Вигго Мортенсен: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Вигго Питер Мортенсен кичүүсү'''({{lang-en|Viggo Mortensen}};/ Viːɡoʊ mɔːrtənsən /; Danish: [ʋiːɡ̊o mɒːd̥n̩sn̩]; 1958-жылы туулган) - даниялык-америкалык актер, музыкант, фотограф, акын жана сүрөтчү. Ал чыгармачылыгынын башаты Питер Уирдин " [[Күбө]]" (англ. Witness, 1985) триллеринде эпизоддогу ролго туура келет. Актер андан кийин көптөгөн белгилүу тасмаларга тартылган: "[[Качкын индеец]]" (англ. The Indian Runner (1991), "[[Карлитонун жолу]]" (англ. Carlito's Way, 1993), "[[Кызыл агым]]" (англ. Crimson Tide, 1995), "[[Жарык]]" (англ. Daylight, 1996), "[[Аялдын портрети]]" (англ. The Portrait of a Lady, 1996), "[[Жоокер Жейн]]" (англ. G.I. Jane, 1997), "[[Кынтыксыз өлүм]]" (англ. A Perfect Murder, 1998), "[[Айга жүрүш]]" (англ. A Walk on the Moon, 1999) жана "[[28 күн]]" (англ. 28 Days, 2000).
 
2000-жылдардын башында В. Мортенсен "[[Шакектер кожоюну |Шакектер кожоюну]]" (англ. The Lord of the Rings) эпикалык трилогиясында Арагорндун ролун аткарып эл аралык коомчулукка таанылган. 2005-жылы Дэвид Кроненбергдин "[[Зомбулук]]" ( A History of Violence) криминалдык триллериндеги ролу үчүн алкыштарга арзыган Эки жылдан кийин режиссер Кроненбергдин дагы бир тасмасы "[[Чыгыштагыдай убада берүу]]" (англ. Eastern Promises, 2007) курч сюжеттүү тасмасындагы ролу ийгиликтүү болуп, "Эң мыкты актер" номинациясында [["Оскар" сыйлыгы|"Оскар" сыйлыгына]] талапкер болгон. Режиссер Кроненбергдин үчүнчү "Коркунучтуу ыкма" (англ. A Dangerous Method, 2011) тасмасындагы Зигмунд Фрейддин ролу [["Алтын глобус" сыйлыгы|"Алтын глобус" сыйлыгынын]] "Көркөм фильмде экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясына көрсөтүлгөн. Жакшы кабыл тасмалардын катарына Роберт Паркердин романынын негизинде тартылган "[[Аппалуза]]" (англ. Appaloosa (2008), Альберт Камустун аңгемесинин негизиндеги "[[Адамдардан алыс]]" (англ. Far from Men) тасмалары аталат. Ал "Оскар" сыйлыгына экинчи жолу "Эң мыкты актер" номинациясында 2017-жылдагы 89-аземинде " [[Капитан Фантастик]]" (англ. Captain Fantastic) тасмасындагы ролу үчүн талапкер болгон.
 
Актер көп кырдуу талант болгондуктан, актерлук кесиптен сырткары, көркөм өнөр, фотография, поэзия жана музыкада өзүн сынап келет. 2002-жылы актер "Perceval Press" басма үйүн негиздеген, ал жаңыдан чыгып келаткан сүрөтчүлөрдүн жана жазуучулардын эмгектерин басып чыгарат.