Жон Ф. Кеннеди: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Жон Фицжеральд "Жек" Кеннеди''' (29 май 1917 - 22 ноября 1963), '''JFK''' деп инициалдары менен көп айтылат, [[Америка Кошмо Штаттары (АКШ)|АКШ]] нын президенти катары 1961-жылдын январынан 1963-жылдын ноябрында киши колдуу болуп, өлтүрүлүшүнө чейин кызмат кылган америкалык саясий ишмер. Кеннеди кансыз суук согуш күчөп турган кезде кызмат кылган жана анын президентчилигинин көп бөлүгү Советтер Союзу менен болгон мамилелерди тескегенге бурулуп калды. Ал Демократиялык Партиянын мүчөсү болчу, президент болгонго чейин АКШ нын эл өкүлдөрү Палатасында жана АКШ нын Сенатында Массачусетс штатынын өкүлү болгон.
 
Кеннеди Бруклинде, Массачусетс штатында, Жозеф П.Кеннеди жана Роуз Кеннединин үй-бүлөсүндө туулган. Кеннедилердин тукуму катары ал 1940-жылы Гарвард университетин аяктайт, андан кийинки жылы АКШ нын Аскердин-деңиздик резервине кирет. Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда Кеннеди Тынч океандагы салгылаштарда РТ кайыктарынын бир катарына башчылык кылып, кызматы үчүн аскердик-деңиз флотунун жана деңиз жөө аскерлеринин медалына ээ болот. Согуштан кийин Кеннеди Массачутетстин 11-шайлоо округун АКШ нын эл өкүлдөр Палатасында 1947-жылдан 1953-жылга чейин көрсөтүп турган. Андан кийин ал АКШ нын Сенатына шайланып, Массачусетстин кичи сенатору катары 1953-жылдан 1960-жылдары иштеген. Сенатта кызмат кылып жүргөн кезинде ал "Кайраттуулуктун багыттары" деген биографиялык чыгармасын жарыялап, Пулитцердик сыйлыкка ээ болот. 1960-жылкы президенттик шайлоодо Кеннеди вице-президент болуп ошол кезде иштеп жаткан, республикачыл атаандашы Ричард Никсонду араңдан зорго жеңип чыгат.