'''Промотор - ''''' — [[Транскрипция (ДНК)|транскрипция]] ''башталуучу оперондун бөлүгү. [[Дезоксирибонуклеин кислотасы|ДНКнын]] [[[[Транскрипция (ДНК)|Транскрипция]] (ДНК)|транскрипциясын]] жүзөгө ашыруучу [[Рибонуклеин кислоталары|РНК]] - полимераза ферменти менен өзгөчө байланышуучу, ДНКнын ондогон [[Дезоксирибонуклеин кислотасыНуклеотиддер|ДНКныннуклеотиддеринин]] ондогон нуклеотиддеринин кыска ырааттуулугу П. деп аталат. Позитивдик (оң) жөнгө салууда транскрипциянын натыйжалуу башталышы (инициация) үчүн [[белок|белоктун]] П-уна позитивдик көзөмөлдүн (активатордун) биригиши зарыл. Тескери (негативдик) жөнгө салууда ''оператордун репрессор ''менен байланышынын натыйжасында [[Рибонуклеин кислоталары|РНК]] - полимераза оперондун узатасы боюнча аракеттене албайт жана структуралык гендердин транскрипциясы жүрбөйт. Эгерде оператордо репрессор жайгашпаса, анда [[Рибонуклеин кислоталары|РНК]] - полимераза оперондун бардык структуралык гендерин транскрипциялайт. Оперондун [[[[Транскрипция (ДНК)|Транскрипция]] (ДНК)|транскрипциясын]] көзөмөлдөөчү репрессор жөнгө салуучу ген аркылуу коддолот. Репрессордун молекуласы операторду таануу бөлүгүнөн сырткары, аны активдештирүүчү же активдүүлүгүн төмөндөтүүчү эффекторду таануу бөлүгүнө ээ.
==Колдонулган адабияттар==
* [[Биология: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4