Ханс Циммер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Ханс Флориан Циммер''' ({{lang-en|Hans Zimmer}};немецче айтылышы: [hans ˈfloːʁi̯aːn ˈtsɪmɐ] ( угуу) 1957-жылы 12-сентябрда туулган) — германиялык тасмага обон жаратуучу жана үн жаздыруучу продюсер. 1980-жылдан бери ал 150дөн ашуун тасмага музыка жазган. Ал «Арстан падыша» (бул эмгеги үчүн ал 1995-жылы «Оскардын» «Эң мыкты музыка» наамын жеңип алган), «[[Кариб деңизинин каракчылары]]» сериялары, «Ичке кызыл сызык», «[[Гладиатор]]», «[[Акыркы самурай]]», «Кара соотчон» үчилтиги, «Башталыш» жана «Интерстеллар» тасмаларына өз салымын кошкон.
 
Циммер Кошмо Штаттарга кеткенге чейин өзүнүн карьерасынын алгачкы жылдарын Бириккен Королдукта өткөргөн. Ал «DreamWorks» студиясынын тасмалык музыка бөлүмүн жетектейт жана өзү негиздеген «Remote Control Productions» (мурда Media Ventures деп белгилүү болгон) компаниясы аркылуу башка композиторлор менен кызматташат. Анын Калифорниянын Санта Моникасындагы студиясы тасма үчүн музыкаларды сынама түрдө ылдам жазып көрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн компьютердик түзмөк жана тергичтер менен жабдылган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ханс_Циммер" булагынан алынды