Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
→‎Акрамия: new section
7-сап:
Акрамия — «Акрамия» тобу Өзбекстандын атайын кызматтарынын маалыматтары боюнча 1990-ж. ортосунда «Хизб ут-Тахрир» диний — экстремисттик уюмдун мурдагы мүчөсү, Өзбекстандын жараны Акрам Юлдашев тарабынан негизделген. өзүнүн идеологиясын ал «Ыйманга жол» («Иймонга йул») чыгармасында чагылдырган. Топтун негизги идеясы — Өзбекстанда эволюция жолу менен ислам мамлекетин түзүү. Бирок бийликти куч менен басып алуу тажрыйбасы да четте калган эмес. Атайын кызматтардын уюмдун стратегиясы жөнүндөгү маалыматтары боюнча кыймылда өнүгүүнун беш баскычы болгон. «Биринчи — жашыруун түрдө ишти алып баруу жолу. Бул жол кыймылдын катарын кеңейтүү, кыймылга жаңы мүчөлөрдү кошуу ролун аткарат. Экинчи — материалдык баскыч. Кыймылдын финансылык мүмкүнчү- лүктөрүн кеңейтүү, материалдык жактан колдоо көрсөтүү, кыймылдын мүчөлөрүнө жумуш беруу жана алардын кыймылга кошулуусун баскыч менен уюштуруу. Үчүнчү, руханий баскыч — жактоочуларды окутуу жана кыймылдын максаттарын тушундуруу. Төртүнчү — кыймылды бардык жерде жайылтуу. Бешинчи, акыркы баскыч — эркин, туз шайлоо же күч колдонуу менен революция жолу менен бийликти ба¬сып алуу жана Фергана орөөнүндө ислам мамлекетин түзүү. Мындан ары бүт дүйнөдө халифат куруу». 2005-жылы Андижанда болуп өткөн окуялар үчүн жоопкерчиликти «Акрамия» өз мойнуна алган. Балким кыймыл үчүн Андижан окуясы биринчи «сынак шаары» болду.
Олдашевдин жактоочулары арасында ишкерлер коп. «Ак-рамисттер» дин баамында, алардын лидерлеринин окуулары финансылык жактан енугууну четке какпайт, эгерде ал «ис¬ламдын руханий өнүгүшүнө жана окуусуна зыян келтирбесе».
 
== Аль-Каида ==
 
Аль-Каида (раб. «негиз», «база», «фундамент», «көз караш») — эң, радикалдуу ваххабиттик багыттагы эл аралык террордук уюмдардын бири. 1998-жылы Кения жана Танза- ниянын борбор шаарларында жайгашкан АКШнын элчиликтерннин имараттарын жардыргандан кийин дүйнөдөгү № 1 террористтик уюм статусунда кабыл алынган. «Аль-Каиданын» планында — бир катар ири террористтик актыларды пландашыруу жана ишке ашыруу, анын ичинде 2001-жылдын 11-сентябрында АКШдагы терракт бар. 2001-жылдын 11-сентябрынан кийинки «Аль-Каиданы» басынтуу чаралары менен байланыштуу болгон окуялардын чынжыры терроризмге каршы согуш катары таанымал.
Айрым булактарда «Аль-Каида» 1988-жылы 11-августта «Египет ислам жихадынын» бир нече жогорку жетекчилери Абдулла Аззам жана Усама бен Ладендин жолугушуусунда, совет аскерлери Афганистандан чегингендеп кийин, «Египет ислам жихадынын» тажрыйбасын Усама бен Ладендин акчасын дуйнө боюнча жихад жүргүзүү максатында бириктирүү чечими кабыл алынгандан кийин түзүлгөндүгү тууралуу маалымдалат. Жолугушуу Пешаварда (Пакистанда) болуи өтөт. АКШ башында турган дуйнөлүк коомчулуктун террорго кар¬шы узак мөөнөттүү күрөшүнө карабай (2001-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин), Аль-Каида Ливияда, Иракта, Алжирде, Малиде, Пакистанда, Афганистанда, Сирияда ж. б. болгон террордук окуяларда активдүү катышкан. Мындан кийин ар кандай өлкөлөрдө пайда болон жихаддык топтордун көбү бул уюм менен түз же кыйыр (идеологиялык) байланышты түзө башташкан. Бир катар эксперттер Аль-Каида кээ бир мамлекеттердин атайын кызматтарынын куралы катары пайдаланылганын жокко чыгарышпайт.