Айбан чарба: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м + Animal Farm - 1st edition.jpg
1-сап:
[[Файл:Animal Farm - 1st edition.jpg|thumb]]
'''"Жаныбарлар фермасы"''' ({{lang-en|Animal Farm}}) — [[Жорж_Оруэлл|Жорж Оруэллдин]] аллегориялык новелласы. Биринчи жолу 1945-жылдын 17-августунда басылып чыгарылган. Оруэллдин айтымында, китеп 1917-жылдагы орус ыңкылабынан тарта СССРдин сталиндик дооруна чейин болуп өткөн окуяларды чагылдырат. Демократиялык коммунистик Оруэлл Иосиф Сталиндин сынчысы жана Москвадан башкарылган сталинизимдин душманы болгон. Бул испан жарандык согуш маалында өз тажрыйбасынан калыптанган көз караш болгон. Анын ишениминде, Советтер Союзу катаал диктатура айланып, анда жеке адамга сыйынуу күчөп, террор өкүм сүргөн. Ивонн Даветке жазган катында Оруэлл "Жаныбарлар фермасын" Сталинге каршы сатиралык жомок ("un conte satirique contre Staline") деп сүрөттөгөн. Ал өзүнүн 1946-жылдагы "Мен эмне үчүн жазам?" аттуу дилбаянында, эмне кылып жатканын толук түшүнүп жатканы менен бирге "Жаныбарлар фермасы" анын саясий максат менен чыгармачыл максатын айкалыштырууга аракет кылган алгачкы китеби деп айткан.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Айбан_чарба" булагынан алынды