Израиль: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м + map
1-сап:
[[Файл:Israel Map by The Legal Status of The Territories-4.svg|thumb|Асрайыл.]]
'''Асрайыл-'''(Израиль), Асрайыл Мамлекети (Мединат Исраэль) Жакынкы Чыгыштагы мамлекет; Азиянын батыш бөлүгүндө, Жер Ортолук деңиздин түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан. Түндүгүнөн Ливан, түндүк-чыгышынан Сирия, чыгышынан Иордания (чек арасынын бир бөлүгү Жансыз деңиздин акваториясы аркылуу өтөт), түштүк-батышынан Мисир менен чектешет. [[Бириккен Улуттар Уюму|БУУнун]] Башкы Ассамблеясынын 1947-жылдын 29ноябрдагы Палестинаны бөлүү жөнүндөгү чечими боюнча бөлүнгөн аянты 14 миң км<sup>2</sup>; ал эми 1948-49-жылдардагы арап-асрайыл согушунда басып алган жерлерди кошкондо 20,7 миң км<sup>2</sup>; 1967-ж. басып алган жерлер (Иордан дарыясынын батыш жээги, Чыгыш Кудус(Иерусалим), Сирия Голан дөңсөөсү) менен 21,6 миң км<sup>2</sup> (Тивериад көлүнүн акваториясын жана Жансыз деңиздин акваториясынын бир бөлүгүн кошкондо 22,1 миң км<sup>2</sup>). Калкы 7,1 млн (2007). Өлкөнүн башкы экономикалык жана маданий борбору Тель-Авив шаары. БУУнун каршылыгына карабастан, 1950-ж. Кудус(Иерусалим) шаары өлкөнүн борбору деп жарыяланган. Өкмөт мекемелери, парламент шаардын батыш бөлүгүнө жайгаштырылган (калкы 400 миңден ашык, анын 250 миңдейи еврейлер, 160 миңи арабдар. Ырасмий тили жөөт (иврит)(байыркы еврей) жана арап тилдери. Акча бирдиги шекел. Административдик аймактык жактан шарттуу 15 райондон турган 9 окрукга (мехоз; анын курамына Асрайыл басып алган жерлер Иордан дарыясынын Батыш жээгинин бир бөлүгү жана Сириянын Голан дөңсөөсү да камтылган) бөлүнөт. <br />
[[Файл:Flag of Israel.svg|thumb]]
'''Асрайыл-'''('''Израиль'''), Асрайыл Мамлекети (Мединат Исраэль) Жакынкы Чыгыштагы мамлекет; Азиянын батыш бөлүгүндө, Жер Ортолук деңиздин түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан. Түндүгүнөн Ливан, түндүк-чыгышынан Сирия, чыгышынан Иордания (чек арасынын бир бөлүгү Жансыз деңиздин акваториясы аркылуу өтөт), түштүк-батышынан Мисир менен чектешет. [[Бириккен Улуттар Уюму|БУУнун]] Башкы Ассамблеясынын 1947-жылдын 29ноябрдагы Палестинаны бөлүү жөнүндөгү чечими боюнча бөлүнгөн аянты 14 миң км<sup>2</sup>; ал эми 1948-49-жылдардагы арап-асрайыл согушунда басып алган жерлерди кошкондо 20,7 миң км<sup>2</sup>; 1967-ж. басып алган жерлер (Иордан дарыясынын батыш жээги, Чыгыш Кудус(Иерусалим), Сирия Голан дөңсөөсү) менен 21,6 миң км<sup>2</sup> (Тивериад көлүнүн акваториясын жана Жансыз деңиздин акваториясынын бир бөлүгүн кошкондо 22,1 миң км<sup>2</sup>). Калкы 7,1 млн (2007). Өлкөнүн башкы экономикалык жана маданий борбору Тель-Авив шаары. БУУнун каршылыгына карабастан, 1950-ж. Кудус(Иерусалим) шаары өлкөнүн борбору деп жарыяланган. Өкмөт мекемелери, парламент шаардын батыш бөлүгүнө жайгаштырылган (калкы 400 миңден ашык, анын 250 миңдейи еврейлер, 160 миңи арабдар. Ырасмий тили жөөт (иврит)(байыркы еврей) жана арап тилдери. Акча бирдиги шекел. Административдик аймактык жактан шарттуу 15 райондон турган 9 окрукга (мехоз; анын курамына Асрайыл басып алган жерлер Иордан дарыясынын Батыш жээгинин бир бөлүгү жана Сириянын Голан дөңсөөсү да камтылган) бөлүнөт. <br />
Округдары жана райондору (2006):
{| class="prettytable"
Line 319 ⟶ 321:
==Транспорт==
Автомобиль жолунун узундугу 17,6 миң км (2005). Магистралдык шоссе жолдору деңиз бойлой түндүктөн түштүктү карай созулат; маанилүү автомагистралдары: Кудус(Иерусалим) Тель-Авив, Ашдод Ришон-Ле-Цион Тель-Авив Нетанья Хайфа. Темир жол тармагы (жалпы узундугу 853 км; 2005) Негев, Газа жана Кудусту Тель-Авив, Хайфа жана өлкөнүн түндүгү менен байланыштырат. Негизги деңиз порттору: Хайфа, Ашдод, Эйлат, Хадера. Ашкелон. Деңиз паромдору аркылуу эл аралык катнашы да бар, алар: Хайфа Родос Пирей (Грекия), Хайфа Лимасол (Кипр). Эл аралык аэропорттору: Бен-Гурион атындагы (Лода), Овда (Эйлат); Тель-Авив менен Кудустагы чакан аэропорттор ички рейстерди тейлейт. Магистралдык куур транспортунун узундугу 896 км (2006), анын 442 кми нефть, 261 кми нефть продуктусу жана 193 кми газ куурлары.
 
==Экспорт жана импорт==
2005-ж. экспорт 42,9 млрд, импорт 47,8 млрд долларды түзгөн. Экспортко бриллиант, реэкспортко иштетилбеген алмаз, химия өнөр жайынын продукциялары, электрондук жана электр-техникалык жабдуулар, көзөмөлдөө жана байкоо жүргүзүү өнөр жай жабдуулары, медициналык жана илимий изилдөө жабдуулары, башка машиналар жана жабдуулар, ошондой эле айыл чарба продукциялары, кийим, текстиль буюмдары чыгарылат. Асрайыл аскер куралдарын экспорттоо боюнча дүйнөдө 5-орунда (андан жылына 2,8 млрд доллар киреше түшөт). Импортун кыр чыгарылбаган алмаз, нефть продуктулары, химиялык товарлар, күйүүчү-майлоочу материалдар, машина, жабдуу, аспаптар, курал-жабдыктар, буудай ж. б. түзөт. Негизги соода шериктери: АКШ, Бельгия, Германия, Улуу Британия, Гонконг (Сянган), Швейцария, Кытай.
 
==Маданияты==
Билим берүү жөөт коомчулугунда маанилүү орунду ээлеп келген. Калктын сабаттуулук деңгээли боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Асрайыл мамлекети кабыл алган алгачкы мыйзамдарында эле 6-13 жаштагы бардык балдарга акысыз билим берүү жөнүндө жарыяланган. Негизинен 5-6 жаштагы балдар үчүн бала бакчалар акысыз. Билим берүү системасында мамлекеттик, мамлекеттик-диний жана диний мектептер бар жана балдардын 80%и мектепке чейинки мекемелерге барат (2004). Мамлекеттик-диний мектептерде иудаизмди окутууга жана жөөт салттарын сактоого айрыкча көңүл бурулат. Мамлекеттик мектептерде кыздар жана балдар чогуу билим алса, диний мектептерде бөлөк окушат. Арап тарыхын жана маданиятын окутууга көп көңүл бурулган. Асрайылда эл аралык кадыр-барктуу жогорку окуу жайлар бар. Мисалы, Кудус Еврей университети (1925-ж. негизделген), Технион технологиялык институту (1924), Тель-Авив университети (1956-ж. 3 институттун базасында уюштурулган). Вейцман атындагы химия, математика, физика жана табигый илимдер илимий изилдөө борбору Реховото шаарында 1949-ж. негизделген. 2006-ж. 20 ЖОЖдо 75 миң студент окуган. Асрайылда 500дөн ашык китепкана бар. Асрайылда 150гө жакын музей бар, эң ириси Кудустагы Асрайыл музейи (1965-ж. негизделген), белгилүүлөрү: Тель-Авив көркөм сүрөт музейи (1932), Хайф антикалык искусство музейи (1949) ж. б. жөөт(Иврит) тилиндеги алгачкы мезгилдүү басылмалар 1863-ж. Кудуста чыккан, 1869жылдан Кудуста басма сөз үзгүлтүксүз чыгып турган. 2006-ж. Асрайылда 40ка жакын күнүгө жана 1000ден ашык апта жана ай сайын чыгуучу гезит-журналдар болгон. «Гаарец» (иврит, англис тилдеринде, 75-95 миң нуска), «Едиот ахронот» (1939-жылдан иврит, англис тилдеринде, 300-750 миң нуска), «Джерузалем пост» (англис тилинде, 25-90 миң нуска) ж. б. Радио уктуруусу 1936-жылдан, телекөрсөтүү 1965-жылдан иштейт. Бир нече мамлекеттик жана коммерциялык телекөрсөтүү жана радиоканалдар иштейт. Асрайыл Интернет-байланыш кызматы боюнча дүйнөдө 7-орунда турат. Алгачкы иммигрант жөөттөр өздөрү жашаган өлкөлөрдүн маданиятынын элементтерин ала келген. Ошондуктан Асрайылда Борбордук жана Чыгыш Европанын маданий салттары, кийинчерээк батыш жана америкалык маданияттын таасири байкалат. Асрайыл адабияты негизинен иврит тилинде өнүгүүдө. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү Нобель сыйлыгынын лауреаты Ш. Агнон (1888-1970), А. Бараша (1889-1957) жана акындар А. Шлёнский (1900-73), Л. Гольдберг (1911-70) ж. б. 1980-жылдарда айрыкча A. Б. Иехошуанын «Мырза Мани» (1990) романы, А. Оздун өлкөдөгү ар кыл маданий-этностук топтордун ичиндеги карама-каршылыктарды чагылдырган «Кара ящик» (1987) романы белгилүү болгон. Коомдогу диний маселелер X. Беер, X. Бат-Шахар, X. Эстердин чыгармаларында, арап кыштагынын турмушу иврит тилинде арап христиан акыны А. Шаммастын «Арабески» романында чагылдырылган. Асрайылда араб (Э. Хабиби), идиш (Т. Фейзельбаум, B. Чернин) жана орус тилиндериндеги ( И. Губерман, Д. Рубина, А. Горенко ж. б.) адабият өнүгүүдө.
 
==Архитектура жана искусство эстеликтери==
Өлкөнүн аймагында ар кыл мезгилдерге таандык архитектура жана искусство эстеликтери сакталып калган. Алсак, Галилеядагы жертөлөлөр (б. з. ч. 10-8-миң жылдыктар), эрте неолит доорунун таш курулуштары, Бейсандагы энеолиттик шаар калдыктары, Асрайыл жана Иудей падышалыктарынын мезгилине, Ашкелон, Бейсан, Иерусалим, Кесариядагы Рим дооруна мүнөздүү эстеликтер (б. з. ч. 1-к. б. з. ч. 4-к.). Ошондой эле, байыркы синагог алардын калдыктары, эрте христиан жана византия мезгилине таандык Вифлеемдеги Рождество храмы, Кудустагы Кудайдын табыты храмы ошондой эле, Бет-Альфа, Табгадагы эстеликтер белгилүү. Араптар басып алган мезгилге таандык Хирбет аль-Мафджар ак сарайы (8-к.), кресттүүлөр доорундагы (11-13-к.) эстеликтер ж. б. сакталып калган. 19-кылымдын аяк ченинде эммиграциянын күчөшү менен Европа жана Америка өлкөлөрүнүн таасири архитектура, маданият жаатында таасын байкалат. Тель-Авив шаары (1909-ж. негизделген) шотландиялык арх. П. Геддестин планы менен курулган. 20-кылымдагы христиан храмдары италиялык архитектор А. Барлуцци (Фавор тоосундагы Преображения храмы), германиялык Ж. Муцио (Назареттеги чиркөө) ж. б. архитекторлор тарабынан тургузулган. 20-кылымдын 2-жарымында Тель-Авивде Ф. Манндын Концерттик залы (3. жана Я. Рехтер, Д. Карми, М. Зархи), «Бейлинсон госпиталы (А. Шарон, Б. Идельсон), 36 кабаттуу «Шалом» соода имараты (И. Яшар, Эйтан) ж. б. курулган.
 
==Кино искусствосу==
1950-ж. комп. мектеби жана аткаруу чеберчилиги өнүгө баштаган. 1948-ж. Асрайыл филармониясы ачылып, ага караштуу камералык «Рамат-Ган» оркестри, Хайфа симфониялык оркестри, улуттук опера театры, 1950-ж. «Инбал» муз. театры уюштурулат. 1958-жылдан Тель-Авивде Асрайыл улуттук театры иштейт. Асрайылдын биринчи толук метраждуу көркөм фильми («Убактылуу элдешүү», реж. А. Амар) 1950-ж. тартылган. Тел-Авивде эки, Кудуста бир киностудия иштейт.
 
[[Категория:География]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
 
[[Категория:ГеографияАзия‎]]
[[Категория:Дүйнө өлкөлөрү‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Израиль" булагынан алынды