Куб: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
fix math syntax error
 
1-сап:
'''Куб''' (грекче kebos, латынча cubus) – 1) грандары бири-бирине барабар 6 квадраттан турган тик бурчтуу параллелопипед. Куб параллелопипеддин бардык кассиеттерине ээ. Кубдун өз ара перпендикуляр 12 кыры, өз ара перпендикуляр 3төн кыры келип кошулган 8 чокусу болот. Куб диагоналдары кесилишип өткөн борбордук, 9 октук, 9 тегиздиктик симметрияга ээ. Карама-каршы жаткан грандарынын борболору аркылуу өткөн түз сызык же бир гранда жатпаган карама-каршы эки кырынын ортолору аркылуу өткөн түз сызык Кубдун симметрия огу болсо, каалаган эки симметрия огу аркылуу өткөн тегиздик Кубдун симметрия тегиздиги болот. Кыры ''а ''болгон Кубдун диагоналы a<math>\sqrt{3}</math> , толук бети S<sub>т.б.</sub>=6а<sup>2</sup>, көлөмү V=а<sup>3</sup>деп табылат. Кубга ичтен сызылган сферанын радиусу r=a/2 болсо, ага сырттан сызылган сферанын радиусу R= <math>R=\frac{аa\sqrt{3}}{2a}</math> ге барабар. Куб. кээде туура гексаэдр деп да аталат. 2) ''а'' санынын үчүнчү даражасы а • а • а=а<sup>3</sup> ошол сандын Кубу деп аталат.
[[Категория:Геометрия]]
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Куб" булагынан алынды