Сексуалдык зомбулук же зордуктоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Сексуалдык зомбулук же зордуктоо''' – бир же бир нече адамдын башка адамдын эркине каршы аны м..."
(Айырма жок)

9 июль 2016, саат 08:07 учурдагы нуска

Сексуалдык зомбулук же зордуктоо – бир же бир нече адамдын башка адамдын эркине каршы аны менен жыныстык катнашка барган зомбулук түрү. Адатта, зомбулуктун мындай түрүндө адам психологиялык жактан катуу жабыркап, аң-сезимине жана дене-боюна катуу доо кетет[1]. Көбүнесе, зордуктоо Мен-концепциясына жана бүтүндөй жашоо ыңгайына олуттуу кедергисин тийгизген кризис менен коштолуп, оор эмоционалдык кесепеттерге алып келет[2] . Адамдын психикалык саламаттыгына келтирилген оор кесепеттердин бири - жаракаттан кийин келип чыгуучу стресстик бузулуу (посттравматическое стрессовое расстройство (ПТСР)). Жаракаттан кийин келип чыгуусу стресстик бузулууну шарттаган нерсени көрсөтүү үчүн, Америкалык психологиялык ассоциациянын психикалык бузулуулардын классификациясында зордукталгандан кийин келип чыккан жаракат синдрому белгиленген. Пекин иш-аракеттер платформасынын "Аялдар жана куралданган чыр-чатак" бөлүмүндө согуш учурунда жасалган сексуалдык зордуктоого өзгөчө көңүл бурулат[3].

Зордуктоодон кийин келип чыгуучу жаракат синдрому жаракаттан кийин келип чыгуучу стресстик бузулуунун формасы катары каралып[4] , ал сексуалдык зомбулуктан жабырланган адамда пайда болот. Зордукталган аялда дене-боюна, эмоционалдык жана когнитивдик абалына, ошондой эле жүрүм-турумуна катуу доо кетет[5]. Жаракат алгандан кийин келип чыгуучу стресстик бузулууга зордукталган аялдардын дээрлик 80% дуушар болушу мүмкүн деп божомолдонсо, ал эми согуш аракеттеринен улам жарадар болгон адамдардын 24-60% гана дуушар болушу мүмкүн (ар кандай факторлорго жараша[6]). Согуш аракеттери жүрүп жаткан мезгилдеги зордуктоодон кийин келип чыккан олуттуу кесепеттердин себептери - жабырлануучунун өч ала албагандыгы, жабырлануучулардын көпчүлүгүнө мүнөздүү болгон сенейүү реакциясы, ошондой эле жаракаттан кийин келип чыгуучу стресстик бузулуу синдромунун өзүн күнөөлүү сезүү жана уялып-кысылуу сезимдери менен коштолушу[7].

Эгер зордукталган адамдын дене-боюна жаракат келтирилип, аны бир нече адамдан турган топ зордуктаган болсо, анын жаракат алгандан кийин келип чыгуучу стресстик бузулууга кабылуу мүмкүнчүлүгү жогору[8]. Зордуктоо маселесин изилдөөдө колдонулган феминисттик ык-амалдын авторлорунун айтымында (Susan Brownmiller, Schwendinger J & Schwendinger H. ж.б.), патриархат коомунда аял инсандар ортосундагы мамилелерде тең укукка ээ эмес. Мындай коомдо аялга менчик буюмдай мамиле жасалат[9].

  • Бул теория боюнча зордуктоо – сексуалдык каалоодон улам эмес, эркектин аялдын үстөмдүк кылуу ниети менен жасалган «жалган сексуалдык аракет», ал эми сексуалдык жакындык жана аялды пайдалануу эркектин үстөмдүк позициясын сактоо аракети катары каралат[10]. Согуш аракеттери жүрүп жаткан мезгилдеги зордуктоолор төмөнкү белгилер менен мүнөздөлөт[11]:
  • бул коомдук окуя. Душмандын кыз-келиндерин мазактоо баскынчынын жеңишин айгинелей тургандыктан, жеңишке ээ болгон тарап ашкере мыкаачылык менен кыз-келиндердин чачтарын өрттөп, дене-боюн кескилеп, колу-буттарын аркан же чынжыр менен байлап, өлтүрүп, үрөй учурган жосундарды жасайт.
  • жапырт аракет. Согуштун моралдык кодексин так аткарып, бир максатты көздөгөн жаштар бардык нерсени чогуу-чаран жасашат.
  • аялдарды зордуктагандан кийин дароо өлтүрүү. Ошол эле согуш кодекси боюнча аял сыйга татыктуу душман эмес: аял пайдалануу, көзөмөлдөө жана жек көрүү үчүн керек.

Зордуктоодон кийин тирүү калган аялдын жаракаттарын туруктуу мүнөздө сапаттуу каражаттар жана ыкмалар менен дарылаган учурда да, анын кесепеттери ондогон жылдар бою сакталып кала берет[12]. Мындай кесепеттердин катарына: зордук-зомбулукка дуушар болгондон кийин адамдын инсандык сапаттарынын өзгөрүшү (өнөкөт түрдө); өнөкөт ооруксунуу белгилери сыяктуу ар кандай соматоформдук белгилер; диссоциативдик белгилер; мезгил-мезгили менен албууттануу[13], эркек менен жакындашуудан коркуу сезимдери кирет[14].

Кыргызстанда бир катар зордуктоо учурлары саясий окуяларга байланыштуу болгон. 2005- жана 2010-жылдардагы төңкөрүштөр, 2010-жылдын июнь айында Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн куралданган чыр-чатакта көптөгөн кыз-келиндер зорбук-зомбулукка дуушар болушкан[15].

Ошол мезгилде Бишкек шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад дубандарындагы кризистик борборлордун берген статистикалык маалыматы боюнча, Ош окуялары болуп жаткан мезгилде жана аяктагандан кийин кризистик борборлорго жардам сурап кайрылган аялдардын саны 300 ашып кеткен, алардын баары зордук-зомбулуктан жабыр тартышкан . Бирок бул бери жагы эле. Зордук-зомбулуктан жаракат алып, оор стресстик бузулууга кабыл болуп, бирок жардам сурап кайрылышпаган кыз-келиндер канча?

2010-жылдагы окуяларда зордуктагандар да, зордукталгандар да эки этностук топтун өкүлдөрү болушкан. Жардам сурап кайрылышкан кыз-келиндердин көпчүлүгү этек-жеңи узун көйнөктөрдү кийип, жоолукчан болгондуктан, аларды эркектерди өзүлөрү азгырган жеңил ойлуу аялдар деп айтууга болбойт. Тескерисинче, алар көзгө чалдыкпаганга аракет кылышкан. Зордуктоо фактылар боюнча 7 жазык иши козголгон. Ал эми калган зордуктоо окуялары жазаланбай калган, себеби жабырланган кыз-келиндер укук коргоо органдарына кайрылуудан баш тартышкан[16].

Жаракат алгандан кийин келип чыгуучу стресстик бузулуу белгилери июнь окуяларында зордукталган жана кризистик борборлорго жардам сурап кайрылган аялдардын дээрлик баарында ар кандай деңгээлде байкалган.

Эскертмелер

  1. Аял, тынчтык жана коопсуздук // БУУнун расмий сайты. [Электрондук ресурс]: URL: http://www.un.org/ru/events/women/sc/
  2. Кененирээк маалымат: Ениколопов С., Кузнецова Ю., Чудова Н. Агрессия в обыденной жизни. – М., 2017. –С. 496; Acierno R et al. (1999). Risk factors for rape, physical assault, and posttraumatic stress disorder in women: examination of differential multivariate relationships. Journal of Anxiety Disorders, 13:541–563; Brownmiller S. Against our Will: Man, Woman and Rape. New York, 1976. Levin, P. (1997) Awaking the Tiger-Healing Trauma. The Innate Capacity to Transform Overwhelming Experiences. Berkeley, California: North Atlantic Books; Schwendinger J. Schwendinger, H. (1983) Rape and Inequality (SAGE Library of Social Research).
  3. Schwendinger J. Schwendinger, H. (1983) Rape and Inequality (SAGE Library of Social Research).
  4. Пекин декларациясы жана иш-аракеттер платформасы. Маалымат булагы: http://www.un.org/womenwatch/daw/beijing/pdf/BDPfA%20R.pdf
  5. Acierno R et al. (1999). Risk factors for rape, physical assault, and posttraumatic stress disorder in women: examination of differential multivariate relationships. Journal of Anxiety Disorders, 13:541–563; World Health Organization, War Trauma Foundation and World Vision International (2011). Psychological First Aid: Guide for field workers. WHO: Geneva; World Health Organisation. (1992). ICD-10 Classifications of Mental and Behavioural Disorder: Clinical Descriptions and Diagnostic Guidelines. Geneva. World Health Organisation.
  6. American Psychiatric Association. (2013). Diagnostic and statistical manual of mental disorders (5th ed.). Washington, DC: Author; Acierno R et al. (1999). Risk factors for rape, physical assault, and posttraumatic stress disorder in women: examination of differential multivariate relationships. Journal of Anxiety Disorders, 13:541–563; Bracha S., Williams A, Haynes S., Kubany E., Ralston T., &Yamashita J. (2004) The STRS (shortness of breath, tremulousness, racing heart, and sweating): a brief checklist for acute distress, with panic-like sympathetic indicators; development and factor structure. Ann Gen Hosp Psychiatry. 2004; 3:8.
  7. Acierno R et al. (1999). Risk factors for rape, physical assault, and posttraumatic stress disorder in women: examination of differential multivariate relationships. Journal of Anxiety Disorders, 13:541–563.
  8. World Health Organization, War Trauma Foundation and World Vision International (2011). Psychological First Aid: Guide for field workers. WHO: Geneva.
  9. Schwendinger J. Schwendinger, H. (1983) Rape and Inequality (SAGE Library of Social Research).
  10. Brownmiller S. Against our Will: Man, Woman and Rape. New York, 1976; Schwendinger J. Schwendinger, H. (1983) Rape and Inequality (SAGE Library of Social Research).
  11. Ениколопов С., Кравцова О. Теории сексуального насилия // Прикладная психология. – 1999. – № 4. – С.45.
  12. Brownmiller S. Against our Will: Man, Woman and Rape. New York, 1976.
  13. Acierno R et al. (1999). Risk factors for rape, physical assault, and posttraumatic stress disorder in women: examination of differential multivariate relationships. Journal of Anxiety Disorders, 13:541–563.
  14. Bracha S., Williams A, Haynes S., Kubany E., Ralston T., &Yamashita J. (2004) The STRS (shortness of breath, tremulousness, racing heart, and sweating): a brief checklist for acute distress, with panic-like sympathetic indicators; development and factor structure. Ann Gen Hosp Psychiatry. 2004; 3:8.
  15. Levin, P. (1997) Awaking the Tiger-Healing Trauma. The Innate Capacity to Transform Overwhelming Experiences. Berkeley, California: North Atlantic Books.
  16. Молчанова Е. (2015) Оказание психологической помощи женщинам, пострадавшим от сексуального насилия (в печати).

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси

  • 1. Ениколопов С., Кузнецова Ю., Чудова Н. (2014) Агрессия в обыденной жизни / РГНФ . – М.: РОССПЭН, 2014.
  • 2. Ениколопов С., Кравцова О. Теории сексуального насилия // Прикладная психология. – 1999. – №4. [Макаланын электрондук версиясы]. http://afyyb.narod.ru/sex_nasilie.html
  • 3. Молчанова, Е. Оказание психологической помощи женщинам, пострадавшим от сексуального насилия. – Бишкек, 2016 [в печати].
  • 4. Тарабрина Н. Психология посттравматического стресса. – М.: Изд-во ИП РАН, 2009.
  • 5. American Psychiatric Association. (2013). Diagnostic and statistical manual of mental disorders (5-th ed.). Washington, DC: Author.
  • 6. Acierno R et al. (1999). Risk factors for rape, physical assault, and posttraumatic stress disorder in women: examination of differential multivariate relationships. Journal of Anxiety Disorders, 13:541–563.
  • 7. Bracha S., Williams A, Haynes S., Kubany E., Ralston T., &Yamashita J. (2004) The STRS (shortness of breath, tremulousness, racing heart, and sweating): a brief checklist for acute distress, with panic-like sympathetic indicators; development and factor structure. Ann Gen Hosp Psychiatry. 2004;3:8
  • 8. Brownmiller S. Against our Will: Man, Woman and Rape. New York, 1976.
  • 9. Levin, P. (1997) Awaking the Tiger-Healing Trauma. The Innate Capacity to Transform Overwhelming Experiences. Berkeley, California: North Atlantic Books.
  • 10. Schwendinger J. Schwendinger, H. (1983) Rape and Inequality (SAGE Library of Social Research)
  • 11. World Health Organization, War Trauma Foundation and World Vision International (2011). Psychological First Aid: Guide for field workers. WHO: Geneva.
  • 12. World Health Organisation. (1992). ICD-10 Classifications of Mental and Behavioural Disorder: Clinical Descriptions and Diagnostic Guidelines. Geneva. World Health Organisation.
  • 13. Пекин декларациясы жана иш-аракеттер платформасы. Маалымат булагы: http://www.un.org/womenwatch/daw/beijing/pdf/BDPfA%20R.pdf