Сократ: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Chaoborus moved page Сократ (философ) to Сократ |
+ links |
||
19-сап:
|Сайты =
}}
'''Сократ''' (биздин заманга чейин 469—399) — байыркы грек философу. Ал таш сомдоочу менен аначы аялдын уулу болгон. Ар тараптуу билим алган. Афинанын коомдук турмушуна активдүү катышат. Биздин заманга чейин 399-жылы ага каршы: «шаар сыйынган кудайларды урматтабайт, жаңы кудайларга сыйынууну үгүттөйт жана өспүрүмдөрдү бузгандыгы үчүн күнөөлүү» деген айып коюлат. Ал өлүм жазасына өкүм кылынып, уу —цикута ичип өлөт. Сократка ар тараптуу жана ургалдуу философиялык ишмерлик мүнөздүү, ал өзүнүн окууларын субхат формасында баяндайт. Ошондуктан, Сократтын көз караштары жөнүндө үч булак боюнча: [[Аристофан|Аристофандын]], [[Ксенофонт|Ксенофонттун]] жана [[Платон|Платондун]] чыгармалары боюнча билүүгө болот. Аристофан «Булуттарда» Сократтын образын шылдың түрүндө сүрөттөп, аны софист, астролог жана «физик», «ойкананын» ээси катарында көрсөтөт. Сократты күйдүргү сөздөр аркылуу шылдыңдап, Аристофан ошол кездеги натурфилософияга жана софисттик билимге ээ болууга кызыгуучулук сыяктуу адаттын жайылышын кордогон. Ксенофонт «Сократ жөнүндө эскерүүлөрүндө» Сократты жакшылык иштерге үйрөткөн такыба устат катарында сүрөттөп, анын мамлекетке карата мамилеси толук лоялдуу экендигин көрсөтөт. Ксенофонт Сократтын басмырлантылган образын берип, аны жаштарды бузду деп жок жерден айыпташканын белгилейт. Платон болсо Сократты терең ойчул катарында сүрөттөп, Платондун өз ойлору Сократтын атынан баяндалат. Сократка мүнөздүү болгон нерсе бул: ал софисттерге каршы чыгуу менен, ошол эле убакта өзүнүн чыгармачылыгында жана көз караштарында философиялык ишмерлигине софисттер үчүн мүнөздүү болгон өзгөчөлүктөрдү билдирген. Сократ ошол учурдагы философтор үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш жөнүндөгү, анын түп негизи, дүйнө түзүлүшү жана башкалар жөнүндөгү проблемаларды тааныган эмес. Сократтын пикири боюнча философия жаратылышты эмес, адам маселесин, анын адеп-актык сапаттары жана билимдердин маңызы жөнүндөгү маселелерди изилдөөсү керек. Философия иш алып бара турган эң башкы маселе — этика маселелери болуп саналат, бул — Сократтын субхаттарынын башкы предмети болгон. Мында Сократ өз көз караштарын негиздөө үчүн өзү иштеп чыккан усулду колдонгон, бул философиянын тарыхына сократтын, атап айтканда, диалектика, диалектикалык талаш-тартыштын искусствосу деген аталыш менен кирген.
== Диалектика ==
▲'''Сократ''' (биздин заманга чейин 469—399) — байыркы грек философу. Ал таш сомдоочу менен аначы аялдын уулу болгон. Ар тараптуу билим алган. Афинанын коомдук турмушуна активдүү катышат. Биздин заманга чейин 399-жылы ага каршы: «шаар сыйынган кудайларды урматтабайт, жаңы кудайларга сыйынууну үгүттөйт жана өспүрүмдөрдү бузгандыгы үчүн күнөөлүү» деген айып коюлат. Ал өлүм жазасына өкүм кылынып, уу —цикута ичип өлөт. Сократка ар тараптуу жана ургалдуу философиялык ишмерлик мүнөздүү, ал өзүнүн окууларын субхат формасында баяндайт. Ошондуктан, Сократтын көз караштары жөнүндө үч булак боюнча: Аристофандын, Ксенофонттун жана Платондун чыгармалары боюнча билүүгө болот. Аристофан «Булуттарда» Сократтын образын шылдың түрүндө сүрөттөп, аны софист, астролог жана «физик», «ойкананын» ээси катарында көрсөтөт. Сократты күйдүргү сөздөр аркылуу шылдыңдап, Аристофан ошол кездеги натурфилософияга жана софисттик билимге ээ болууга кызыгуучулук сыяктуу адаттын жайылышын кордогон. Ксенофонт «Сократ жөнүндө эскерүүлөрүндө» Сократты жакшылык иштерге үйрөткөн такыба устат катарында сүрөттөп, анын мамлекетке карата мамилеси толук лоялдуу экендигин көрсөтөт. Ксенофонт Сократтын басмырлантылган образын берип, аны жаштарды бузду деп жок жерден айыпташканын белгилейт. Платон болсо Сократты терең ойчул катарында сүрөттөп, Платондун өз ойлору Сократтын атынан баяндалат. Сократка мүнөздүү болгон нерсе бул: ал софисттерге каршы чыгуу менен, ошол эле убакта өзүнүн чыгармачылыгында жана көз караштарында философиялык ишмерлигине софисттер үчүн мүнөздүү болгон өзгөчөлүктөрдү билдирген. Сократ ошол учурдагы философтор үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш жөнүндөгү, анын түп негизи, дүйнө түзүлүшү жана башкалар жөнүндөгү проблемаларды тааныган эмес. Сократтын пикири боюнча философия жаратылышты эмес, адам маселесин, анын адеп-актык сапаттары жана билимдердин маңызы жөнүндөгү маселелерди изилдөөсү керек. Философия иш алып бара турган эң башкы маселе — этика маселелери болуп саналат, бул — Сократтын субхаттарынын башкы предмети болгон. Мында Сократ өз көз караштарын негиздөө үчүн өзү иштеп чыккан усулду колдонгон, бул философиянын тарыхына сократтын, атап айтканда, диалектика, диалектикалык талаш-тартыштын искусствосу деген аталыш менен кирген. <br />
Бардык диалектикалык ой жүгүртүүлөр тектеш түшүнүктөрдү аны түзүп турган түрлөргө бөлүү принциби боюнча жүргүзүлөт. Ошентип, диалектика дегенибиз — бир түшүнүккө ар түрдүү тараптан ар түрдүү аныктама берүүдө турат экен. Ошондо гана, Сократтын пикири боюнча, акыйкат келип чыгат. Философиялык ой жүгүртүүнүн бул усулу майевтика — аначылык искусствосу деп да аталат. Субхат формасындагы усулдун мындай схемасы төмөнкүдөй суроо коюу түрүндө көрүнөт: бул эмне, тигил эмне? (жакшылык, адилеттүүлүк же башка бир этикалык түшүнүк). Бул суроолорго берилген жооптор көп учурда биринин артынан экинчиси четке кагылып отурат. Ушундай диалектикалык талаш-тартыштарда жана ой жүгүртүүлөрдө Сократ биринчи жолу далилдөөнүн индуитивдик усулун колдоно баштайт. Диалогду акыйкатка жетүүнүн каражаты катарында пайдалануу философиянын тарыхында Сократтын сиңирген зор эмгеги болуп саналат, анткени андан мурдагы бардык философтор өз жоболорун гана постулат катарында карманышкан. Сократтын диалектикасында анын антидогматизми, плюрализми да көрүнгөн. Ал өзүн акылмандыктын окутуучусумун деп эсептеген эмес, ал адамдарда акыйкатка умтулууну пайда кылууга гана аракет жасаган. Сократтын: «Мен өзүмдүн эч нерсе билбесимди билемин» деген белгилүү санат сөзү бар. Сократтын диалектикасы Платондун сонундук түшүнүгүн аныктоого арналган «Гиппий Больший» деген диалогунда алда канча өнүктүрүлгөн. Өз усулун колдоно отуруп, Сократ сонундукту ар түрдүү аныктоолор, көп учурда эң эле ар кыл жана карама-каршы аныктоолор аркылуу каралып жаткан предметтин маңызын аныктап- билүүгө келет. Ошентип, Сократтын усулу субхатка катышкандардын ой жүгүртүүлөрүндөгү ар кыл карама-каршылыктарды табуу аркылуу алардын бардык маанилүү эместерин иргеп салып, каралып жаткан, баарынан мурда адеп-актык көрүнүштөрдүн чыныгы табиятын ачып көрсөтүүгө багытталган. Адам жакшылык деген эмне экенин билгенде гана адептүү адам боло алат. Билим — адеп-актыктын өбөлгөсү. Чыныгы адеп-актык дегенибиз — бул жыргалчылыкты таанып-билүү болуп саналат. А түгүл Сократ үчүн билим менен мораль бөлүнбөй турган нерселер. Жамандык менен жакшылыкты билген адамды билим буйрук бергенден башканы иштөөгө эч нерсе мажбурлай албайт, адамга жардам берүү үчүн акыл-эс да жетишерлик күчтүү». Түшүнүктөрдү аныктап алуу аркылуу — Сократтын пикири боюнча, «адамдар эң жогорку даражада адептүү, бийликке жөндөмдүү жана диалектикада чебер боло алышат». Ошентип, Сократтын этикасында рационалдык багыт ачык көрүнөт: жакшылык-бул билим, жамандык — бул билимсиздик. Сократ үчүн негизги жакшы сапаттар — токтоолук, эрдик, адилеттүүлүк.<br />▼
▲Бардык диалектикалык ой жүгүртүүлөр тектеш түшүнүктөрдү аны түзүп турган түрлөргө бөлүү принциби боюнча жүргүзүлөт. Ошентип, диалектика дегенибиз — бир түшүнүккө ар түрдүү тараптан ар түрдүү аныктама берүүдө турат экен. Ошондо гана, Сократтын пикири боюнча, акыйкат келип чыгат. Философиялык ой жүгүртүүнүн бул усулу майевтика — аначылык искусствосу деп да аталат. Субхат формасындагы усулдун мындай схемасы төмөнкүдөй суроо коюу түрүндө көрүнөт: бул эмне, тигил эмне? (жакшылык, адилеттүүлүк же башка бир этикалык түшүнүк). Бул суроолорго берилген жооптор көп учурда биринин артынан экинчиси четке кагылып отурат. Ушундай диалектикалык талаш-тартыштарда жана ой жүгүртүүлөрдө Сократ биринчи жолу далилдөөнүн индуитивдик усулун колдоно баштайт. Диалогду акыйкатка жетүүнүн каражаты катарында пайдалануу философиянын тарыхында Сократтын сиңирген зор эмгеги болуп саналат, анткени андан мурдагы бардык философтор өз жоболорун гана постулат катарында карманышкан. Сократтын диалектикасында анын антидогматизми, плюрализми да көрүнгөн. Ал өзүн акылмандыктын окутуучусумун деп эсептеген эмес, ал адамдарда акыйкатка умтулууну пайда кылууга гана аракет жасаган. Сократтын: «Мен өзүмдүн эч нерсе билбесимди билемин» деген белгилүү санат сөзү бар. Сократтын диалектикасы Платондун сонундук түшүнүгүн аныктоого арналган «Гиппий Больший» деген диалогунда алда канча өнүктүрүлгөн. Өз усулун колдоно отуруп, Сократ сонундукту ар түрдүү аныктоолор, көп учурда эң эле ар кыл жана карама-каршы аныктоолор аркылуу каралып жаткан предметтин маңызын аныктап- билүүгө келет. Ошентип, Сократтын усулу субхатка катышкандардын ой жүгүртүүлөрүндөгү ар кыл карама-каршылыктарды табуу аркылуу алардын бардык маанилүү эместерин иргеп салып, каралып жаткан, баарынан мурда адеп-актык көрүнүштөрдүн чыныгы табиятын ачып көрсөтүүгө багытталган. Адам жакшылык деген эмне экенин билгенде гана адептүү адам боло алат. Билим — адеп-актыктын өбөлгөсү. Чыныгы адеп-актык дегенибиз — бул жыргалчылыкты таанып-билүү болуп саналат. А түгүл Сократ үчүн билим менен мораль бөлүнбөй турган нерселер. Жамандык менен жакшылыкты билген адамды билим буйрук бергенден башканы иштөөгө эч нерсе мажбурлай албайт, адамга жардам берүү үчүн акыл-эс да жетишерлик күчтүү». Түшүнүктөрдү аныктап алуу аркылуу — Сократтын пикири боюнча, «адамдар эң жогорку даражада адептүү, бийликке жөндөмдүү жана диалектикада чебер боло алышат». Ошентип, Сократтын этикасында рационалдык багыт ачык көрүнөт: жакшылык-бул билим, жамандык — бул билимсиздик. Сократ үчүн негизги жакшы сапаттар — токтоолук, эрдик, адилеттүүлүк.
== Колдонулган адабияттар ==
* Мамлекеттик тил энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8.
[[Категория:
[[Категория:Байыркы грек философиясы]]
[[Категория:Батыш философиясы]]
|