АмирОңдоо

Амир (перс., турк. Эмир) — «амара» буйруу, башкаруу этиш сөзү жана «амр» — буйрук, буюрма. Араб тилинен которгондо мусулмандар тобунун, кыймылынын, жамаатынын 1 «диний башкармасы» дегенди түшүндүрөт. Бул термин пайгамбардын сүннөтундө колдонулат. Пайгамбар бардык мусулмандардын амири катары саналган. Хадистерде 2 (пай¬гамбардын сөздөрөндө) бардык мусулмандарга сүннөткө ылайык өздөрүнө амирди (башкаруучуну) тандоо буйругу бар. Эгерде кичи жамааттарда мусулмандардын саны үчкө жетсе да арасынан бирөө амир болуп шайлапган. Топтун амирип мусулмандар саякатка чыгууда же диний иш чаранын алдында (мисалы, даваатка 3 чыккан учурда) шайлап алышат. Исламга ылайык кайчы пикирлерди (финта4), талаш-тартыштарды болтурбоо, диний топтордун (жамааттын) арасында тартипти (тартиб) камсыз кылуу максатында амирди шайлашкан.

АкрамияОңдоо

Акрамия — «Акрамия» тобу Өзбекстандын атайын кызматтарынын маалыматтары боюнча 1990-ж. ортосунда «Хизб ут-Тахрир» диний — экстремисттик уюмдун мурдагы мүчөсү, Өзбекстандын жараны Акрам Юлдашев тарабынан негизделген. өзүнүн идеологиясын ал «Ыйманга жол» («Иймонга йул») чыгармасында чагылдырган. Топтун негизги идеясы — Өзбекстанда эволюция жолу менен ислам мамлекетин түзүү. Бирок бийликти куч менен басып алуу тажрыйбасы да четте калган эмес. Атайын кызматтардын уюмдун стратегиясы жөнүндөгү маалыматтары боюнча кыймылда өнүгүүнун беш баскычы болгон. «Биринчи — жашыруун түрдө ишти алып баруу жолу. Бул жол кыймылдын катарын кеңейтүү, кыймылга жаңы мүчөлөрдү кошуу ролун аткарат. Экинчи — материалдык баскыч. Кыймылдын финансылык мүмкүнчү- лүктөрүн кеңейтүү, материалдык жактан колдоо көрсөтүү, кыймылдын мүчөлөрүнө жумуш беруу жана алардын кыймылга кошулуусун баскыч менен уюштуруу. Үчүнчү, руханий баскыч — жактоочуларды окутуу жана кыймылдын максаттарын тушундуруу. Төртүнчү — кыймылды бардык жерде жайылтуу. Бешинчи, акыркы баскыч — эркин, туз шайлоо же күч колдонуу менен революция жолу менен бийликти ба¬сып алуу жана Фергана орөөнүндө ислам мамлекетин түзүү. Мындан ары бүт дүйнөдө халифат куруу». 2005-жылы Андижанда болуп өткөн окуялар үчүн жоопкерчиликти «Акрамия» өз мойнуна алган. Балким кыймыл үчүн Андижан окуясы биринчи «сынак шаары» болду. Олдашевдин жактоочулары арасында ишкерлер коп. «Ак-рамисттер» дин баамында, алардын лидерлеринин окуулары финансылык жактан енугууну четке какпайт, эгерде ал «ис¬ламдын руханий өнүгүшүнө жана окуусуна зыян келтирбесе».

Аль-КаидаОңдоо

Аль-Каида (раб. «негиз», «база», «фундамент», «көз караш») — эң, радикалдуу ваххабиттик багыттагы эл аралык террордук уюмдардын бири. 1998-жылы Кения жана Танза- ниянын борбор шаарларында жайгашкан АКШнын элчиликтерннин имараттарын жардыргандан кийин дүйнөдөгү № 1 террористтик уюм статусунда кабыл алынган. «Аль-Каиданын» планында — бир катар ири террористтик актыларды пландашыруу жана ишке ашыруу, анын ичинде 2001-жылдын 11-сентябрында АКШдагы терракт бар. 2001-жылдын 11-сентябрынан кийинки «Аль-Каиданы» басынтуу чаралары менен байланыштуу болгон окуялардын чынжыры терроризмге каршы согуш катары таанымал. Айрым булактарда «Аль-Каида» 1988-жылы 11-августта «Египет ислам жихадынын» бир нече жогорку жетекчилери Абдулла Аззам жана Усама бен Ладендин жолугушуусунда, совет аскерлери Афганистандан чегингендеп кийин, «Египет ислам жихадынын» тажрыйбасын Усама бен Ладендин акчасын дуйнө боюнча жихад жүргүзүү максатында бириктирүү чечими кабыл алынгандан кийин түзүлгөндүгү тууралуу маалымдалат. Жолугушуу Пешаварда (Пакистанда) болуи өтөт. АКШ башында турган дуйнөлүк коомчулуктун террорго кар¬шы узак мөөнөттүү күрөшүнө карабай (2001-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин), Аль-Каида Ливияда, Иракта, Алжирде, Малиде, Пакистанда, Афганистанда, Сирияда ж. б. болгон террордук окуяларда активдүү катышкан. Мындан кийин ар кандай өлкөлөрдө пайда болон жихаддык топтордун көбү бул уюм менен түз же кыйыр (идеологиялык) байланышты түзө башташкан. Бир катар эксперттер Аль-Каида кээ бир мамлекеттердин атайын кызматтарынын куралы катары пайдаланылганын жокко чыгарышпайт.

Асбат аль-АнсарОңдоо

Асбат аль-Ансар — исламдык фундаменталдык террордук уюм. Уюм 1985-жылы Хишам Шрейди шейхи тарабынан тузүлгөн. Штаб-квартирасы Ливанда Сайда ш. аймагында «Айн аль-Хильва» палестина лагеринде жайгашкан. Бул жерде топтун 300 дөн ашык куралданган мүчөлөрү бар. «Асбат аль-Ансар» жашыруун түрдө «Аль-Каидага» ант берип, «Аль- Каиданын» тармагы менен тыгыз байланышта болгон. Алар негизинен согушкерлерге финансылык жардам көрсөтүшчү. 2007-жылы июнда Ливан бийлиги Бекаа өрөнүндө Ирак- тагы «Ал«-Каида» уюмуна таандык экстремисттердин тобун кармашкан. Алар «Асбат аль-Ансар» менен бирге даярданып, Ливандын аймагында жайгашкан Ливандагы Бириккен Улут- тар Уюмунун Убактылуу Күчтөрүнүн (ЛБУУУК) аскер кызматкерлерине жана башка объектилерге террордук кол салууну пландаштырышкан. 1990-жылдын ортосунда бул топ Ливандык дин лидерлерин өлтүрүшүп, түнкү клубдарды, театрларды жана шарап саткан дүкөндөрдү жардырышкан. Алар 1999-жылы декабрда Түндүк Ливанда болгон кагылышууларга катышкан жана 2000-жылы январда Бейруттагы Россия Федерациясынын элчилигине гранатометтон ок ачкан. 2004-жылы сентябрда топ менен байланышта болгон согушкерлер Италиянын элчилигине, Украинанын башкы консулдугуна жана Ливандын өкмөттүк мекемелернне террордук кол салууларды пландаш¬тырышкан. 2004-жылы октябрда «Асбат аль-Ансардын» мучөсү Махир ас-Саадиге, 2000-жылы Ливандагы Америка Кошмо Штаттарынын элчиси өлтүрүүнү пландаштыргандыгы үчүн өмүр бою камакка алуу өкүмү чыгарылган.

АхиратОңдоо

Ахират — (кырг. акырет) тиги дуйнө, а дуйнө — диний түшүнүк боюнча өлгөн адам баруучу башка чыныгы дүйнө, адам өлгөндөн кийин жашоочү дуйнө. Башкача айтканда му- сулмандар бул сөз менен бул дүйнөнүн аягын, акыр заманды аташат.

Ахль аль-КитабОңдоо

Ахль аль-Китаб — (араб. Китеп ээлери) «Китеп ээлери» же «китеп берилгендер» деп мусулмандар иудаизм жана христиан динин туткандарды аташат. Мындай атоонун негизги себеби, алар иудаизм жана христиан дининин негизин түзгөн, Аллах тарабынан пайгамбарлар жана ыйык китептер аркылуу жөнөтүлгөн динди тутунгандыгы болгон. Ыйык ки¬тептер үчүн алар ушинтип аталышкандыгы айтылат. Бул термин менен жогоруда аталган диндердин жактоочуларын бутпарастардан айырмалашат. «Китеп ээлери» өз динин ис¬лам мамлекеттеринде эркин тутуу укугуна ээ болушкан. Мусулмандарга алар менен тууганчылык мамиле түзүүгө (негизинен, Мухамеддин пайгамбардыгына чейин өз динин туткан

(китеп ээлеринин» аялдарын алууга уруксаат берилген) жана иш боюнча мамиле түзүүгө уруксат берилген. Өтө радикалдуу түшүнүктөгү топтордун күнүбүздөгү түшүндүрүүсү бо¬юнча (жихад-такфириттер кээ бир радикалдуу салафиттер- вахабиттер2) бүгүнкү күндөгү иудейлер жана христиандар «китеп ээлеринин» катарына киришпейт. Ушуга байланыштуу кол тийбестик укугуна ээ эмес жана мушрикун 3 (кеп кудайга ишенгендер) жана кяфирун6 (динсиз) деп жарыяланышат

АхмадияОңдоо

Ахмадия, Ахмадиялык Мусулман Коому (Кадианит) — исламдын кээ бир баалуулуктарын жамынган диний секта. «Ахмадия» негизинен Пакистанда, азыраак Иранда жана Афганистанда жайылган. Акыркы убакытта сектанын миссионерлери өзүнүн окуусун дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө активдүү пропагандалоону жүргүзүп жатышат. Мусулман улама илимпоздордун сектанын жолун жолдоочулар исламдан чыгып калган деген өкүмүнө карабастан, сектанын жактоочулары өздөрүн көп учурда «Исламдагы Ахмадиялык кыймыл» деп аташат. Ахмадия 1882—1889-ж.ж. Иидияда Пенджабда пайда болгон. Негиздөөчүсү Мирза Гулам Ахмад (1835—1908-ж.ж.) болгон. Ал буга чейин кызматчы, кийин диний угуттөөчу болуп таанылган. Мирза алгач жөнөкөй суннит-мусулман бол¬гон. Адашкандан кийин өзун улуу окумуштуу, андан кийин— Мухаммед пайгамбардын окуучусу, андан кийин исламда пай¬да болуучу Махди 5 жана «Эңсеген Мессия», «Иисус», кийин «Мухаммед пайгамбардын кайра жаралганы», андан кийин— жаңы пайгамбар жана бардык пайгамбарлардын бир учурда кайра жаралуусу, «кудайдын уулу», жана эң акырында өзүн кайрадан жаралган Кудай деп жарыялаган.

Бид'аОңдоо

Бид'а (жаңылык, жаңылык киргизүү) — бул динде болбогон, Мухаммед пайгамбардын жана анын жактоочуларынын өмүрү өткөндөн кийин ислам динине киргизилген жаңылыктар. Күнүмдук турмушта ар бирибиз кеп учурда исламдагы жаңы көрүнүштөр тууралуу талаш-тартыштардын күбөлөрү болуп келе жатабыз. Бид'аны аныктаган жана бири- биринен аиырмаланган эки көз караш белгилүү: 1.Кээ бирлер «киргизилген жаңылык» деп Мухаммед пайгамбардын өмүрү өткөндөн кийин кылымдар бою мусулман коомунда пайда болгондун баарын эсептешет. Алардын бид'а термини тууралуу түшүнүгү кыйла кенен. Алар бардык жаңылыктарды «жаман» жана «жакшы» деп экиге бөлүшөт. «Жакшы» жаңылыктарга (бид'а аль-хасан) алар Курандын жана Суннөттун жоболоруна каршы келбегендин баарын киргизишет, мисалы, үн күчөткүч аркылуу намаз окууга чакыруу (азан); ал эмн «жаман» (бид'а ас-саййиа) деп — Куран жана Суннөткө каршы келгендин бардыгы саналат. Ушинтип, кээ бир ислам агымдарындагы ар кандай жаңылыктар салттуу терминология турундө укуктук маселелерде жолуга баштады: ваджиб, мандуб, мубах, макрух жана харам Мисалы, фикха 2 ыкмасы менен араб тилинин грамматикасын окуу, алардын ою боюнча милдеттуу түрдө кирги¬зилген (ваджиб) ж а ныл ы к болуп калды, ал эми сунниттик дин окуусуна каршы келген кээ бир секталардын кез кара- шын, алар тыюу салынган (харам) жаңылык деп аташкан. 2.Бирок мусулман уламаларынын башка бөлүгү диндеги жанылык киргизүү маселеси боюнча жогоруда берилген көз караштар менен макул эмес. Алар Куранда жана Суннөттө негизи бар нерсени бид'а аль-хасан деп атоого болбойт деп эсептешет. Тагыраак айтканда, исламдын алгачкы булактарында аталып кеткен диндин негизги идеяларын жанылык киргизүү деп атоого болбойт, эгерде кийин кээ бир тушунуктөр, же нерселер өнүгуугө дуушар болсо да. Жаңылык кирги¬зүү деп Куранда же Суннөттө каралбаган принципиалдүү жаны нерсени атоого болот. Жогоруда көрсөтүлгөн динге жа¬ңылык киргизүү маселеси боюнча эки көз караштын ортосунда бир гана окшош позиция каралууда. Экөө тең диндин рухуна каршы келүүчү жанылыктарды кабыл албайт. Мындан тышкары, динге «жакшы» жаңылыктарды киргизүүгө уруксаат берүү ортодоксалдык диндин башка салттар менен аралашуусуна алып келиши мумкун. Ошондуктан бид'а маселеси бо-юнча экинчи көз караш ортодоксалдуу уламалардын чөйрөсүндө кыйла жайылган болуп саналат. Бирок эл арасында биринчи көз караш орундалган, анткени ал аркылуу алар кээ бир улуттук салттарын жана үрп адаттарын динге киргизип, исламдыкы катары көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

ВакуфОңдоо

Вакуф (вак'ф, көптүк түрү аукаф; түрк. vakif) — ислам укугунда мамлекет же башка адам тарабынан кайыр-садака максатында берилген мүлк. Вакуфка пайда (киреше) келтирүүчү жана коротулбаган (мисалы, вакуфга акча берилбейт) кыймылсыз жана кыймылдуу ажыратылбас мүлк кириши мүмкүн. Вакуфга өз мүлкүн өткөрүп берген адам вакуфтун негиздөөчүсү деп аталат.

Окшош макалаларды бириктирүүОңдоо

Саламатсызбы...Profilsanjar Сиздин Кыргыз Уикипедиясына салым кошуп жатканыңыз үчүн ыраазычылык билдирем.Бирок сиз окшош макалаларды ачып жатасыз..башкача айтканда мурда түзүлгөн макалардын маңызына төп келген макаларды кайра-кайра кайталап ачып жатасыз..сизден сураныч .Макаланы ачаардан мурун, ошондой аталыштагы макаланын бар же жок экенин текшерип билип алсаңыз.

N Сиз түзгөн макалаңыз Бул макалага биригиши керек
1 Имам кыргызча Имам
2 Жихад кыргызча Жихад
3 Жамаат кыргызча Жамаат
4 Ваххабизм кыргызча Ваххабизм
5 Бид'а Бида
6 Ахмадия кыргызча,
Ахмадия кыскача
Ахмадия
7 Ахират Акырет

Сиз бул макалаларды бириктиришиниз керек..ошондо сиздин салымыңыз ошол бойдон калат..эгер бириктирбесеңиз сиздин макалаларыңызды өчүрүүгө сунуштайм.Кийин сиздин эмгегиңиз текке кеткен болот..Андыктан бириктирүүңүздү суранат элем.ишиңизге ийгилик!!!Урматтым менен Абдырашит Сатылганов (баарлашуу)

Урматтуу Profilsanjar!

Салымдарыңызга ыраазычылык билдирем.
Макала баштоодо - ал макала барбы-жокпу текшерип алууңузду сунуштайм.
Макала жазууда сөзсүз булакка шилтеме бериңиз.
Талапка жооп бербеген макалалар, берилген эскертүүдөн кийин оңдолбосо өчүрүлө тургандыгын эсиңизге сала кетейин.
Суроолоруңуз болсо мага кайрылуудан эч тартынбаңыз.
Сизди урматтап, --Askar Nazyrov (баарлашуу) 06:26, 31 январь 2017 (UTC)