Роза гүлдүүлөр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Rosa arvensis 1.jpg
+ links
1-сап:
[[Файл:Rosa arvensis 1.jpg|thumb|''Rosa arvensis''.]]
'''Роза гүлдүүлөр''' (''{{lang-la|Rosaceae''}}) – [[Өсүмдүктөр|өсүмдүктөрдүн]] эки үлүштүүлөр классынын тукуму. Дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөр. Жалбырагы, көбүнчө жан жалбырактуу, кезектешип жайгашкан. Гүлү айрым жыныстуу, жалгыздан же топ гүлдүү. Гүл коргону, көбүнчө 5 мүчөлүү, аталыгы көп. Мөмөсү – кутуча, алма, данек ж. б. Айрым колдо өстүрүлгөн Роза гүлдүүлөрдүн мөмөсү уруксуз жана партенокарптуу. Жер бетинде 115ке жакын уруусу, 3000ден ашык [[Түр|түрү]] Түндүк жарым шардын мелүүн жана субтропиктеринде таралган. КМШ өлкөлөрүндө 55тей уруусу, 700дөн ашык түрү, Кыргызстанда 134төй түрү кездешет. Роза гүлдүүлөргө мөмө дарактар [алма, алмурут, бий алма (айва), чие, өрүк, шабдаалы, кара өрүк ж. б.], жемиштүүлөр (дан куурай, кулпунай, кожогат, бүлдүркөн ж. б.), кооз өсүмдүктөр (роза, спирея ж. б.) жана дары-дармек өсүмдүктөр (долоно, ит мурун ж. б.) кирет.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
[[Категория:Өсүмдүктөр]]