Чач: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
9-сап:
 
== Структурасы ==
[[Файл:Теринин түзүлүшү.jpg|thumb|right|[[Тери|Теринин]] катмакат түзүлүш схемасы. Чачтын кылтүбү көрсөтүлгөн.]]
Чачтын негизги структурасын белоктуу мүйүз катмар зат — кератин түзөт. Анын түсү, аны боёп туруучу пигмент — меланинге байланыштуу. Жаш улгайган сайын пигмент азайып, чач агаруу байкалат. Пигменти такыр жок Чач да кезигет (альбинизм). Чач түбүндөгү клеткалардын көбөйүүсүнүн натыйжасында өсөт. Адам денесинин ар кайсы жериндеги түктөрдүн өсүү ылдамдыгы ар башка. Орточо эсеп менен дени соо адамдын чачы 1 айда 1 смче өсөт. Ар бир тал Чачтын өсүү мезгили бар, андан кийин ал түшөт. Чач 50 жашка чейин жакшы өсөт. Чач дайыма өлүп жана түшүп турат. Өлгөн Чач башты жууп же тараганда оңой түшүп, ордуна жаңысы өсүп чыгат. Чачтын көп түшүшү көбүнчө ооруга, анын ичинде жугуштуу, көпкө созулган өнөкөт ооруларга, ошондой эле Чач түбүндөгү бездеринин функциясына байланыштуу.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Чач" булагынан алынды