Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м revert blatant vandalism, remove html
23-сап:

== Өмүр баяны ==
'''Карл Генрих Маркс''' (HugeKarl Dick Guy)Heinrich Marx, (1818—1883) — [[яхуди]] [[философ|философу]], [[дебилизм|марксизмди]] негиздөөчү. [[Германия|Германияда]], [[Трир|Трирде]] туулған. Бонн университетинде уқуқту оқуп-үйрөнөт, кийин [[Берлин|Берлинге]] қоторулат да, ал жерде философияны оқуп-үйрөнө баштайт. [[доктор|Докторлуқ]] диссертациясын 1841-жылы қорғоғондон кийин журналистика жағында эмгектенип, саясый жана социалдық маселелер боюнча мақалаларды жарыялайт. 1842-жылы [[Рейн]] газетасынын редактору болот, бироқ прусс өкмөтү газетаға тыюу салғандан кийин жаш аялы менен [[Париж|Парижге]] келип, Немец-[[француз]] бир жылдығынын редактору болуп иштейт. 1849-жылы [[Лондон|Лондонғо]] көчүп келишет да, ал жерде өмүрүнүн ақырына чейин жашайт.

Бул мезгил оор материалдық турмуш абалына жана эки баласынын ымырқай қурағында чарчап қалғандығына байланыштуу Маркстын өмүрүндөгү оор мезгил болғон.

== Маркстын философиялық көз қараштары ==
[[File:KarlMarx3.jpg|thumb|left|Карл Маркс.]]
Маркс өзүнүн [[философия|философиялық]] көз қараштарын XIX қылымдын 30-жылдарынын аяғында, Гегелдин философиясы үстөмдүк қылып турған Берлин университетинде қалыптандыра баштайт. Гегелдин жолун жолдоочулар жаш гегелчилер болушқан, алар бардық эле маселелер боюнча Гегелди ээрчишкен эмес, ошондой болсо да адамдын өзүн өзүнөн ажыратуусун жоюу жана өзүн өзү аңдап, таанып-билүүнүн тарыхый жана диалектикалық процесси арқылуу адамзатты боштондуққа чығарууну көздөшкөн. Алар динди ажыратуунун формасы қатарында қараған. Фейербахтын идеяларынын таасири астында ақыйқат түшүнүктөр деп эсептелген [[Абсолют]] жана [[Дух]] түшүнүктөрдү четке қағат жана анын ордуна адамды жана адам аң-сезимин өз философиясынын борборуна қоёт. Жалданма эмгек, өндүрүш, соода жана ақча менен байланыштуу болғон социалдық мамилелерди ал адамзат тарыхынын анықтоочу күчү катарында қарай баштайт. Қоомдун өнүгүшүнүн белгилүү бир басқычында пайда боло турған қоомдуқ мамилелер, дейт Маркс, өндүрүштүн материалдық күчтөрүнүн өнүгүү басқычына ылайық келет, мунун баары чоғуусу менен алғанда қоомдун экономикалық түзүлүшүн түзөт. Ал мындай деп жазат: «Материалдық жашоо-турмушту өндүрүү жолу турмуштун социалдық, саясый жана руханий процесстеринин жалпы мүнөзүн анықтайт. Адамдардын бытиесин алардын аң-сезими анықтабайт, тескерисинче алардын қоомдуқ бытиеси алардын аң-сезимин анықтайт» (Саясый экономияны сынға алууға кириш сөз).

== Маркс қоом тууралу ==
[[File:Marx3.jpg|thumb|Карл Маркс]]
Маркс, қоом өзүнүн өнүгүшүндө белгилүү бир чекке жеткенде өндүрүштүн [[материал|материалдық]] күчтөрү менен жашап турған өндүрүш мамилелеринин ортосунда қағылышуу пайда болот, мунун натыйжасында алар қоомдун өнүгүшүнө тосқоолдуқ қыла баштайт. Бул социалдық революцияларды жаратат деп эсептейт. Ошол эле убақта Маркс «бардық өндүргүч күчтөр өнүкмөйүнчө бир да түзүлүш жоқ болуп кетпейт, эски қоомдун түпкүрүндө жашоо үчүн материалдық шарттар бышып жетилмейинче жаңы бир қыйла жоғору өндүрүштүк мамилелер эч қачан пайда болбойт» деп баса белгилейт. Өндүрүш мамилелери деп ал жер ээси менен жалданма жумушчунун, заводдун ээси менен жумушчунун жана башқалардын ортосунда пайда болуучу мамилелерди түшүнөт. Алар қоомдун [[экономика|экономикалық]] структурасын түзөт жана саясый, моралдық жана руханий надстройканын негизи болуп саналат.

== Материалдық жана физикалық реалдуулуқ ==
Маркстын негизги қорутундусу жашоо-турмуштун бардық тарабы материалдық [[фактор|факторлор]] менен анықталат дегенде турат. [[Гегель]] Духтун улам көбүрөөк бийик өздүк аң-сезимге қарай зарыл түрдө өнүгө беришине ишенгендей, Маркс да адамдын материалдық жашоо-турмушу жана адам жаратылышы зарыл түрдө өнүгүп отуруп гармонияға жана биримдикке келерине ишенген.

Маркстын көңүлү [[руханий]] реалдуулуққа эмес, материалдық жана физикалық реалдуулуққа бағытталған. Ал жумушчу табын өзүндө жақырчылықты жана ашкере өзүн өзү ажыратууну (самоотчуждение) чағылдырған күч қатарында қараған. Маркстын ою боюнча, адамдын маңызы нерселерди түзүүдө, бироқ жеке менчиктин алқағында эмес, қоомдуқ менчиктин алқағында түзүүдө турат. Ошондуқтан адамдын жашоо-турмуш шарты жеке менчикти жана эмгек адамын эксплуатациялооғо жол берүүчү эмгек системасын жоқ қылуу жолу арқылуу өзгөрүлүүгө тийиш.

Булардын баары адамдарды, бардық нерселерге рынок турғусунан қарай турған шарттан бошотууға алып келүүгө тийиш.

== "Капитал" чығармасы ==
Маркс өзүнүн экономикалық теориясын «Капиталда» өнүктүрөт. Ал [[капитализм]] келечекте өзүн қыйратып жоқ қылуучу урукту өзүндө қамтып турарын көрсөтүүгө умтулат. Капиталисттер өз пайдаларын жумушчулардын эсебинен жетише турған қошумча нарқты ээлеп алуунун негизинде топтошот деп эсептейт. Ошондуқтан капитализмдин өнүгүп отурушуна байланыштуу эмгек менен капиталдын өз ара қатышы тақай азая берет. Бул демек ақырында келип пайда азаят жана бул өз кезегинде капитализмдин бузулушуна алып келет дегендик.

Маркстын бул концепциясы мезгил сыноосунан өтө алған жоқ.

== Маркс теориясынын сиңиpген эмгеги ==
Маркстын [[теория|теориясынын]] сиңирген эмгеги чоң. Баарынан мурда марксизм капитализмди майда-чүйдөсүнө чейин жана оригиналдуу түрдө сынға алууну ишке ашырды, бул сын негизинен бүгүн да таасирин жоғоткон жоқ. Ал капитализмге мүнөздүү кемчиликтерди жеңип чыға ала турған жана интеллектуалдық ой-пикирдин социалисттик салтардын нуғунда турған қоомдун жаңы келечегин өнүктүрөт. Марксизм адам жаратылышын жана эркиндигин терең түшүнүүнү көтөрүп чығып, аны өнүктүрдү. Марксизм XIX жана XX қылымдардын көптөгөн ойчулдарына чоң таасир көрсөткөн. XX қылымда марксизмдин таасири астында неомарксизм деп аталған философиялық ағым пайда болду, бул ағым Маркстын идеяларын азырқы замандын көз қарашына ылайықтап интерпретациялады.

== Қолдонулған адбияттар ==
* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялық оқуу қуралы.-Б.:2004,ISBN 9967-14-020-8
* Ленин В.И., [http://maoism.ru/ky/4211 <nowiki>«Карл Маркс (марксизмди баяндоо мененжазылган кыскача биографилык очерк)» [деген макаладан]</nowiki>]

[[Category:Философия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Карл_Маркс" булагынан алынды