Ла-Пас: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Chaoborus moved page Ла-Пас шаары to Ла-Пас
+ La Paz Photomontage V1.jpg
1-сап:
[[Файл:La Paz Photomontage V1.jpg|thumb|Ла-Пас.]]
'''Ла-Пас шаары''' – [[Боливия|Боливиядагы ]] шаар. Өлкөнүн расмий борбору жана [[Ла-Пас департамент|Ла-Пас департаментинин]] административдик борбору. Андыда, Кордильера-Реаль кырка тоосунун этегинде, Ла-Пас дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Калкы 896,8 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Шаар аркылуу Панамерика шоссеси өтөт. Испандар тарабынан 1548-ж. негизделген. Собор (1830), Сан-Агустин (1668), Санто-Доминго (1726), Сан-Франциско (3 нефтүү базиликасы менен; коңгуроолуу, 1885) жана башка чиркөөлөр сакталган. Боливиянын ири экономикалык чордону. Кайра иштеп чыгаруучу өнөр жай ишканасынын продукциясынын 2/3 бөлүгү чыгарылат. Текстиль, тамак-аш, булгаары-бут кийим, цемент жана башка өнөр жай ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк (күмүш, алтын, карапа буюмдар жасалат) өнүккөн. Университеттер, ИА, китепканалар, музейлер (анын ичинде улуттук археологиялык, «Тиауанако» улуттук көркөм), театр жана башка бар. Шаарга жакын жерде дүйнөдөгү эң бийик Чакалтая тоо лыжа базасы (деңиз деңгээлинен 5400 м) жайгашкан жана шаардан 72 км батышта байыркы Тиауанако шаарынын калдыктары (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген) бар.
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
 
[[Категория:ГеографияШаарлар‎]]
[[Категория:Боливия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ла-Пас" булагынан алынды