Хоббит: Күтүлбөгөн сапар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''"Хоббит: Күтүлбөгөн сапар"''' ({{lang-en|The Hobbit: An Unexpected Journey}}, {{lang-ru|Хоббит: Нежданное путешествие}}) — 2012-жылы тартылган эпикалык фантастикалык окуя тасмасы. Режиссеру [[Питер Жексон]]. Бул [[Жон Роналд Руэл Толкин|Жон Роналд Руэл Толкиндин]] 1937-жылы жарык көргөн "Хоббит" романына негизделип тартылган үчилтиктин алгачкы сериясы. Андан кийин "[[Смаугдун ээн талаасы]]" (2013) жана "[[Беш аскер күчүнүн салгылашы]]" (2014) экрандаштырылган. Булар Жэксондун "[[Шакектер ээси]]" үчилтик тасмасынын приквели же башаты болуп эсептелет. Тасманын сценарийин жазгандар Петер Жэксон жана анын көп жылдан берки өнөктөштөрү [[Фрэн Уэлш]], [[Филиппа Бойенс]] жана [[Гуллермо Дел Торо]].
 
Тасмадагы окуя Ортолук дүйнөдө "Шакектер ээсиндеги" кубулуштар башталганга чейин 60 жыл мурун орун алат жана фильмдеги айрым бөлүктөр Толкиндин "Падышанын кайтып келиши" тиркемесинен ылайыкташтырылып алынган. "Күтүлбөгөн сапар" Билбо Бэггинстин ([[Мартин Фриман]]) окуясы тууралуу баяндайт. Ал Торин Эменкалкандын ([[Ричард Армитиж]]) башчылыгы астында 13 эргежээл менен бирге Жалгыз тоону ажыдаар Смаугдан куткарып келүү үчүн жолго чыгат. Аны сыйкырчы Гэндалф ([[Айан Маккеллен]]) көндүрөт. Актердук топко [[Жэймс Несбитт]], [[Кен Стотт]], [[Кейт Бланшетт]], [[Иэн Холм]], [[Кристофер Ли]], [[Хюго Уивиң]], [[Элия Вуд]], [[Энди Серкис]], [[Силвестер Маккой]], [[Бэрри Хамприс]] жана [[Ману Беннетт]] киришкен.
 
"Күтүлбөгөн сапардын" бет ачары [[Жаңы Зеландия|Жаңы Зеландияда]] 2012-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн. Ал эми дүйнө жүзү боюнча кинотеатрларда ошол эле жылдын 28-ноябрында көрсөтүлө баштаган. Тасманын кассалык жыйымдары "Шакек бир туугандар" менен "Эки мунараны" артта калтырып бир миллиард доллардан ашкан. 2012-жылдын эң көп киреше алып келген 4-тасмасы, ал эми жалпы жонунан бардык тасмалардын ичинен эң көп киреше алып келген 26-кино болуп калган. Киносынчылардын баасы бир беткей болбогону менен тасма [["Оскар" сыйлыгы|Оскардын]] "Эң мыкты визуалдык эффект", "Эң мыкты сүрөтчү-коюучу" жана "Эң мыкты чач жасалгасы жана грим" номинациялары боюнча сыйлыкка көрсөтүлгөн. Ошондой эле тасма Британия киноакадемиясынын үч категориясы боюнча да сыйлыкка көрсөтүлгөн.
 
== Сюжети ==