Рибофлавин: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 55 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q130365 (translate me)
+ Riboflavin.svg
1-сап:
[[Файл:Riboflavin.svg|thumb|Рибофлавин.]]
'''Рибофлавин''' (В В2 [[Витаминдер|витамини]]) башка витаминдер сыяктуу эле [[Организм|организм]]дин өсүүсүнө катышып, өсүү [[Факторлор теориясы|фактор]]у болуп эсептелет. Ал белок, май, углевод алмашуу процессине катышат. Жаралардын айыгышына түрткү берет, борбордук нерв системасынын абалын жөнгө салат, көздүн тунук челиндеги, чечекейдеги жана торчо катмарындагы зат алмашуу процессине таасир этип, жарыкты көрүүнү жана түстү ажыратууну камсыз кылат, балдардын [[Организм|организ]]минин өсүү жана өөрчүшүнө таасир берет. В2 витаминин суткалык керектөө дозасы чоң кишилерде 1,9—3,0 мг, балдарда 1,0—3,0 мг. В2 витамининин жетишсиздигинен эрин кургап жарылат, эриндин бурчтарында жара (к. Жамажай) пайда болуп, бармактар кесилет, жарааттар кеч айыгат, чач түшөт, коньюнктивит жана блефарит болушу мүмкүн.
 
В2 витамини жумуртка, этте, боордо, ошондой эле дан жана чанактуу өсүмдүктөр: жер жаңгак, соя, жасмык, буурчакта, айрыкча ачыткы менен сүттө көп болот. Сүт кычкыл [[Бактериялар|бактерия]]лары рибофлавинди синтездегендиктен [[АЙРАНСУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ|айран]]да, ряженкада жана башка витамин көбөйөт. Рибофлавин ультракызгылт көк нурларга туруксуз, ошондуктан витамин препараттарын (күкүм, таблетка) жана бул витаминге бай тамак продуктуларын күн тийбеген жерлерде сактоо керек. [[Тамак-аш|Тамак]]ты бышырууда В2 витамини көп бузулбайт. Бул витамин [[Суутек|сууда]] эрүүчү витаминдерге кирет.
 
==Колдонулган адабияттар==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
* Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4
 
[[Категория:Ден соолук]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Рибофлавин" булагынан алынды