Бразилия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
+ images
1-сап:
[[Файл:Brazil (orthographic projection).svg|thumb|Бразилия.]]
'''Бразилия''', Бразилия Федерация Республикасы Түштүк – Америкадагы эң ири мамлекет. Материктин чыгыш жана борбордук бөлүгүн ээлейт. Аянты 8,5 млн км<sup>2</sup>. Калкы 181,8 млн (2005). Түндүгүнөн Венесуэла, Гайана, Суринам, Француз Гвианасы, Түндүк-батышынан Колумбия, батыштан Перу, Боливия, Парагвай, Аргентина, түштүгүнөн Уругвай менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны чулгайт. Борбору Бразилиа шаары Расмий тили португал тили. Акча бирдиги – реал. Администрациялык-аймактык жактан 26 штатка жана 1 Федерациялык округга бөлүнөт.<br />
[[Файл:Flag of Brazil.svg|thumb]]
'''Бразилия''', Бразилия Федерация Республикасы [[Түштүк Америка|Түштүк Америкадагы]] эң ири мамлекет. Материктин чыгыш жана борбордук бөлүгүн ээлейт. Аянты 8,5 млн км<sup>2</sup>. Калкы 181,8 млн (2005). Түндүгүнөн [[Венесуэла]], [[Гайана]], [[Суринам]], Француз Гвианасы, Түндүк-батышынан [[Колумбия]], батыштан [[Перу]], [[Боливия]], [[Парагвай]], [[Аргентина]], түштүгүнөн Уругвай менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны чулгайт. Борбору [[Бразилия шаары|Бразилиа шаары]] Расмий тили португал тили. Акча бирдиги – реал. Администрациялык-аймактык жактан 26 штатка жана 1 Федерациялык округга бөлүнөт.<br />
 
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005):
Line 387 ⟶ 389:
==Маданияты==
Алгачкы мектептерди 16-кылымдын ортосунда иезуиттер ачкан. Алар Бразилиядан куулгандан кийин бул мектептер жабылып, граждандык мектептер ачылган. ЖОЖдордун саны өскөн. Баардык ири шаарларында улуттук китепканалары, тарыхый-этнографиялык музейлери, ботаникалык бак, зоопарк, собор бар. Конакабана, Ипанема жана Лебнон океан пляждары менен даңазаланат. Алгачкы адабий жазуулары 16–17-кылымга таандык. Фольклору үч поэтикалык салттын биримдигинен турат. 17–18-кылымда улуттук адабият пайда болгон. 18-кылымдын 2-жарымынан адабиятында романтизм үстөмдүк кылган, бир нече илимий эмгек жарыкка чыгып, көптөгөн драмалар жазылган. Улуу Октябрь революциясынын жеңиши жана Бразилия компартиясынын түзүлүшү прогрессчил адабияттын өсүшүнө чоң таасир тийгизген. Б. элинин музыкасы португал, негр, индейлердин музыкасынын негизинде пайда болгон. Элдик ыр-бийлер кеңири өнүккөн. Музыкалык академия, улуттук опера-балет театры, консерватория, улуттук музыкалык институту, симфониялык оркестри бар. Бразилияда таш скульптуралар, геометриялык оймо-чиймелери бар карапа буюмдар жана таш бетине тартылган сүрөттөр сакталып калган. 16-кылымдын башында португалдар тарабынан Бразилиянын чет жакаларына Сальвадор, Ресифи, Рио-де-Жанейро сыяктуу шаарлар курулган. Бразилиянын архитектурасы 1920-жылдан баштап тез өскөн. Сүрөт өнөрүнүн алгачкы чыгармалары 16–17-кылымда пайда болгон, улуттук реалисттик сүрөт өнөрү менен графика өнүгө баштаган. Театры 16-кылымда эле пайда болгон. Анда бразилиялык классицизмдин өкүлдөрүнүн пьесалары коюлган. 20-кылымдан баштап туруктуу драма труппалары уюштурула баштаган. 1950-жылдары Дулсиндер-Одилон, А. Гарриду, Ж. Коста жана башка көрүнүктүү актёрлордун жетекчилиги менен комедия театрынын труппасы түзүлгөн. 1960-жылдары «Театру ди арена», «Офисина», «Опиниан» театр труппалары иштеп, А. Саусун, Ж. Андради, А. Боаланын пьесалары менен бирге Шекспир, Мольер, Чехов, М. Горький жана башка авторлордун драмалык чыгармалары коюлган. Ал эми кино искусствосу 1903-ж. пайда болгон. 20-жылдары Кампинас жана Ресифиде кино өндүрүшү түзүлүп, негизинен чет өлкөлүк фильмдердин бразилиялык варианты чыгарылган. Биринчи тартылган фильмдерге көбүнчө атактуу ырчылар катышып, анда улуттук ыр, обондор пайдаланылган. Бразилияда алгачкы гезит 1809-ж. чыккан. Ал эми атайын информациялык «Аженсия Насионал» агентчилиги 1934-ж. негизделген. 1921-жылдан радиоуктуруусу, 1952-жылдан телекөрсөтүүсү башталган. Бир нече радио жана телестанциялары иштейт.
 
[[Категория: Мамлекет]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:Бразилия| Мамлекет]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бразилия" булагынан алынды