Альберт Эйнштейн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
м Бот: (-"Нобель" сыйлыгына ээ болгон +"Нобель" сыйлыгына ээ болгон) текстин автоматтуу түрдө алмаштыруу
1-сап:
'''Альберт Эйнштейн''' ([[Англис тили|англ.]] Albert Einstein, айтылышы: /ˈaɪnstaɪn/; немис тилинде айтылышы: [ˈalbɛɐ̯t ˈaɪnʃtaɪn]; 1879-жылы 14-март – 1955-жылы 18-апрель) - немис физик-теоретиги.
 
Эйнштейн заманбап физиканын эки (кванта механика менен бирге) негизги тирөөлөрү болгон бирисини - салыштырмалуулук теориясын иштеп чыгарган. Эйнштендин эмгеги илим философиясына таасирин тийгизгени менен таанымал. Эйнштейн көпчүлүккө өзүнүн E = mc2 ("Дүйнө жүзүндөгү эң белгилүү теңдеме" деп аталган) күч менен массанын тең күчтүүлүк теңдемеси менен белгилүү. 1921-жылы ал кванта теориясынын өнүгүүсүнүн негизги баскычы болгон "теориялык физикага кошкон салымы, жана айрыкча фотоэлектрдик таасиринин мыйзамын ачканы үчүн" физика жаатындагы [[Нобель сыйлыгы|"Нобель" сыйлыгына]] ээ болгон.
 
Илимий изилдөөлөрүнүн баштапкы баскычтарында, Эйнштейн Нүтондун механикасы классикалык механика менен электромагнит талаасынын мыйзамдарын жараштыруу үчүн жетиштүү болбогондугун билдирген. Бул ой Эйнштейн 1902-1909-жылдар арасы швейцариялык патент кеңсесинде Бернде (Швейцария) жүргөн кезинде өзүнүн атайын салыштырмалуулук теориясын изилдөөгө алып келген. Ошентсе да, Эйнштейн, салыштырмалуулуктун негизги жобосун гравитация талаасына да таратуу мүмкүндүгүн ойлоп 1916-жылы кийин чыккан гравитациялык теориясы менен ал жалпы салыштырмалуулук жөнүндө макала жазган. Окумуштуу бөлүкчө теориясы жана молекулалардын кыймыл аракеттеринин себептерине жооп берген статистикалык механика менен кванта теориясынын суроолорун изилдөөнү уланткан. Ал ошондой эле жарыктын фотон теориясынын негизин түзгөн жарыктын жылуулук касиеттерин изилдеген. 1917-жылы Эйнштейн өзүнүн жалпы салыштырмалуулук теориясын ааламдын ири түзүлүшүнүн үлгүлөөсүндө колдонгон.