Жалал-Абад облусу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
мNo edit summary
78-сап:
==Климаты==
Тоолордун орографиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү арктикалык суук жана континенттик аба массаларынын аймактын климатына тийгизген таасирин кыйла басаңдатат. Жай мезгилинде бийик кырка тоолор Орто жана [[Борбордук Азия]] чөлдөрүнүн аптабын кыйла серүүндөтөт. Бирок, батыштан соккон аба агымы жана анын түн.-батыш, түштүкбатыш салаалары Түн. жана Чыгыш Ферганага тоскоолсуз кирип, облустун аймагына жана анын түрдүү ландшафттык зоналарына жагымдуу аба ырайын түзөт. Ички Теңир-Тоодо жайгашкан Кетмен-Төбө жана Тогуз-Торо өрөөндөрүнүн климаты облустун Фергана өндүрү жак бөлүгүнө караганда кыйла башкачараак. Бул өрөөндөрдө муздак тоо абасы туруп калат; декабрдан мартка чейинки темп-расынын орточо максимуму Түштүк Кыргызстандын башка метеорологиялык станцияларыныкына караганда 10°Сге төмөн болот. [[Жаан-чачын]] режими окшош болгондугуна карабастан, жааган жаан-чачындын өлчөмү менен абанын темпрасынын ортосунда айырмачылык сөзсүз болот. Аймактын деңиз деңгээлинен бийиктигине, тоо капталдарынын экспозицияларына жана рельефинин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жайы ысык, жылуу, серүүн же суук болушу мүмкүн. Июлдун орточо температурасы этек тоо-адырлуу зонада 2522°С, жапыз тоолуу зонада 22-15°С, орто бийик тоолуу зонада 15-10°С, бийик тоолуу зонада 105°С, нивалдык-гляциалдык зонада 5-0°С. Жайдын биринчи жарымы жаанчыл, экинчи жарымы жана күз маалы өтө кургакчыл. Кышы жалпысынан мелүүн-суук, январдын орточо температурасы -3°Сден -15°Сге чейин. Эң төмөнкү темп-ра бийик тоолуу ойдуңдарда адатта Кызыл-Жарда (Тар ойдуңу) абсолюттук минимум -40,9°С, Чаткалда 39,8°С, ал эми ушул эле мезгилде муздак аба туруп калган ойдуңдарда Ошто -25,9°С, Кербенде(1280 м бийиктикте) -26,1°С гана болот. Ушундай эле кубулуш кышында Фергана өрөөнүндө да температуралык инверсияга байланыштуу пайда болот; тоолордо ойдуңдарга караганда жылуураак келет. Атмосфералык жаан-чачын бийиктик зоналуулук боюнча өзгөрөт жана ал ным алып келүүчү аба агымдарына карата жайгашуу экспозициясына байланыштуу. Фергана, Ат-Ойнок, Талас Ала-Тоолорунун түштүк-батыш капталдарында жаан-чачын 500-900 мм жана андан да мол жаайт. Токой-шалбаалуу талаа алкагында мелүүн-жылуу жана нымдуу жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү, жаан-чачындын жылдык өлчөмү 500 ммден 900 ммге чейин, анын 50%и вегетация мезгилине туура келет. Чаткал системасына кирген тоолор орографиялык жактан ыктоодо жайгашкандыктан, жаан-чачынга салыштырмалуу жарды (400-500 мм), ал эми Чаткал кырка тоосунун түштүк-батыш капталына тоо аралык ички ойдуңдарындагыдай эле 300400 мм гана жаан-чачын жаайт. Жаан-чачын эң мол жааган мезгили жаз маалы, анын жылдык өлчөмүнүн 60%тен ашыгы кыш-жаз мезгилине туура келет, август-сентябрь эң аз жааган мезгил. Жаан-чачын көбүнчө жамгыр түрүндө жаайт. Тоолордо 2500-3000 мден жогору кардын өлчөмү кыйла зор (жылдык жаан-чачындын 30-50%). Кар катмарынын калыңдыгы тоо этеги-адырлуу зонада 20-25 смден, бийик тоолордо 90-100 смге чейин жетет. Фергана тоо тизмегинин кыр бөлүгүнө жакын кардын калыңдыгы 150 смдей болот.
 
==Суулары==
Облустун аймагы, айрыкча Фергана тоо тизмегинин капталдары агын суу тармагынын жыштыгы жана алардын суусунун молдуулугу менен айырмаланат. Ири дарыялары: Нарын, Чаткал, Кара-Дарыя. Нарын дарыясы Фергана тоо тизмегинин тармактарын жана Чаак-Тоону кесип агат. Облустун чегинде Нарынга сол тараптан Көк-Ирим, Кемпир-Ата, Ничке-Сай жана башка, оң тараптан Толук, Торкен, Чычкан, Узун-Акмат, Кара-Суу жана башка суулар куят. Бул суулар терең өрөөндөр менен шар агып, нуктарында босоголор көп. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынан агып түшкөн суулардын бардыгы Кара-Дарыянын оң куймалары Чаңгет, Көгарт, КараҮңкүр, Майлы-Суу жана башка Ал эми облустун батышындагы Пачата, Чанач, Касан-Сай, Сумсар суулары Сыр-Дарыяга оң тараптан куят. Чаткал дарыясы Талас Ала-Тоосунун түштүк-батыш капталынан башталып, төмөнкү агымында кууш жана терең шаңшаардан чыга беришинде Пскем суусу менен кошулуп, Чырчык дарыясын түзөт. Анын ири куймалары: Чандалаш, Терс, Кара-Корум, Теректи-Сай жана башка Облустун дарыялары суу энергиясына өтө бай; Нарын дарыясына ГЭС каскады суу сактагычтары менен курулган. Дарыя суулары дээрлик сугатка пайдаланылат. Чаткал кырка тоосунун түндүк-чыгышындагы этек тоолорунда Сары-Челек, Көгала, Кара-Суу жана башка, Чаак-Тоонун түштүк капталдарында Кара-Көл жана башка көлдөрүнүн, дарыя өрөөндөрүн көчкү бөгөп калышынан пайда болгон тоо көлдөрү бар.
 
==Флорасы==
Аймактын топурак-өсүмдүктөрү өтө ар түрдүү келип, таралышына бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Облустун аймагынын эң жапыз бөлүгүн (деңиз деңгээлинен 500-900 м бийиктикте) шыбак-эфемердүү чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү (ак шыбак, ыраң, баялыш жана башка) ээлеп, анда ачык боз жана кадимки боз топурактар өөрчүйт. Бул топурактарга аз кесекчелүү борпоң структура мүнөздүү, чириндиси салыштырмалуу аз, ал эми минералдык сиңимдүү заттары арбын. Сугарганда түрдүү маданий өсүмдүктөр жакшы өсөт. Талаа өсүмдүктөрү бийик адырларды, айрым жерлерде жапыз тоолорду ээлеп, деңиз деңгээлинен 900-1300 м бийиктиктеги кеңири тилкени камтыйт. Чириндиси салыштырмалуу мол күңүрт боз топурак басымдуу. Өсүмдүктөрдөн пияз, түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, о. эле шыбак, сарындыз өсөт. Ушул эле зонада талаа жана шалбаа өсүмдүктөрүнүн арасында ксерофиттик сейрек токой, жыгач мистенин массивдери, сейрек долоно кездешет.
 
Деңиз деңгээлинен 1000-2200 м бийиктикте токойлуу талаа зонасы жайгашкан. Мында жаңгакмөмө жемиш токою талаалашкан шалбаалуу, бадалдуу, сейрек алмалуу жерлер менен кезектешип жатат. Токой астында кара коңур токой, бадалдар, шалбаа жана талаа өсүмдүктөрүнүн астында күңүрт боз тоо-талаа топурактары өөрчүйт. Жаңгак токоюнун астында өөрчүгөн топурак өзгөчө касиетке ээ: чириндиге бай, ал топуракка каралжын өң берип турат, жаңгак сымал структуралуу, ным сыйымдуулугу өтө зор жана башка Ошого байланыштуу, капталдардын кыйла эңкейиштигине карабай агын суулар жокко эсе, кар жана жамгыр суулары бүт кыртышка сиңип кетет. Облустун аймагынын зор аянтын (700 миң га) ээлеген жаңгак-мөмө-жемиш токоюнун чарбалык мааниси өтө зор. Ал токойлор Фергана жана Чаткал кырка тоолорунун Фергана өрөөнүн караган этек тоолорун ээлейт. Айрым жаңгак дарактары бириндеп 800 м бийиктиктен эле кездеше баштайт. Жаңгак токою деңиз деңгээлинен 1000-1200 мден 1800-1900 м бийиктикке чейин эң кеңири таралган. Жаңгак токоюнун арасында алма, алча, айвансары, карагат, итмурун, изирик жана башка дарак-бадал өсүмдүктөрү өсөт. Андан жогору 2200 м бийиктикке чейин да бирин-серин жаңгак дарактары кездешет. Жаңгак токоюнун чет жакаларында жапайы мөмө-жемиш дарактары алмурут, алча, бадам, жүзүм жана башка өсөт. Токой өсүмдүктөрү тоо капталдарынын түштүк, о. эле чыгыш экспозицияларынан башка бүт беттеринде өсүп, алар негизинен жаңгак жана жапайы мөмө-жемиш дарактарынан турат. Токойлуу талаа зонасынын
Деңиз деңгээлинен 1000-2200 м бийиктикте токойлуу талаа зонасы жайгашкан. Мында жаңгакмөмө жемиш токою талаалашкан шалбаалуу, бадалдуу, сейрек алмалуу жерлер менен кезектешип жатат. Токой астында кара коңур токой, бадалдар, шалбаа жана талаа өсүмдүктөрүнүн астында күңүрт боз тоо-талаа топурактары өөрчүйт. Жаңгак токоюнун астында өөрчүгөн топурак өзгөчө касиетке ээ: чириндиге бай, ал топуракка каралжын өң берип турат, жаңгак сымал структуралуу, ным сыйымдуулугу өтө зор жана башка Ошого байланыштуу, капталдардын кыйла эңкейиштигине карабай агын суулар жокко эсе, кар жана жамгыр суулары бүт кыртышка сиңип кетет. Облустун аймагынын зор аянтын (700 миң га) ээлеген жаңгак-мөмө-жемиш токоюнун чарбалык мааниси өтө зор. Ал токойлор Фергана жана Чаткал кырка тоолорунун Фергана өрөөнүн караган этек тоолорун ээлейт. Айрым жаңгак дарактары бириндеп 800 м бийиктиктен эле кездеше баштайт. Жаңгак токою деңиз деңгээлинен 1000-1200 мден 1800-1900 м бийиктикке чейин эң кеңири таралган. Жаңгак токоюнун арасында алма, алча, айвансары, карагат, итмурун, изирик жана башка дарак-бадал өсүмдүктөрү өсөт. Андан жогору 2200 м бийиктикке чейин да бирин-серин жаңгак дарактары кездешет. Жаңгак токоюнун чет жакаларында жапайы мөмө-жемиш дарактары алмурут, алча, бадам, жүзүм жана башка өсөт. Токой өсүмдүктөрү тоо капталдарынын түштүк, о. эле чыгыш экспозицияларынан башка бүт беттеринде өсүп, алар негизинен жаңгак жана жапайы мөмө-жемиш дарактарынан турат. Токойлуу талаа зонасынын ачык түштүк жана бир аз чыгыш капталдары эфемероиддүү шалбаа жана талаа менен капталган; аюу чач, пияз түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, ак сокто, кылкансыз түбү бош жана башка үстөмдүк кылат. Түрдүү чөп өсүмдүктөрүнөн бийик чатыр гүлдүүлөр аюу чач, шашыр өсөт. Кеңири аймакты ээлеген шалбаалуу талаанын бул бөлүктөрү негизинен кеч жаздагы жайкы жайыт катары пайдаланылат. Бул зонанын жантайыңкы капталдарында жана жайык кырларында кайрак эгин эгилет.
Субальп зонасы 2000-3000 м бийиктикти ээлейт. Мында субальп шалбаасы жана карагай, көк карагай, арча, кайың ж. б-дан турган токой өсүмдүктөрү кеңири таралган. Субальп зонасында күңүрт түстөгү тоо-токой жана тоо-шалбаа-талаанын күрөң, чанда кара топурак сымал топурак типтери өөрчүйт. Чөп өсүмдүктөрдөн флёмис, крестовник, шимүүр, түлкү куйрук, ак сокто жана башка өсөт. Субальп шалбаасы жайкы жайыт катары кеңири пайдаланылат. Альп зонасы кырка тоолордун бийик (3000 мден жогору) бөлүгүн ээлейт. Анда чымдак-чала чымдашкан тоо-шалбаа альп топурактары өөрчүйт. Зонанын басымдуу бөлүгүн аска, корум таш-шагылдар, чакан бөлүгүн альп шалбаасы ээлейт. Альп өсүмдүктөрүнүн ичинен эң кеңири таралганы көбүргөн басымдуулук кылган фитоценоздор болуп саналат. Көбүргөн менен кошо каз таман, козу кулак, таран жана башка да өсөт. Альп шалбаа зонасы кыска мезгилге жайыт катары пайдаланылат.
 
==Калкы==
Облустун калкы республиканын калкынын 18,7%ын (2009; 993,8 миң) түзөт. Анын 23,0%ы (228,3 миң) шаарларда, калган 76,0%ы (765,5 миң) айыл-кыштактарда турат. Калкынын саны боюнча республикада Ош облусунан кийин 2-орунда. Көп улуттуу; басымдуу бөлүгү кыргыздар (2006; 71,0%), ошондой эле өзбек (24,6%), орус (1,2%), тажик (0,6%), түрк (0,6%), татар (0,5%), украин (0,1%) жана башка улуттардын өкүлдөрү да жашайт. Калктын орточо жыштыгы жалпы республиканыкына караганда бир аз жогору: 1 км2 жерге 29 адам (республикада 26) туура келет. Шаарлары: Жалал-Абад (облустун борбору, 97,2 миң), Таш-Көмүр (31,7 миң), Кара-Көл (20,8 миң), Майлы-Суу (22,8 миң), Кочкор-Ата (14,8 миң), Кербен (13,2 миң), Көк-Жаңгак (9,3 миң); шаарчалары: Кызыл-Жар (2,6), Кетмен-Төбө (1,9 миң), Көк-Таш (2,7 миң), Сумсар (6,0 миң), Терек-Сай (2,4 миң), Токтогул (16,4 миң), Шамалды-Сай (9,5 миң). Облустун калк көп жашаган айылдары (2009-жылы эл каттоо): Базар-Коргон (33,4 миң киши), Сузак (24,0 миң), Масы (13,9 миң), Казарман (9,5 миң), АлаБука (10,8 миң), Каныш-Кыя (2,4 миң).
 
Облустун жалпы калкынын жаш курактары боюнча бөлүнүшү: 16 жашка чейинки жаштардын саны 2006-жылы 388,1 миң адам (жалпы калктын 40,1%), эмгекке жарактуулары 510,4 миң
(53,1%), эмгек жашынан өткөндөр 62,3 миң (6,5%).
 
 
== Улуттук курамы ==
Line 104 ⟶ 107:
==Экономикасы==
Жалал-Абад облусу экономикалык жактан өнүгүү деңгээли боюнча республикада Чүй облусунан кийинки 2-регион. Анын өнүгүшүн өнөр жай, айыл чарба, курулуш, транспорт жана байланыш, соода жана коомдук тамактануу тармактары, ал эми социалдык өсүшүн тейлөө кызмат, билим жана илим, саламаттык сактоо, маданият жана башка тармактарынын деңгээли аныктайт. Бул тармактар базар экономикасынын шартына ылайык ар түрлүү менчикке тиешелүү өндүрүштүк же тейлөөчү ишкана жана мекемелерден (өнөр жайчакан жана өнөктөш ишканалар, кооперациялар, акционердик коомдор, биржа жана фирмалар, дыйкан жана фермер чарбалары, ошондой эле жеке дыйкан чарбалары) жана башка өзүнчө ээлик кылуучу субъектилерден турат. Облуста 2009-жылдын башында чарба жүргүзүүчү субъектилердин саны 110202 болгон. Алардын 2,2%и мамлекеттик менчиктеги, 2,1%и коммуналык жана 95,7%и жеке менчиктеги ишканалар. Ишканалар түрлөрү боюнча ири (0,3%), орто (0,5%) жана чакан (1,8%), дыйкан (фермер) чарбалары (78,7%), жеке ишкерлер (18,1%) жана башка обочолонгон бөлүмчөлөр (0,6%) болуп бөлүнөт.
 
==Өнөр жай==
Өнөр жай тармагында бардыгы 135 ишкана иштейт, алардын ичинен 102си өзүнчө баланста турган өнөр жайишканалары болгон (2005). Аларда 17,4 миңден ашык жумушчу иштеп, 2006-жылы 7007,8 млн сомдук (республиканын 19,5%) продукция өндүргөн. Ө. ж-дын негизги тармактары: электрэнергетика (өнөр жайпродукциясынын 54,0%ин түзөт), машина куруу (19,2%), отун (10,1%), түстүү металлургия (6,3%), жеңил (6,2%), тамак-аш (2,8%) жана башка өнөр жайтармактары. Облустун өнөр жайтармактарынан электр-энергетика, машина куруу, отун жана түстүү металлургиянын респ-дагы орду кыйла жогору.
Line 131 ⟶ 135:
* Мал чарба тармагы
Айыл чарба продукциясынын 37,1%ин өндүрөт. Облустун бардык чарбаларында 2009-жылдын 1-январында малдын саны миң баш менен эсептегенде: уй 241,3 (республиканын 19,7%), кой менен эчки 855,3 (19,0%), жылкы 51,6 (16,0%), чочко 0,9 (1,4%), үй куштары 756,4 (14,2%) болгон. Облустун мал чарбасынан 2008-жылы тирүү салмакта эсептегенде 46,8 миң т эт (республикада өндүрүлгөн эттин 14,1%и), 234,5 миң т чийки сүт (17,4%), 1,7 миң т жүн (14,5% ) жана 37,8 млн даана жумуртка (10,2%) өндүрүлгөн.
 
==Транспорту==
Жалал-Абад облусунда автомобиль, темир жана аба жолдор жана куур транспорту бар. Алардын ичинен негизги орунду автомобиль транспорту ээлейт. 2000-жылы автомобиль транспорту менен 4971,9 миң т жүк (респ-дагы жүктүн 13,6%и), 461,6 млн жүргүнчү (10,6%) ташылган. Автомобиль жолунун негизин Бишкек Ош жолу түзөт. Андан башка Жалал-Абад Казарман, Үч-Коргон Кербен Ала-Бука Каныш-Кыя жана башка автомобиль жолдору жана Кара-Суу Жалал-Абад Көк-Жаңгак жана Наманган (Өзбекстан) Үч-Коргон Таш-Көмүр темир жол тармактары өтөт. Алардын узундугу чектелүү болгону менен башка өлкөлөр менен экономикалык байланыш түзүүдө мааниси чоң. Кочкор-Ата шаарчасынан ЖалалАбад ш-на чейин газ кууру жеткирилген. Жалал-Абад шаарында, Казарман, Кербен, Каныш-Кыя кыштагында аэропорттор иштеп, алардын Бишкек менен аба жол каттамы бар. Жалал-Абад шаары Каракол, Чолпон-Ата шаары жана Казарман кыштагы менен жалпы аба жолдору аркылуу байланышат. Облустагы бардык шаарлар жана райондун борборлору облустун борбору Жалал-Абад шаары менен аба, кабель жана радиореле линиясы аркылуу байланышат. Облуста калкка кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмү 2008-жылы 1199,6 млн сомду түзүп, республиканыкынын 7,1%ине барабар болгон.
 
==Маданий турмушу==
Облуста 13 ЖОЖ бар; анда 22,3 миң студент билим алып, аларда 970 окутуучу (анын ичинен 9 илимдин доктору, 67 илимдин кандидаты) иштеген. Ошондой эле 8 атайын орто (3,5 миң студент; 292 окутуучу), 22 кесиптик-техниктик (5,0 миң окуучу) окуу жайлары жана жалпы билим берүүчү 416 мектеп (221,3 миң окуучу; 14,1 миң мугалим) бар. Облус боюнча 293 мектепте кыргыз, 6 мектепте орус жана 38инде өзбек тилдеринде, ал эми 74 мектепте сабактар кыргыз, орус, өзбек тилдеринде окутулат.
Облус боюнча 92 клуб тибиндеги мекемелер, 3 автоклуб, 189 массалык китепканалар (2,0 млн нуска китеп жана журналдары менен), 11 ар түрдүү музейлер, а. и. Аксыдагы жана Тогуз-Тородогу тарых-мекен таануу музейлери, Сузак районунда Барпынын үй-музейи жана башка бар. Алардан башка балдардын 14 муз., 4 көркөм өнөр, 1 көркөм сүрөт мектептери, Жалал-Абад ш-ндагы Барпы атындагы кыргыз драма театры, Т. Тыныбеков атындагы филармония жана башка бар. Облусунун радио уктуруу жана телекөрсөтүү студиясы иштейт. 2006-жылы облуста 309 мед. дарылоо мекемеси болгон, анын 261и айылдык амбулаториялар, ооруканалар, фельдшердик-акушердик пункттар. Бардык мед. мекемелеринде 1664 врач (10 миң адамга 19 врач), 7066 мед. орто билимдүү кызматкер (81), 7700 орундуу койка (10 миң адамга 89 койка) болгон. Кийинки жылдарда ири ооруканаларда акы төлөп дарылануучулар үчүн атайын палаталар иштей баштады.
 
Жалал-Абад ш-нын жанында дарылык касиети жогору болгон минералдуу суунун базасында Жалал-Абад курорту иштейт. Облустун аймагы жаратылыш шартынын кооздугу, кен байлыктарынын ар түрдүүлүгү жана тарыхый эстеликтеринин сакталышы менен белгилүү. Дүйнө жүзүндөгү жаңгак токойлордун ичинен эң зор аянтты ээлеген белгилүү Түштүк Кырг-н жаңгак жана жемиш токоюнун 90%и облустун аймагында. Сары-Челек көлүнүн айланасы, Аркыт, Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма жана башка жерлердин кооздугун айрыкча белгилөөгө болот. Облустун аймагында таш доорунда адам жашаган Кара-Суу тургун жайы, Саймалы-Таш (б. з. ч. 2-к. б. з. 8-к.) жана Чаар-Таштагы таш бетине чегилген сүрөт-эстеликтер, Торкен көрүстөнүнүн (1-5-к.) калдыктары, 10-12-кылымдагы Күлбөс-Хан, Чанчар-Хан жана Тогуз-Торо шаар-чептеринин чалдыбарлары, Шах-Фазил (12-к.), Арстан бабанын (16-к.) кабырлары, Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү (19-к-дын башы) жана акыркы жылдарда калыбына келтирилип, кайра курулган Курманбек баатырдын күмбөзү бар.
 
==Окуу жайлары==
 
- Жалал-Абад мамлекеттик университети<br>
- Жалал-Абад медицина окуу жайы<br>
Line 149 ⟶ 155:
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
[[Категория:Кыргызстан]]
[[Категория:География]]
 
==Шилтемелер==
{{Kyrgyzstanprovinces}}
 
[[Категория:КыргызстанЖалал-Абад облусу| ]]