Free Software Foundation: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
 
1-сап:
'''Free Software Foundation''' ('''FSF''') — [[Ричард Столлман]] тарабынан 1985-жылы 4-октябрда эркин программа кыймылын колдоо үчүн негизделген 501(c)(3), коммерциялык эмес уюм. Ал компүтердик программаны окуп-изилдөө, бөлүштүрүү, жаратуу жана өзгөртүү боюнча универсалдык эркиндикке үндөйт. Уюм программалык камсыздоону өзүнүн GNU General Public License'те болгон сыяктуу копилефт ("окшош бөлүшүү") шарттарынын негизинде бөлүштүрүүнү сунуштайт. FSF АКШнын Массачусетс жергесинде негизделип, мыйзамдуу түрдө катталган.
 
Түптөлгөндөн тарта 1990-жылдарга чейин FSF каражаттарынын көбүн GNU долбоору үчүн эркин программалык камсыздоону жазган программа иштеп чыгуучуларга жумшаган. 1990-жылдардын ортосунан баштап FSF'тин кызматкерлери менен ыктыярчылары негизинен эркин программа кыймылынын жана эркин программалык жамаатынын мыйзамдуу жана түзүмдүк маселелери боюнча иштеген.