Жеймс Гандолфини: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Жеймс Жосеф Гандолфини кичүү''' ({{lang-en|James Gandolfini}};1961-жылы, 18-сентябрда туулган жана 2013-жылы каза болгон) - америкалык актер жана продюсер. Ал HBO телеканалындагы "[[Сопранолор]]" аттуу криминалдуу драмада италияндык-америкалык криминал чөйрөсүнүн боссу- Тони Сопранонун ролу менен белгилүү. Бул сериалдагы ролу үчүн ал көптөгөн мактоолорго арзыган жана үч " Эмми Сыйлыгын", үч "Киноактерлордун Гилдия Сыйлыгын" жана бир "[[Алтын Глобус]]" сыйлыгын жеңип алган.
 
Анын башка көрүнүктүү ролдору "[[Чыныгы сүйүү]]" (анг. True Romance, 1993) тасмасындагы Виргилдин ролу, "Кортогойду жүдөтүү" (анг. Get Shorty, 1995) тасмасында түрткү берүүчү жана каскадер Бирдин ролу, "[[Жапайы нерселер жашаган жер]]" (анг. Where the Wild Things Are, 2009) тасмасында Кэролдун ролу болуп саналат. Ал "Сөздөр жетиштүү" (анг. Enough Said, 2013) тасмасында Алберттин ролун аткаргандыгы үчүн көптөгөн мактоолорго арзыган жана жакшы сын-пикирлерге ээ болгон. Ошондой эле "Киноактерлордун Гилдия Сыйлыгы" наамына жана "Бостон Киносынчыларынын Коомчулугу" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" наамына көрсөтүлгөн.
 
"Сопранолор" сериалы бүткөндөн кийин Гандолфини "Тирүү кездеги эскерүүлөр: Ирактан мекенди көздөй" (анг. Alive Day Memories: Home from Iraq, 2007) аттуу документалдуу тасмага продюсерлик кылган. Бул тасмада ал Ирак согушунда жарадар болгон ветерандар менен баарлашкан. Ал эми анын "Согуштан азап чеккендер: 1861-2010" (анг. Wartorn: 1861–2010, 2010) аттуу документалдуу тасмасында, 1861-2010-жылдардын аралыгында Американын тарыхындагы бир нече согуштун америкалык үйбүлөөлөргө жана аскерлерге берген терс таасирин изилдеген.