Бишкек: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
м no summary specified |
||
62-сап:
|сайтынын тили = ru
}}
'''Бишкек''' – [[Кыргызстан|Кыргыз Республикасынын]] саясий, экономикалык, илимий, өнөр жай жана маданий [[Борбор|борбору]] жана өлкөдөгү эң ири шаары. Өзгөчө бир административдик бирдиги. [[1878]]-жылы негизделген. Аянты 12,7 миң га. Калктын саны - 874,4 миңге чукул (2012). Өлкөнүн түштүк аймактарына окшобой, калктын арасында [[орус]] жана орус тилде сүйлөшкөндөрүн пайызы жогору. Бишкек шаарында 4 адм.-айм. бирдик — Биринчи Май, Ленин, Октябрь, Свердлов райондору, Чоңарык шаарчасы (8,2 миң адам) жана Ортосай айылы (4,5 миң адам) бар. Кыргыз Республикасынын түндүк тарабындагы, [[Чүй өрөөнү]]ндө, [[Теңир-Тоо]]нун астында, [[Кыргыз
== Административдик-аймактык бөлүнүшү ==
100-сап:
Шаардын борбору кокондуктардын мурдагы чеби [[Бишкек чеби]]нин аймагында (Аламүдүн суусунун сол жээги, кийин «Темир усталар чеби» деп аталып калган шаар чалдыбарынын орду) жайгашкан. Шаар 8-кылымындан 15-кылымдын башына чейин өнүгүп, моңголдордун жапырыгында бүлгүнгө учураган жана бир аз убакыттан кийин кайта жанданып, тиричилик 18-кылымга чейин созулган. Андан кийин шаар биротоло ээн калган. Айрым маалыматтар боюнча 18-кылымында [[солто уруусу]]нан чыккан Бишкек аттуу адам ушул чөйрөнү жердеп, журтун душмандан коргоп турган. 19-кылымдын башында кыргыз феодалдарынын өз ара чатагынан пайдаланган [[Кокон хандыгы]] Чүй өрөөнүн басып алып, жергиликтүү элди башкарып туруу үчүн бир катар чеп курдурган.<br />
Кокондуктардын негизги чыңдоолорунун бири катары Чүй өрөөнүн борбор бөлүгүндө курулган чеп — Бишкек чеби аталган (бул аталышты колониячылар [[Пишпек]] деп бурмалап, өзгөртүп айтышкан). Бул чеп Аламүдүн суусунун батыш жагында азыркы «Темир усталар чебинин» ордунда 6га жерди ээлеген. Борбор Азияны ээлеп алууга умтулган Орусия аскерлери 1860-жылы 4-сентябрда Бишкек чебин убактылуу басып алган. Бирок алар кетээри менен мында кокондуктардын бийлиги кайра орногон. 1862-жылы сентябрда падыша аскерлери Байтик башында турган кыргыздардын жардамы менен чепти 2-ирээт ээлеп, аны биротоло талкалаган. 1864-жылы анын урандысынын жанында казак-орустардын бекети, ага удаа чакан базар, 1887-жылы ат-почта бекети курулган. 1868—70 жылдары шаардын азыркы чегинде орус келгиндери Аламүдүн жана Бишкек айылдарын негиздешкен. 1865-жылга чейин чүйлүк кыргыздар акимий жактан
VII-кылымындан баштап Бишкек калаасы Жул шаарчасы катары таанымал болчу. 1825-жылында [[Чүй өрөөнү|Чүй]] өрөөнүндөгү Пишпек аттуу калаасы эң ири аскерканасы (гарнизон) менен кошоо курулган. Орус аскердери калааны 2 жолу (Аяк оона айынын (сентябрь) 4, 1860 жана тогуздун айынын (октрябрь) 24, 1862) басып алышкан. 1862-жылдын Жетинин айында (ноябрь) калаа талкаланган. Эки жыл өткөндөн соң, анын ордуна *казак пикети орнотулуп, кийинерек базар чогула башталды. 1868-жылы Пишпек аттуу конуш курулган. Чын куран айынын (апрель) 29, 1878-жылы уезддын ([[Жети-Суу]] дубаны) борбору Пишпеке которулган. Ошол учурдан бери Пишпек (Бишкек) шаар наамдын ээси.<br />
214-сап:
Бишкек шаары Республиканын [[илим]], [[билим]], саламаттыкты сактоо, [[көркөм өнөр]] жана [[маданият]] мекемелеринин көпчүлүгү жайгашкан ири борбор катары белгилүү. Республиканын илим изилдөө мекемелеринин дээрлик бардыгы Бишкек шаарында жайгашкан. Билим берүү жагынан 2002/2003-окуу жылында 25 жогорку окуу жайында 65,4 миң студент (алардын 85,0%и контракт менен) окуган. Жогорку окуу жайларында 4594 мугалим иштеп, алардын 226сы илимдин доктору, 1400 илимдин кандидаты. Шаарда жалпы билим берүүчү 116 орто мектеп, алардын ичинен 3 жатак-мектеп, 3 атайын мектеп жана 3 кечки мектеп иштеп, аларда 104,3 миң окуучу окуп, 5570 мугалим эмгектенген. Ушул мектептердин кээ бирлери гимназия, лицейлер жана 20 жеке менчик мектептер. Жеке менчик мектептерде 1,9 миң окуучу окуган. Ар кандай сабактарды тереңдетип окуткан мектеп, гимназия жана лицейлердин саны 32. Бардык мектептердин көбүндө информатика кабинеттери бар. Дээрлик бардык мектептерде китепкана жана ашкана иштейт. Шаардын мектептеринде бир класста орт. алганда 27 окуучу окуп, бул республикада эң жогорку чек болуп саналат. Саламаттыкты сактоо тармагында 2002-жылы 9680 орундуу (10 миң адамга 163 орун) 32 оорукана болуп, аларда ар түрдүү адистиктеги 3792 дарыгер (10 миң адамга 97 дарыгер) жана 7253 медициналык орто билимдүү кызматкер (10 миң адамга 122) иштеген. Башкача айтканда ооруканалардагы орундарды калктын 10 миң адамына эсептегенде, шаардын деңгээли Республиканын орто көрсөткүчүнөн 1,8 эсеге, ал эми врачтардын саны боюнча 2,9 эсеге жогору болгон. Бишкекте өлкөнүн ири мейманкалары, базарлары, дүкөндөрү ж.б. жайгашкан.
[[Файл:Cosmopark.jpg|left|thumb|Космопарк ]]
Алар: «Достук», «Аккеме», «Саякат», «
== Климаты ==
311-сап:
* [http://iuk.kg Кыргыз Эларалык Университети]
* [[Эл аралык Ататүрк-
* [http://manas.kg Кыргыз-Түрк "Манас" Университети]
* [http://auca.kg Борбордук Азиядагы Америка Университети]
|