Ош
Ош — Кыргызстандын экинчи ири жана Орто Азиянын эң байыркы шаарларынын бири. Ош расмий эмес аталыштарда Кыргызстандын экинчи борбору жана деп аталат[3].
Отурукташкан жай
Ош
|
Бул өлкөдөгү эң эски шаар (болжол менен 3000 жылдан ашуун), 1939-жылдан бери Ош облусунун административдик борбору болуп саналат.
2021-жылы шаардын этностук аралаш калкынын саны 322,164 адам болгон[4], кыргыз, өзбек, украин, орус, корей жана башка чакан этносторду камтыйт. Ал Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан 5 км алыстыкта жайгашкан. Ал белгилүү Ислам аалымы үчүн белгилүү.
Калкы
түзөтүүОш — калкынын саны боюнча Бишкектен кийинки экинчи орунда турган Кыргызстандын шаары. 2012-жылдын үчтүн айынын (январь) бирине карата шаар калкынын саны 230 200 адамды түзгөн. Ош шаарына шаардык администрациядан тышкары 25,6 миң жашоочусу менен шаар четиндеги 11 айыл-кыштак карайт. Ош шаарынын калкы саны шаар четтери менен 500 миң жашоочу деп бааланган.
Ош шаарында өзбөк жана кыргыздардан тышкары орус, түрк, татар, уйгур, тажик, азербайжан жана башка улуттар жашашат. Ош шаарын 50% тургундары Ислам (сунний) динин карманат.
Жыл | 1914 | 1939 | 1959 | 1970 | 1974 | 1979 | 1989 | 1991 | 1999 | 2009 | 2010 | 2011 | 2012 | 2015 | 2017 | 2018 |
Калк, миң жашоочу. |
46 | 33 | 65 | 120 | 143 | 169 | 213 | 212 | 212 | 220 | 235 | 231 | 230 | 243 | 251 | 288 |
Улут | Саны 2009 жылдын эл каттоосу боюнча[5] |
Бөлүк (%) |
---|---|---|
Баары | 232 816 | 100,00 % |
Өзбектер | 112 469 | 48,31 % |
Кыргыздар | 100 218 | 43,05 % |
Орустар | 6 292 | 2,70 % |
Түрктөр | 5 506 | 2,36 % |
Татарлар | 2 703 | 1,16 % |
Түркмөндөр | 885 | 0,38 % |
Уйгурлар | 791 | 0,34 % |
Тажиктер | 679 | 0,29 % |
Азербайджандыктар | 587 | 0,25 % |
Украиндиктер | 379 | 0,16 % |
Корейлер | 319 | 0,14 % |
Казактар | 265 | 0,11 % |
Кытайлыктар | 221 | 0,09 % |
Күрдүлөр | 199 | 0,09 % |
Дунгандар | 92 | 0,04 % |
Немецтер | 90 | 0,04 % |
башкалар | 1121 | 0,48 % |
Тарыхы
түзөтүүШаар Борбордук Азиядагы эң байыркы калктуу конуштардын бири. Ош шаары 8-кылымда Улуу жибек жолунун боюнда жибек өндүрүү борбору катары белгилүү болгон жана б. з. ч. IV-кылымда – б. з. V-кылымда шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган. өндүрүлгөн жибек атактуу соода жолу Алай тоолорунан өтүп Чыгыштагы Кашкарга жеткен.
8–10-кылымдары Ош чоңдугу бoюнча Фергана өрөөнүндөгү эң ири шааарлардын бири катары саналган.
Шаар дубал менен курчалган жана анын үч дарбазасы; Дарбаза-ий Кух (Тоо дарбазасы), Дарбаза-йи Аб (Суу дарбазасы) жана Дарбаза-йи Мугкеде (Отко сыйынуучулардын ибадатканасы дарбазасы) болгон. Макдисий 966-жылы жазып бүткөн өзүнүн «Ахсенут-текасим» аттуу эмгегинде «Ош дарыялары мол, ар түрдүү өзгөчөлүктөргө ээ шаар болуп эсептелет. Абасы таза жана молчулук бар. Жамы-мечити базарлардын ортосунда жайгашкан. Тоого жакын бай жер болуп суулары мол. Бул жерде жайгашкан чоң рибатка (аскерий гарнизон жайгашкан жай) ар тараптан көңүлдүү адамдар келишет»-деп шаардагы диний абал жөнүндө да баа жеткис маалыматтарды берет. Ош шаарынын 13-к-дын башында [Чыңгыз хан|Чыңгыз хандын]] аскерлери кыйраткан. 13-кылымдын аягы 14-кылымдын башында жашаган Жамал Карший,өзүнүн «ал-Мулхакат бис-сурах» аттуу эмгегинде Ош шаары боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды берет: «Ош шаары. Анда эки анча чоң эмес тоо жайгашкан: Баракух жана Ханаф. Баракух тоосунда азиз жана салих адамдардын мазарлары жайгашкан. (Ал жерде) башкалардын катарында Давуддун уулу Сулаймандын вазири Асаф ибн Бурхиянын күмбөзү бар, экөөнө Алланын рахматы болсун». 14-к-дын акырында Аксак Темирдин дөөлөтүнө, кийин Моголстанга караган. Моголдор династиясынын негиздөөчүсү Захиреддин Мухаммад Бабур өзүнүн Бабур-Наама деген эмгегинде Ош жана о.эле Сулайман тоонун үстүндөгү чакан үй ж-дө да эскерип кеткен (1496–98). 17-к-да
калмактардын кол салуусуна жана талоонуна кириптер болуп турган. 1762-ж. Кокон ханы Эрдене басып алган. Ош тегерегиндеги айылдары менен кошо хандыктын акимдик-аймактык системасында борбордук вилайетке баш ийген бектиктин, 19-к-дын 2-жарымында Ош вилайетинин борбору болгон. 1876-жылдан Түркстан генерал-
181
губернаторлугунун Фергана облусундагы Ош уездинин борбору болуп калган. 1924-жылдан округдун, 1926-
жылдан кантондун, 1928-жылдан райондун, 1939-жылдан облустун борбору. Учурда шаарда орто кылымдын
убагында курулган Асаф-Ибн-Бурхиянын мавзолейи (13-к.,) Рават Абдулла хандын мечити (16–17-к.),,
Алымбек датканын мечити (19-к.), Мухамад Юсуп Байкожо-оглынын мечити (20-к.) ж. б. 30дан ашык
эстеликтер калыбына келтирилген. Ош ш-нда б. з. ч. 4-к.–5-к-га таандык Мырзалимдөбө, Чаяндөбө, Отузадыр
байыркы чептери, Мады, Коргошундөбө, Ак-Буура, Шалтакдөбө, Шоробашат, Куршаб, Бөрүдөбө, Дөңбулак,
Дыйкан ж. б. чептердин калдыктары сакталган. 2000-ж-дын октябрь айында Ош шаарынын 3000-жылдык
салтанаты белгиленди. Ал тууралуу алгачкы маалыматтар биринчи жолу арап булактарында IX кылымда эскерилген.
Ош шаары Фергана өрөөнүн батышында, деңиз деңгээлинен 1000 метр бийикте жайгашкан. Бишкектен Ошко чейинки автожолдун аралыгы 730 чакырым.
Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен атактуу.
Кыргызстандын «экинчи борбору» деп да аталып жүрөт.
Маданият, билим берүү
түзөтүү- Бириктирилген Ош тарыхый-маданий корук-музейи
- Сулайман-Тоо ыйык тоосу, ЮНЕСКОнун тизмесиндеги(2009-жылдан тарта) Ош шаарынын так ортосунда жайгашкан тоо.[6]
- Бабурдун буйругу менен XVI кылымда курулган Сулайман-Тоонун чыгыш тарабындагы үй.
- Тахт-и-Сулейман мечи ти
- Ак-Буура чеби (I-XII)
- Сулайман-Тоодо жайгашкан Краевед музейи
- Сулайман-Тоонун 3000 жылдыгына карата курулган «Улуу Жибек жолу» Краевед комплекси
- Орто кылымдык мончосу
- Сүрөт-Таш чокусу ( б. з. ч. I миң жылдыктын 100 таш бетиндеги сүрөттөрү)
Мечитер
түзөтүү- Шейит-Дөбө мечити
- Ача-Мазар мечити
- Садыкбай мечити
- Асаф-ибн-Бурхия күмбөзү (XI-XVII)
- Рават Абдулла-хан мечити (XVII-XVIII)
- Мухаммед Юсуф Байходжи-уулу мечити (1909)
Театр, Филармония, Кинотеатрлар
түзөтүү- Р. Абдыкадыров атындагы облустук филармония
- С. Ибраимов атындагы улуттук драма театры
- З.М. Бабур атындагы Мамлекеттик академик өзбек драма театры
- «Семетей» кинотеатры
- «Кыргызстан» кинотеатры
- "Ак-Буура" кинозалы
Эстеликтер
түзөтүү- Барсбек кагандын эстелиги
- Алымбек датканын эстелиги
- Алишер Навоинин эстелиги
- «Айкөл Манастын монументалдуу комплекси». 2013-жылдын Бугу айында коюлган[8]
- Курманжан датканын эстелиги
- Рысбай Абдыкадыровдун эстелиги
- Токтогул Сатылгановдун эстелиги
- «Өчпөс от» мемориалдуу комплекси
- «Кайгылуу эне» мемориалы
- В. И. Лениндин эстелиги
- «ГАЗ-АА» унаасынын эстелиги
ЖОЖдор
түзөтүү- Ош технологиялык Университети ( Исанов көч, 81)[9]
- Ош Мамлекеттик Университети ( Ленин көч, 331)[10]
- Ош гуманитардык педагогикалык институту ( Исанов көч, 75)
- Ош Мамлекеттик социалдык Университети
- Москва мамлекеттик социалдык Университетинин бөлүмү
Спорт
түзөтүү- Алай футбол клубу
Элчиликтер
түзөтүү- Орусиянын негизги консулдугу
- Казакстандын негизги консулдугу
- Кытайдын (КЭР) негизги консулдугу
Боордош шаарлар
түзөтүү- Маниса, Түркия (16-май 1997-жыл)
- Стамбул, Түркия (10-август 1998-жыл)
- Хужанд, Тажикстан (3-июнь 2000-жыл)
- Санкт-Петербург, Орусия (20-февраль 2004-жыл)
- Амасья, Түркия (6-декабрь 2005-жыл)
- Кашгар, КЭР (3-март 2006-жыл)
- Новосибирск, Орусия (26-июнь 2009-жыл)
- Йозгат, Түркия (2-ноябрь 2012-жыл)
- Үрүмчү, КЭР (2013-жыл)
- Синин, КЭР (9-декабрь 2014-жыл)
- Тараз, Казакстан (17-июнь 2016-жыл)
- Андижан, Өзбекстан (3-октябрь 2016-жыл)
- Ярославль, Орусия
- Ланьчжоу, КЭР
- Фошань ,КЭР
- Сиань, КЭР
- Самсун, Түркия
- Каракол, Кыргызстан
- Чолпон-Ата, Кыргызстан
Кыскача адабият тизмеси
түзөтүү- Кыргыз обондору / Жыйнакты түзгөндөр Б.Алагушов, К.Мадваров. – Фрунзе: «Кыргызстан» басмасы, 1970. – 474 бет. – [Кыргыз ССР Маданият министрлиги. Республикалык эл чыгармачылык үйү].
- Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
- Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий био-библиографическийу свод / Отв. ред. академик У.А.Асанов. – Бишкек: Центр государственного языка и энциклопедии, 2002. – 544 стр., илл., карта. - ISBN 5-89750-142-4.
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6...
Интернет шилтемелер
түзөтүү- http://www.presskg.com/tuusu/08/0729_12.htm Archived 2017-05-12 at the Wayback Machine
- http://kg.wen.su/osh/istoriya/ Archived 2011-09-17 at the Wayback Machine
- http://oshcity.kg/kg/ Archived 2018-08-15 at the Wayback Machine
- ↑ UN Demographic Yearbook 2015. Population of capital cities and cities of 100 000 or more inhabitants: latest available year, 1996-2015
- ↑ Национальный статистический комитет КР
- ↑ https://geohistory.today/osh-fergana-valley/
- ↑ Численность населения областей, районов, городов,поселков городского типа, айылных аймаков и айылов (сел) Кыргызской Республики. (XLS) (Орусча). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. 2021.2021 жылдын 10 ноябрында түп нускадан архивделген.
- ↑ Национальный статистический комитет Кыргызской Республики. Перепись населения и жилищного фонда Кыргызской Республики 2009 года. Книга III(в таблицах). Регионы Кыргызстана. Город Ош.. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2018. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- ↑ Город Ош. Предчувствие будущего - Кыргызский Национальный Музей Изобразительных Искусств имени Гапара Айтиева(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Сулайман-Тоо: музей vs мечеть. 15 октября 2012
- ↑ Монументальный комплекс «Айколь Манас» в Оше
- ↑ Ошский технологический университет. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2018. Түп булактан архивделген күнү 30 -ноябрь (жетинин айы) 2010.
- ↑ Ошский государственный университет. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2018. Түп булактан архивделген күнү 30 -ноябрь (жетинин айы) 2010.