Замирбек Баялиев: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
[[Манасчы Баялиев, Замирбек|Замирбек Баялиев]] - “Манас-мурас” коомдук фондунун мүчөсү, “Манас” банкынын стипендианты. Баялиев Замирбек (Жайлообек уулу) 1980-жылдын 21-апрелинде Талас облусунун Талас районуна караштуу “Манас” айылында туулган.
 
Манасчылыкка салттык көрүнүштөгү түш көрүп, аян алуусу себеп болгон. Он беш жашында түшүнө Баатырлар кирип, андан кийин ээлигип, эч ким жок ээн талаага чыгып алып, жашынып “Манас” айтып жүргөн. Тартынчаак, уялчаак мүнөзүнөн улам эл алдына чыкпай, буулугуп көпкө жүрүп калган. Ошондон улам сыркоолоп, ооруп калган. Дарыгерлерге көп эле көрүнгөнүнө карабай, эч кимиси дартын аныктап бере алган эмес. Ошондой күндөрдүн биринде түшүнө кырк чоро кайрадан кирип, “Манас” айт!” деп, кысмакка алган. Анан гана өзүндө болгон өзгөрүүлөрдү үйүндөгүлөргө айтып берген. Ата-энеси күмбөзгө алпарып, кой союп, түлөө өткөрүп, ошол жерден “Манас” айттырып, элдин батасын алып берген. Ошондон тартып, эл алдына чыгып, “Манас” айта баштаган. 2004-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филология факультетин бүтүргөн.