Лаос: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
17-сап:
 
==Чарбасы==
Лаос дүйнөдөгү начар өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДПнин көлөмү 14,6 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 2,1 миң доллардан туура келет. Мамлекеттик экономикалык саясаттын негизги багыты – чарбанын жеке менчик секторун өнүктүрүүгө жана чет өлкөлүк инвестициянын келишине шарт түзүү. Түз түшкөн чет өлкөлүк капиталдык салымдын көлөмү 971,4 млн доллар (2007); анын 56,1%и өнөр жайына (гидроэнернетика, кен байлык казып алуу, жыгач даярдоо), 25,5%и тейлөө чөйрөсүнө (туристтик, мейманкана жана ресторан бизнеси, байланыш тармагы жана башка), 18,4%и айыл чарбасына бөлүнөт. Инвестиция Кытай, Тайвань, Вьетнамдан, ошондой эле Австралия, Канада, Корей Республикасы, Россия жана башка өлкөлөрдөн түшөт. Экономикалык өнүгүүсүнүн негизги проблемалары – калктын басымдуу бөлүгүнүн жакырдыгы, чарбалык (анын ичинде транспорттук) инфраструктуранын начар өнүккөндүгү, ошондой эле дасыккан кадрлардын жетишсиздиги болуп саналат. ИДПнин структурасында айыл чарбасынын үлүшү 39,2%, өнөр жай менен курулуштуку 33,9%, тейлөө чөйрөсүнүкү 26,9% (2009). Өнөр жай – экономиканын эң тез өнүгүп жаткан сектору. 2007-ж. 3075 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 97%ке жакыны ГЭСке таандык. Лигнит (2007-ж. 620 миң т), [[антрацит]] (35 миң т), [[алтын]], [[жез]], [[күмүш]], [[цинк]], [[гипс]], [[асыл таштар]], анын ичинен сапфир (1200 миң кар), акиташ теги, барит, сал туз, гранит жана башка өндүрүлүп, иштетилет. Болот куюу, электрондук приборду кураштыруу, транспорттук каражаттар, айыл чарба шаймандары, булгаары, парфюмерия, карапа буюмдары, дары-дармек, курулуш материалдары (цемент жана башка), тигүү, тамакаш, тамеки өнөр жай ишканалары иштейт. Өлкөнүн аймагынын 4,3%тен ашык аянты иштетилет, анын 4,0%и – айдоо жер, 0,3%и – көп жылдык өсүмдүктөр. Сугат жери 1,8 миң км2 (2003). Чакан чарбалар басымдуу. Маанилүү тамак-аш продуктусу – күрүчкө болгон муктаждыкты өлкө толук канааттандырып, аны Тайландга экспорттоо жолго коюлган. Өлкөнүн айдоо аянтынын 1/2 инен ашык жерине шалы өстүрүлөт. Табияты сугат жерлерден жылына 2 жолу түшүм алууга шарт түзөт. Шалыдан сырткары жүгөрү, батат, кассава, жашылча, дарбыз, банан, мөмөжемиш, ананас, техникалык өсүмдүктөрдөн – тамеки, кофе, бал камыш жана башка өстүрүлөт. Бардык дыйкан чарбаларында уй асыралат. Бука жана буйвол негизинен талаа жумуштарында, жылкы жүк ташууда пайдаланылат. Чочко, майда жандыктар, үй кушу асыралат. Чочко, уй, буйвол, тоок эттери даярдалат. Токой промысели (жыгач даярдоо, чайыр, дары-дармек жана жыттуу чөптөрдү жыйноо), дарыялардан балык кармоо өнүккөн. Тейлөө чөйрөсү (негизинен чет өлкөлүк туристтерди) – экономиканын тез өнүгүп жаткан сектору. 2007-ж. 1,6 млн турист келген, анын 82%и Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясына (негизинен Таиланд, Сингапур, Вьетнамдан) жана 12%и Европа союзуна кирген мамлекеттерден, 6%и АКШдан келгендер. Туризмден түшкөн киреше 235 млн доллар (2007). Мейманкана жана ресторан бизнеси, ички (дүң жана чекене) соода, байланыш тармагы жана телекоммуникация өнүккөн.
 
Автомобиль жолунун жалпы узундугу 29,8 миң км (2006). Темир жолу жок. Ички суу жолунуку 4,6 миң км (2008; анын 2,9 миң кминин фарватеринин тереңдиги 0,5 мге чейин, ал аркылуу чакан кемелер гана жүрө алат). Негизги суу транспорт артериясы – [[Меконг]] дарыясы жана анын айрым куймалары. Башкы дарыя порту – Вьентьян. Нефть продукту кууру: Винь порту ([[Вьетнам]]) – Вьентьян (Лаостун аймагында – 540 км). 9 аэропорт иштейт; эл аралык аэропорттору Вьентьян (Ваттай), Луангпхабанг, Паксе шаарында жайгашкан. Экспортунда түстүү металл концентраттары (жез, цинк, калай), баалуу металлдар (алтын, күмүш) жана асыл таштар, электр энергиясы басымдуу, ошондой эле жыгач, айыл чарба продукциялары (анын ичинде күрүч, кофе), тигилген буюмдар жана башка чыгарылат. Экспорттук негизги шериктештери: Тайланд, Вьетнам, Кытай, Корей Республикасы Машина жана жабдууларды (анын ичинде автомобиль), нефть продуктуларын, керектөө товарларын негизинен Тайланд, Кытай, Вьетнамдан алат.
 
==Маданияты==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Лаос" булагынан алынды