Эчки-Башы: нускалардын айырмасы

Нарын районундагы айыл
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with 'Эчки-Башы кыштагы - Кыргызстандын Нарын облусундагы Нарын районуна караштуу кыштактык аты. Бул ...'
(Айырма жок)

9 февраль 2010, саат 16:54 учурдагы нуска

Эчки-Башы кыштагы - Кыргызстандын Нарын облусундагы Нарын районуна караштуу кыштактык аты.

Бул кыштак Он-Арча айыл өкмөзтүнө карайт, ошондуктан Он-Арча кыштагы деп да коюшат.

Советтер Биримдигин тушунда кыштак "Коммунизм" колхозунун борбору болгон.

Кыштакта орто мектеп, эки кабат клуб бар.

Кыштактагы алгачкы мектепти Сулайман Молдо ХХ кылымдын башында кургандыгы айтылат. Ал айылдыктарды арап жазмасындагы кат жазууга үйрөтүп, топурактан мектеп тургузган.

Совет доорундагы мектепти курууга чоң эмгек сиңирген башка бир айыл аксакалы - Жусуп Иманаалы уулу (Иманалиев) болгон.

1919-жылдан тартып мугалим болгон Жусуп Иманалиев учурунда Нарын, Ысык-Көл облустарында отузга жакын айылдык мектептин ачылышына салым кошкон. Сталиндик куугунтук учурунда абакта да жаткан. Доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов менен репрессия учурунда бир камерада жаткан дешет. Кийин акталган. 1947-жылы Кыргызстанга эмгек сиңирген мугалим деген ардак наамга арзыган. Пост-советтик доордо Эчки-Башы айылындагы мектепке Жусуп Иманаалы уулунун ысымы ыйгарылды.

Бул тоо койнундагы айылдан манасчы Дуңкана Кочуке уулу, акын айым Жумакан Тынымсейитова, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов, кыргыздын чыгаан диктору Капар Алиев, архитектор Вера Алиева туулуп өскөн.


Ушул айылдан чыккан башка таанымал инсандардын арасында Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер композитор Сайыргазы Түркмөнов менен Султан Мамбетбаев, тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Какен Мамбеталиева, тилчи окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты, Анкара университетинин окутуучусу Гүлзуура Жумакунова, Социалисттик Эмгек Баатыры Мукамбет Кожоканов, учурунда Кыргызстандын мамлекеттик жана ички иштер тармагында иштеп, генерал даражасына жеткен, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы "Алтын" комиссиясынын мүчөсү Бейше Молдогазиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, маркум Мукаш Абдыраев, белгилүү журналист Сулайман Мамбеталиев, КДКнын Нарын облустук уюмунун жетекчиси (1990-1993) Жумамүдүн Кадырмамбетов, журналист жана ишкер Кубанычбек Чороев, ар кыл жооптуу кызматтарда иштеген Эрмек Кудайбергенов, Токон Жусаев, Курманбек Нурмухамбетов жана башкалар бар.

Айылды жетектегендердин арасында мурдагы башкармалар Жусай, Күмүш Суран кызы жана башкалар болду.

Айылда таалим берген чыгаан педагог агартуучулардын арасында Өмүр Абдыкадыров, Самүдүн Шайкыев, Кулум Нурмухамбетов, Кочкорбай Жумаев, Күлүйпа Жамантаева, Исмаил Оморов, Мукаш Акунов, Шакен Мамбеталиева, Батый эже, Жумакан эже, Батыйна эже, ошондой эле кийинки педагог муундун ар кыл өкүлдөрү бар.

Орто мектептин жанында тээ 1975-жылы эле 1941-1945-жылкы Улуу Ата мекендик согуштун каармандарына арналган чоң эстелик тургузулган. Айылдан чыккан жүздөн ашуун жигиттер бул улуу согушка катышып, далайы кайтпай калган.

1920-30-жылдардагы сталиндик репрессия да нечендеген айыл азаматтарынын өмүрүн кыйган.

1990-жылдары айылга жаңы жамы мечит да курулган. Ага чейин Көлбай Молдонун мечити болгон.

Айылдагы эң эски күмбөздөрдүн арасында дөбөдөгү Чоро ажынын күмбөзү өзгөчө тарыхка ээ. Бул күмбөз 1920-жылдары тургузулган.

Айыл калкы дыйканчылык жана мал чарбасы менен кесиптенет.

Эчки-башылык малчылар адатта Солтон-Сары, Терс-Суу сыяктуу жайлоолорго чыгышат.

Кыштакты айлантып курулган Он-Арча каналы көбүнесе коңшу "Эмгекчил" жана Миң-Булак айылдарынын талааларын сугарат.