Руб-эль-Хали: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей |
(Айырма жок)
|
11 сентябрь 2015, саат 05:44 учурдагы нуска
Руб-эль-Хали – Араб жарым аралынын түштүк-чыгышындагы чөл, Сауд Арабиясында. Узундугу батыштан чыгышка 1200 кмге созулат. Туурасы 500 кмдей, аянты 650 миң км2 (жер шарындагы кумдуу чөлдөрдүн эң ирилеринен). Батыштан чыгышты карай 500–1000 кмден 100-200 кмге чейин төмөндөгөн түздүк. Аянтынын 10% ин бархандар (бийиктиги 200 мге чейин), кум жалчалары ээлейт. Айрым жерлеринде жылып жүрмө кумдар басымдуу. Өсүмдүктөрү (баялыш, төө тикен) сейрек. Төө багууга ыңгайлуу. Нефть кени бар.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9