндүрүүдө, кабель каптоодо пайдаланылат.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Химия: Энциклопедиялык“Кыргызстан” окууулуттук куралыэнциклопедиясы]]/: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 20042012. -832 422бет, билл. ISBN 978 9967-14-021104 -69
[[Категория: Химия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Коргошун" булагынан алынды