Америка: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
more useful (see incoming links
copy from https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=%D0%90%D0%BC%D0%B5%D1%80%D0%B8%D0%BA%D0%B0_(%D1%82%D2%AF%D1%88%D2%AF%D0%BD%D2%AF%D0%BA)&oldid=307298
1-сап:
[[Файл:Americas (orthographic projection).svg|thumb|Америка.]]
#REDIRECT [[Америка (түшүнүк)]]
'''Америка''' - Батыш жарымшардагы дүйнө бөлүгү. Чыгышынан Атлантика, батышынан Тынч, түндүгүнөн Түндүк Муз, түштүгүнөн Түштүк океандары менен чулганат. Эки материктен ([[Түндүк Америка]] жана [[Түштүк Америка]]) турат. Экөөнүн ортосундагы чек Дарьен (айрым учурларда Панама) мойногу аркылуу жүргүзүлөт. Түндүк Американын түштүгүн Борбордук Америка, Вест-Индия жана Латын Америкасына бөлөт. Американын курамына, ошондой эле дүйнөдөгү эң зор [[Гренландия]] аралы жана материктерге жакын жайгашкан аралдар кирет. Жалпы аянты 42,5 млн км<sup>2</sup>. Түндүк жана Түштүк Америка бири-биринен обочо, башка дүйнө бөлүктөрүнөн алыс жайгашкандыгына, аянтынын кыйла зордугуна, геологиялык түзүлүшү жана рельефи бирдей болсо да табиятынын кескин айырмачылыгына карата эки материкке ажыратылган. 10-11-кылымда Американын түндүк-чыгыш жээгине европалыктардан биринчи жеткен нормандар болгон. 1492-1503-ж. X. Колумб тарабынан ачылган Антил аралы жана кургактыктын жээгинин бир бөлүгү - Индия деп жаңылыш кабыл алынган. Флоренциялык Америго Веспуччи жаңы ачылган жерлерди - Жаңы Дүйнө деп атаган. 1907-ж. лотарингиялык картограф М. Вальдземюллер өзүнүн «Космографияга кириш сөзүндө» Батыш жарымшардагы жаңы ачылган жер дүйнөнүн жаңы бөлүгү деп болжолдоп биринчи айткан флоренциялык Америго Веспуччинин ысымынан атаган.
 
== + ==
* [[Түндүк Америка‎]]
** [[Америка Кошмо Штаттары]]
* [[Түштүк Америка‎]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
 
{{Америка}}
[[Категория:Америка| ]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Америка" булагынан алынды