Мамашева Гүлсүн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Мамашева Гүлсүн''' (3. 11. 1947-жылы туулган, Жалал-Абад областы, Аксы району, Ренжит айылы) – артист, ырчы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1994), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2011). 1971-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Г. Мамашева – Совет доорунда Кыргызстанда биринчи түзүлгөн Ч. Кожомжаров жетектеген эстрада ансамблин алгачкы солисттеринин бири. 1971–83-жылдары К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде солист, 1983–87-жылдары Ысык-Көл областтык К. Жантөшев атындагы Кыргыз драма театрында артист болуп иштеген. Анын аткаруусунда «Кыштак четинде», «Жибек чач», «Ырдап кой», «Жаштык вальсы», «Назгүлүм» ж. б. ырлары Кыргыз телерадиосунун алтын казынасына жазылган. Ал театр жана кинодо да каармандардын образын жеткиликтүү ойногон. Аткарган ролдору: Чынар (Ж. Бөкөнбаев «Алтын кыз»), Зулайка (Ж. Турусбеков «Ажал ордуна»), Асел (Ч. Айтматов «Кызыл жоолук жалжалым»), Алтын (А. Дыйканбаев «Түпкүрдөгү сыр») ж. б. Г. Мамашева – «Жаралуу аркар» (2007) китебинин автору. Ж. Шералиев атындагы (1995), Ч. Айтматов атындагы (1997) эл аралык сыйлыгынын лауреаты.
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Маданият]]
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Музыка]]
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Ырчылар]]
[[Категория:Обончулар]]
[[Категория:Кыргыз театры]]
[[Категория:Театр]]
[[Категория:Нарын облусу]]
[[Категория:Жалал-Абад облусу]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7